Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 04.06.2020

Баткен облустук милициясы: Чечмедеги жаңжалда кыргызстандыктар курал колдонгон эмес

Azattyk.org 

Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы булак талаштан чыккан жаңжалда кыргызстандыктар тарабынан бир да курал колдонулган эмес. Өзбекстандын Сох районунун акимчилиги Чечмедеги жаңжалда 187 жаран түрдүү жаракат менен райондук ооруканага кайрылганын, 15 адам оор абалда тик учак менен борбордук ооруканага жеткирилгенин “Озодлик” радиосуна кабарлаган. Райондук оорукананын... Читать дальше...

Кыргыз мектептери эмнеден артта калды?

Azattyk.org 

Кыргыз мектептери азыркы замандын талаптарына жооп берген билим берип жатабы? Канткенде окуучулар коркпой окуп, эркин ой жүгүртө алышат? Ушул маселелерди Бишкектеги Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомамбетов, Германияда, Жапонияда, Түркияда жашаган адистер менен талкуулайбыз.

Киевде сот Порошенкону тергөөгө күчтөп алып келүүгө макул болду

Azattyk.org 

Киев шаарындагы Печерск райондук соту мурдагы президент Петр Порошенкону Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюрого тергөөгө күчтөп алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Порошенко «43 сүрөт» деген ат менен таанылган кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылган жана келерки тергөө 10-июнга белгиленген. Украинанын экс-президенти 2012-жылы атактуу кыл калемгерлерге таандык 43 сүрөтүн чек арадан жана бажыдан мыйзамсыз алып өткөнүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары тергөөгө чакырылган. Порошенко... Читать дальше...

Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаштардын келишимдерине каршы келет

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев бул тууралуу 4-июнда кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. Асрандиев чек арадагы абал былтыртан бери начарлап кеткенин белгиледи: «Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келатат. 300-400 машине көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын... Читать дальше...

Тажикстан: COVID-19 психиатриялык борборго жетти

Azattyk.org 

АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу дагы үч полициячыга айып тагылды. Орусиянын Норильск аймагында комбинаттагы авариядан кийин ири көлөмдөгү кара май дарыяны каптады. Тажикстандын Согди облусундагы психиатриялык ооруканада 50дөй бейтап коронавирусту жугузуп алганы кабарланды.



Нарындагы сел үйлөрдү жарактан чыгарды

Azattyk.org 

3-июнда Нарын шаарында сел жүрүп, 70ге чукул үйдү каптады. Айрым үйлөр жарактан чыкты. Учурда бул жаратылыш кесепети алып келген чыгымды тактоо үчүн тиешелүү мекемелерден куралган үч комиссия түзүлдү.

Жогорку сот: секелекти зордуктоого шектүү үй камагына алынган

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку соту парламент депутаты Айсулуу Мамашеванын секелекти зордуктаган адамдын сотто акталышы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Маалыматка караганда, бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында.  Окуя боюнча иликтөө аяктагандан кийин иш сотко өткөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.  Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун... Читать дальше...

Чек арадагы айдоочулар: кезек күткөндөн тажадык

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезекте турган автоунаалардын саны 300дөн ашты. Айдоочулар чек арадагы көйгөйдүн чечилишин талап кылууда. Алардын ичинде бир нече суткалап кезек күткөндөр бар. Кыргыз тарап кезектин келип чыгышына Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсү себеп болуп жатат.

Саляновдун өлүмү: Судья соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салды

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Уландын өлүмү боюнча соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун тууганы Чынара Турдалиева билдирди. Анын айтымында, 4-июндагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда териштирилип жаткан ишти судья Марат Сыдыков кароодо. Турдалиева видеого тыюу салынышын атайын көрүлгөн аракет деп баалады: «Буга чейин видеого жакшынакай эле уруксат берилип жаткан. Демек... Читать дальше...

Парламент Канттагы аба базасы тууралуу келишимди караган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 4-июндагы сессиясында караган жок. Документ күн тартибинен алынды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин катчылыгы маселе техникалык себептерге байланыштуу жалпы сессияга чыгарылбаганын билдирди. Маалыматка караганда, комитеттин келерки аптадагы жыйынында күн тартибине кайра киргизилиши мүмкүн.  Мыйзам... Читать дальше...

Акыйкатчы: Блогер Сыдымановдун иши көзөмөлдө

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов блогер Элмирбек Сыдымановдун ишин жеке  көзөмөлүндө кармап турат. Бул тууралуу 4-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматта блогер камакка алынары менен акыйкатчы бул ишти өз көзөмөлүнө алганы, анын адвокаты жана апасы менен жолугушуулар болгону, сот ишине да мониторинг жүргүзүлөрү айтылды: «Акыйкатчынын өкүлү Сыдымановдун процессуалдык укуктары бузулбашы үчүн сот отурумуна мониторинг жүргүзөт». Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал... Читать дальше...

Обама соңку окуяларды расизмден кутулуу мүмкүнчүлүгү катары баалады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мурдагы президент Барак Обама ынды кара жаран Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары тууралуу пикирин билдирди. Ал азыркы окуяларды АКШдагы эң терең өзгөрүүлөрдүн башаты катары мүнөздөдү жана айрыкча жаштарды бул учурду колдон чыгарбоого чакырды:  «Өтө көп учурда зордук-зомбулукту силерге кызмат кыла турган, коргой турган адамдар кылат. Силер, силердин жашооңор, кыялыңар өтө маанилүү». Ал арада Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан мурдагы полиция кызматкери... Читать дальше...

Сыдыман: Алты жылга соттолгудай кылмыш кылган эмесмин

Azattyk.org 

Прокуратура блогер Элмир Сыдымановду сот залынан камакка алып, алты жылга эркинен ажыратууну соттон суранып жатат. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу нааразычылык жараткан. Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган. Читать дальше...

УКМК саясий буюртманы аткарып жатабы?

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы күндөрү укук коргоочуларга, активисттерге иш козгоп, суракка алышы, тергөө маалында журналисттерге байланыштуу тастыкталбаган маалыматтарды жарыялап жибергени көп талкууну жаратууда.

Боронов: Өзбекстан чек ара боюнча үч маселе койду

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы чатактан кийинки эки тараптуу жолугушууда Өзбекстан күн тартибине үч маселени койду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында маалымат берип жатып билдирди: «Жолугушууда Өзбекстан тараптан бизге үч маселе коюлду. Биринчиси - Риштан районундагы «Кайтпас» постун ачып берүү боюнча. Экинчиси - жайыт, үчүнчүсү - Токтогул суу сактагычынан же Сырдарыядан сугат мезгилинде суу алуу боюнча маселе айтылды. «Кайтпас» посту боюнча өз позициябызды билдирдик. Читать дальше...

Президент келерде жол жамалып, терек буталды

Azattyk.org 

Соңку бир ай ичинде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына үч иш сапар менен барды. Өлкө башчы келерин алдын-ала билген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызуу даярдык көрүштү. Жээнбеков өтө турган жолдор жамалып, жада калса тал-теректер да буталган. Жергиликтүү тургундар президент элдин чыныгы жашоосун көрбөй кеткенин айтып жатышат.

Кытайда бала бакчадагы кол салууда ондогон бала бычак жеди

Azattyk.org 

Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда бала бакчалардын биринде бычакчан адамдын кол салуусунан кеминде 40тай адам жарадар болду.  Мамлекеттик маалымат каражаттары окуя Ванву кыштагында болгонун, жарадарлардын көбү алты жашка чыга элек балдар экенин жазышты. Ага ылайык, кылмышка барган адам ошол бала бакчанын 50 жаштагы кароолчусу болгон жана таң эрте күтүүсүз кол салган. Бир баланын, бакчанын директору менен дагы бир кароолчунун абалы оор экени айтылды. Кол салган киши камакка... Читать дальше...

5-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын... Читать дальше...

Кыргызстан: Аэропорттор эл аралык авиакаттамдар үчүн 15-июндан тартып даяр болот

Azattyk.org 

Кыргызстандын аэропорттору эл аралык авиакаттамдар үчүн 15-июндан тартып даяр болот. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб ушундай чечим кабыл алганын 4-июнда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди. Акышев адегенде ар бир компанияга жумасына бир каттам уюштурууга уруксат берилерин, кийин алар бара-бара рейстерди көбөйтсө болорун айткан.  Бирок көп өтпөй Транспорт жана байланыш министрлиги каттамдар тууралуу маалымат тактала электигин кабарлады. Коронавирус... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр 20-июнга белгиленди

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки мамлекеттин өкмөттүк комиссияларынын кийинки жолугушуусу 20-июнга белгиленди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин 4-июндагы сессиясында кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак тууралуу маалымат берип жатып билдирди: «Париттеттик негизде бул жолку отурум Өзбекстанда болот. Ага макулдугун беришти. Алар даярдык көрүшөт. Биздин комиссия даяр турат».  Боронов парламентте хронологиялык негизде гана маалымат берип, калганын жабык талкуулоону сунуш кылган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *