Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Май
2020

Новости за 06.05.2020

Бишкектеги балдар ооруканасынан 7 кишиден коронавирус табылган

Azattyk.org 

Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады. Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтаптан коронавирус аныкталган. Ал дарыланып чыгып Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна баргандан кийин вирус жугузганы белгилүү болгон. Бул маалыматтан кийин ооруканадагы бардык бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР тест менен 7 адамда коронавирус бар экени аныкталган. Алар - 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер. Читать дальше...

AI Азимжан Аскаров боюнча акция уюштурууда

Azattyk.org 

Эл аралык «Amnesty International» укук коргоо уюму Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча акция уюштурууда. Уюм укук коргоочуну бошотууша байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын Америкадагы элчиси Болот Отунбаевага кат жазууга чакырууда. Уюмдун сайтында каттын даяр үлгүсү жайгаштырылган. Акция 3-июнга чейин улантылат. «Азимжан Аскаров укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн жалган жалаа менеy 10 жылдан бери түрмөдө отурат. Ал май айында 69 жашка чыгат жана жүрөк оорусу менен жабыркайт.

Депутат Бишкектеги балдар ооруканасынын дарыгерлери коронавируска чалдыкканын айтып чыкты

Azattyk.org 

Парламенттин депутаты Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына Бишкектин Жал кичирайонундагы Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун дарыгерлеринен коронавирус илдети аныкталганын жазып чыкты. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты тастыктай элек. 24.kg агенттигине министрликтин басма сөз кызматы депутаттын маалыматы боюнча 7-май күнү эртең мененки онлайн-брифингде комментарий берилерин билдирген. (TSh)

Кыргызстанда согуштун ардагерлерине орус президентинин атынан медаль тапшырылат

Azattyk.org 

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жеңиштин 75 жылдыгына арналган Кыргызстан менен Орусиянын мааракелик медалдары менен сыйланат. Бул тууралуу президенттин сайты жазды. 6-майдан баштап Кыргызстанда президенттин атынан согуштун катышуучуларын, майыптарын жана Ленинград блокадачылары менен концлагерь туткундарын, ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды. Аны менен катар ушундай... Читать дальше...

Орус миллиардери Дмитрий Босов өз өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Орусиядагы 100 байдын бири деп эсептелген Дмитрий Босов өз өмүрүнө кол салганы кабарланууда. Ишкер шаршембиге караган түнү каза болгонун РБК агенттиги жазды. Кабарды Босов менен тааныш адам ТАСС агенттигине да ырастаган.  Ал эми Тергөө комитетинин өкүлү Москванын жанындагы Усово айылында башына ок тийген адамдын сөөгү табылганын, жанында тапанчасы болгонун «Интерфакс» агенттигине билдирген. 52 жаштагы Дмитрий Босов көмүр, газ жана кыймылсыз мүлк менен иш алып барган АЛЛТЕК тобунун ири акционери жана директорлор кеңешинин башчысы болчу. Читать дальше...

Украина Орусиянын тыңчысын кармаганын билдирди

Azattyk.org 

Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) 6-майда «заманбап ракета системасы» тууралуу маалымат чогултуп жүргөн адам кармалганын билдирди. СБУ Луганск аймагында туулган шектүү Орусиянын атайын кызматынын тапшырмасынын негизинде украин аскер адамдары менен байланыш түзүп, сырдуу маалыматты сатып алууга аракет кылганын белгилейт. Бул үчүн шектүү сый акы сунуш кылып, аны аскер адамдары украин атайын кызматына кабарлаган. Азырынча бул дооматка Москва жооп бере элек. Киев буга чейин да орус бийлигинин тапшырмасы менен келген деп... Читать дальше...

Өкмөт экономиканы колдош үчүн 40 млрд. сомдун каржы булагын тапканын билдирди

Azattyk.org 

Өкмөт экономиканы жана ишкерликти колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи баскычын иштеп чыкканын маалымдады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал программа ишкерлерге жеңилдетилген насыя жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чаралар, салыктар менен социалдык төлөмдөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев каржылоонун булагы табылганын билдирди. «Биз каржылоо булактарын таптык. Читать дальше...

Президенттик аппараттын жана өкмөттүн чыгымдары 10 млрд. сомго азаят

Azattyk.org 

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом жактырылды. Бул тууралуу өкмөттүн онлайн-конференция жыйынында белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус пандемиясы өлкөнүн экономикасына тийгизген кесепетинен улам бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылганын билдирди. Читать дальше...



Медкызматкерлерге кенемте төлөш үчүн казынадан 50 млн. сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда «COVID-19» вирусун жугузуп алган жана анын кесепетинен каза болгон медицина өкүлдөрүнө жана башка кызматкерлерге бир жолку акчалай компенсация төлөш үчүн бюджеттен 50 млн. сом каражат бөлүнөт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөө жүргүзүү... Читать дальше...

Жалал-Абад: сел мээнетти жууп кетти

Azattyk.org 

Ноокен районунда 5-майдын кечинде болгон сел ташкыны эгин аянтары менен бирге үйлөрдүн короолоруна каптап, 50дөн ашык майда жандыктарды агызып кетти. Мындан сырткары райондун үч айыл аймагында жааган мөндүр 30 гектардай эгинди жарактан чыгарды. Келтирилген чыгымдарды жергиликтүү бийлик тактап жатат. Жабыркагандар өкмөттөн жардам сурашууда.

Балтика өлкөлөрү өз ара саякат үчүн чек арасын ачат

Azattyk.org 

Латвиянын, Литванын жана Эстониянын премьер-министрлери 15-майдан тартып өз ара чек араларын ачып, саякатчылары үчүн каттамды жандандырууну макулдашты. Бул пандемияга байланыштуу көпчүлүк мүчөлөрү чек араларын жаап алган Евробиримдиктеги алгачкы биргелешкен саякат аймагы болмокчу. «Балтика боюндагы бардык үч өлкө коронавирустун таралышын жетиштүү ооздуктай алганына ынандык. Биз бири-бирибиздин саламаттык сактоо системабызга ишенебиз», деп Литванын өкмөт башчысы Саулюс Сквернялис 6-майда «Фейсбукка» жазды. Читать дальше...

Германия Кыргызстандагы бир катар техникалык жана каржылык программаларын токтотот

Azattyk.org 

Буга байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги түшүндүрмө таратты. Андагы маалыматка ылайык, узак реформалардан кийин Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлиги (BMZ) дүйнөдө күчөп жаткан глобалдык маселелерди мындан натыйжалуу чечиш үчүн келечекте даректүү иш алып барууга өтөт. Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министри Герд Мюллер «BMZ 2030» аттуу реформаны жарыялады. Анда кызматташтык, процесстер жаңыртылып, өнөктөш өлкөлөр азайтылат. ... Читать дальше...

Tүркияда 600дөн ашык кыргызстандык мигрант кетиш үчүн тизмеде турат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук маалымат таратты. Анда Түркиядан Кыргызстанга кетиш үчүн атайын чартердик каттамды күткөн 629 кыргызстандык жаран тизмеде турганы жазылган. Тизмедегилердин дээрлик көпчүлүгү - Стамбул, Анкара жана Анталия шаарында жашап иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюшулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайтышкан. Читать дальше...

АКШ Борбор Азияга 6,8 млн. долларлык кошумча жардам берет

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу Кошмо Штаттар Борбор Азияга алдыдагы эки жылда 6,8 миллион долларлык жардам берет. Бул каражат АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча борборлорунан (CDC) бөлүнөт. CDСнин аймактык директору Даниел Сингер: «Жардам жабдык сатып алууга, окутууга, ооруну аңдап түшүнүү боюнча кызматташтыкты жолго коюуга жана пандемияны жеңгиче аймактагы саламаттык сактоо министрликтери өз жарандарын коргоого чара көрө алышы үчүн бөлүнөт», - деп билдирди 6-майдагы брифингде. Читать дальше...

Жарандык бирикме уруксат кагазын берүүнүн жабыктыгы коррупцияга түртөрүн билдирди

Azattyk.org 

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси өзгөчө абал убагында өткөрмө кагаздарын берүү ачык болбогонун жана бул жагдай коррупцияга жол ачканын билдирди. Бирикме өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда уруксат кагаздарын берүүгө жана күч органдарынын аракеттерине карата жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына таянып ушундай тыянак чыгарган.  Мониторингде Интернетти колдонуучулардан, уруксат алуунун кыйынчылыгына туш болгондордон сурамжылоо жүргүзүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарлар изилденген. Читать дальше...

Атамбаевдин соту дагы жылды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адамдын үстүнөн соттук жараян 11-майга жылдырылды.

Сел өкмөткө жаңы түйшүк жаратты

Azattyk.org 

Баткен облусунда болгон сел 55 млн. 276 миң сом чыгым алып келди. Ал эми Жалал-Абад облусунда жаратылыш кырсыгынын кесепети эсептелип бүтө элек.

Стамбул-Бишкек каттамы качан жанданаары белгисиз

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-майда карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданып жатканын билдирген. Бул чечимге ылайык июнь айынан баштап Түркия 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачары белгилүү болду. Ага ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Европанын айрым шаарлары жана Алматы, Тбилиси, Минск менен каттамдарын жандандырат. Стамбул-Бишкек учак каттамы бул тизмеде жок. Расмий Анкара ошондой эле июль айында 74, август айында 98 өлкө менен аба каттамдарын ачууну пландаштырып жатканын маалымдады. Читать дальше...

Ошто жер силкинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын түштүгүндө жер силкингени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирегенин ырастап, баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жапа чеккендер жок экендигин кабарлады. Учурда анын күчү аныкталып жатат. Ал эми Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору жарыялаган маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:51 чамасында күчү 5 баллды түзгөн жер титирөө катталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, жер титирөө Кыргызстан менен Кытайдын чектеш аймагында... Читать дальше...

Кара деңиздеги таасир талаш

Azattyk.org 

2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин Украина аскер деңиз флотун талатып ийген. Моряктардын көбү кызматын таштап же каршы тарапка өтө качышкан. Эми өнөктөштөрүнүн көмөгү менен Украина деңизде жоготкон кубатын кайра калыбына келтирүүнүн аракетинде. Бул тасмада Украинага берген антын бузбай, Крымдан кетүүгө мажбур болгон каармандардын тагдыры баяндалат.

Кыргыз-тажик чек арасында көзөмөл күчөтүлдү (видео)

Azattyk.org 

Тажикстанда коронавирус илдетинин жайылышынан улам чек араны кайтаруу күчөтүлгөнүн вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Вице-премьер өз сөзүндө аймакка барып келгенин, Тажикстандагы кырдаалдан улам кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгиледи: «Өткөн аптада чек арадагы аймактарды кыдырып келдим. Тажикстанда коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүп, чек арачыларды көбөйттүк». Читать дальше...

Түркия быйыл мигранттарга иш бериши арсар

Azattyk.org 

Жыл сайын Түркиянын мейманканаларына иштегени кеткен жүздөгөн кыргызстандык мигрант учурда аба каттамдарынын жана Түркиядагы туристтик сезондун ачылышын күтүп жаткан учуру. Алардын дээрлик көпчүлүгү иш менен орноштуруу агенттиктери аркылуу кетишет.

Экономиканы эртең эмне күтүп турат?

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясы дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда экономикага таасирин тийгизип жатат. Учурда өкмөт, парламент жана бир катар саясатчылар өз сунуштарын жолдошууда. Анын алкагында чыгымдарды кыскартуу, экономикалык саясатты өзгөртүү сыяктуу сунуштар камтылууда. Кризистен соң кандай чаралар кабыл алынышы керек? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Улуттук Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаев жана изилдөөчү, саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркул катышты.

Кыргызстанда «Онлайн университет» платформасы иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Онлайн университет» аттуу платформа өз ишин баштады. Анын алгачкы вебинары «Онлайн сынакты кантип уюштуруш керек?» деген темада өтөрүн «Азаттыкка» платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Элира Турдубаева билдирди. Вебинарга эл аралык билим берүү тармагында иштеп жаткан адистер жана окутуучулар катышып, онлайн сынактын түрлөрү, аны өткөрүү эрежелери тууралуу кенен маалымат беришет. Турдубаева: «Дүйнөдөгү пандемия шартында Кыргызстандын бардык билим берүү мекемелеринде сынактар, дипломдук... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *