Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 11.06.2020

Момун Кыргызстан

Azattyk.org 

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин бул ой толгоосунун соңунда камтылган жана 1998-жылы жарык көргөн ырындагы "Биз аларга шайлаар кезде керекпиз" деген саптар мекендештерди быйылкы олуттуу шайлоо жылы жана жалпы эле өткөөл мезгилде жарандык жоопкерчиликке жана жигердүүлүккө чакырып турат.

Уралиев: Мага кол салган киши жансакчы экен

Azattyk.org 

Бишкекте Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылды. Милиция "майда ээнбаштык" деген берене боюнча сотко чейинки териштирүү баштады.

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты.

Azattyk.org 

Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты. Ооругандардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда катталууда. Инфекцияга кабылгандардын саны өсүп жатканына карабастан Орусия 1-июлда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө даярданып жатат. Орусиялыктар өзгөртүүлөрдү колдоп берсе, президент Владимир Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылат. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 11-июнга карата дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 7,4 миллионго жетти. Читать дальше...

Июнь коогасы чет элдиктердин көзү менен

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында 470тей адамдын өмүрүн алган июнь окуясына 10 жыл толду. Кыргызстан кандуу коогадан кандай сабак алды? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө чет өлкөлүк адистердин пикирине орун беребиз.

Трамп Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине санкция салды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы ыктымал аскердик кылмыштарга америкалык жоокерлердин тиешесин иликтеп жаткан Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине экономикалык санкцияларды караган буйрукка кол койду. Буйрукка кол коюлгандан кийин мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтон «кенгуру сотунун» америкалыктарды коркутуусуна жол бербестигин айтты. Ал эми башкы прокурор Билл Барр «Орусия сыяктуу чет элдик державалар» өз кызыкчылыктарын көздөп, Гаагадагы соттун үстүнөн манипуляция жасап жатканын билдирди. Читать дальше...

Норвегияда мечитте ок аткан Мансхаус 21 жылга кесилди

Azattyk.org 

2019-жылдын август айында Норвегиянын баш калаасы Ослонун четиндеги “Аль-Нур” мечитине кирип барып, ичиндегилерге ок жаадырган Николас Мансхаус 21 жылга эркинен ажыратылды. Мечиттин ичинде үч эле адам болгон, алардын бирөө Мансхаустун колунан куралды тартып алууга аракет жасаган маалда ок тийип, жараат алган. Судья Анника Линдстрем сотто белгилегендей, Мансхаус «көбүрөөк мусулмандарды өлтүрүүнү” көздөгөнүн моюнуна алган. Мечитке барар алдында 22 жаштагы Мансхаус өзүнүн уялаш карындашын өлтүрүп салган. Читать дальше...



Украиналык ырчы Вакарчук депутаттык мандаттан баш тартты

Azattyk.org 

Украиналык рок ырчы, депутат Святослав Вакарчук парламенттеги мандатынан баш тарта турганын, бирок саясатта кала берерин билдирди. 45 жаштагы Вакарчук Жогорку Радага былтыр июлда өткөн шайлоодон кийин, өзү негиздеген «Голос» партиясы менен келген. Ал 11-июнда өткөргөн маалымат жыйында «укмуштуудай фракцияны» парламентке алып келүү менен миссиясы жарым-жартылай аткарылгандыктан депутаттыктан баш тартууну чечкенин билдирди. Үч ай мурда ал өз партиясынын жетекчилигинен кеткен. Вакарчук мындай кадамга биринчи ирет барып жаткан жери жок. Читать дальше...

Түркияга чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөр обсервацияга жаткырылбайт

Azattyk.org 

10-июндан тарта Түркияга аба каттамдары аркылуу келген жүргүнчүлөр 14 күндүк обсервацияга жаткырылбайт. Бул тууралуу "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. 10-июндан тарта Түркиядан 40 өлкөгө аба каттамдары ачыларын Транспорт министри Адил Караисмаилоглу мурда маалымдаган. Ал эми Стамбулдан Кыргызстан, Албания, Дания, Норвегия жана башка өлкөлөргө рейстер 22-июнда ачылат. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам Түркияга атайын рейстер менен 59 өлкөдөн 75 миңге жакын жаран кайткан. Алар 14 күндүк обсервацияга жатууга милдеттүү болгон. Читать дальше...

Милиция: Түптө тестиер кыздар сексуалдык ыдык көргөнүн экспертиза бышыктаган жок

Azattyk.org 

Түп районун Түп айылында жашаган тестиер кыздарга өгөй атасы сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралуу маалыматты териштирүү иши аяктап, кылмыш иши кыскартылды. Буга экспертизанын корутундусу негиз болду. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Усубакуновдун айтымында, сексуалдык зомбулук тууралуу кыздар өздөрү ойлоп табышкан: «Түптүн тургуну, кыздардын өгөй атасы аларды сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөттү деген жашы жете элек кыздар боюнча экспертизанын корутундусу чыгып, кылмыш иши кыскарды. Читать дальше...

Kaktus.media басылмасынын кабарчысы кол салууга кабылганын айтып, милицияга кайрылды

Azattyk.org 

Бишкекте Kaktus.media интернет-басылмасынын кабарчысы көчөдөн белгисиз бирөөнүн кол салуусуна кабылганын айтып, милицияга кайрылды. Окуя тууралуу “Азаттык” радиосуна журналист Марат Уралиев өзү айтып берди: “Милицияны “102” номуру аркылуу ошол жерге чакырттым. “Белгисиз бирөө кол салды, колумду толгоду, муунтту, видеого тартууга тыюу салып, көчөдөн көчөгө кубалады” деп арыз жаздым. Кабарчы катары жеке коопсуздугубузду күчөтүшүбүз керек окшойт. Аткаминерлердин жансакчылары көчөдөн, коомдук жайдан... Читать дальше...

Беткапсыз балдарды кармоо операциясы өттү

Azattyk.org 

Коронавирусту жайылтууну кылмышка теңеген Тажикстанда беткапсыз жүргөн өспүрүмдөрдү көчөдөн кармап кетишти. Алматы шаардык соту активист Асия Тулесованы он суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Түркмөнстанда пневмония дартынан жабыркагандар көбөйгөнү байкалууда.

Мыйзамсыз баюу: тандалма иштеген мыйзам

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиев Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сыртынан соттолду. Бул Кыргызстанда аталган берене боюнча сот чечими чыккан алгачкы иштердин бири.

Ысык-Көл: эл пандемиянын кесепетин сезип турат

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80% солгундай турганын билдирди. Аталган статистиканын кесепетин көлдүктөр сезе баштады. Азыр аймакта эч алуучулар жокко эсе. Коронавирус пандемиясы болбогондо чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кар кетери менен келе баштамак.

АКШ Өзбекстандагы дин тутуу эркиндиги жаатындагы жетишкендиктерди кубаттайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча абал жакшырып баратканын, ал эми Кытай менен Иранда бул жаатта кырдаал начар экенин белгиледи.  Мекеме 10-июнда жарыялаган баяндамада Өзбекстан дин тутуу эркиндигин аёосуз бузган мамлекеттердин тизмесинен чыгарылганы жана ар кандай кемчиликтерге карабастан бул жаатта позитивдүү аракеттер ишке ашып жатканы белгиленген. “2019-жыл ичинде катоодон өтпөгөн диний уюмдардын иш-чараларын полиция текшербегени маалым болду. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Чек арада жашаган элге аңчылык куралга урусат берүү керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 11-июндагы сессиясында "Курал-жарак жөнүндө" мыйзамга өкмөт сунуштаган өзгөртүүлөрдү талкуулап, биринчи окууда добуш берүүгө жиберди. Талкуу учурунда депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандагы чек ара аймактарынын жашоочуларына жеңилдетилген түрдө курал алып жүрүүгө уруксат берүү керек деп эсептеди: "Балким, чек арадагы райондордун жашоочуларына өзүн коргоо үчүн өзүнчө тартип иштеп чыгабыз. Биздин коңшулар тараптан аткылоолор болуп жатат. Биздин эл таш менен гана коргонууда. Биз муну 2001-2002-жылдарда эле көтөргөнбүз. Читать дальше...

Казакстан: Арыс окуясы боюнча 16 кишинин соту башталды

Azattyk.org 

Казакстандын Арыс шаарындагы аскердик кампада болгон жарылуу боюнча сот башталды. 2019-жылдын июнь айында болгон окуя боюнча 16 кишиге кылмыш иши ачылган. Арасында Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлдөрү, Арыстагы аскердик бөлүктүн кызматкерлери бар. Аларга “Шалаакылык” жана “Айланадагыларга коркунуч жараткан курал-жарак жана башка буюмдар менен колдонуу эрежелерин бузуу” беренелери боюнча айып тагылган. Ок-дары сакталган кампада чыккан өрттөн төрт киши курман болуп, бир жарым миңдей киши жабыркаган. Читать дальше...

Муфтият: Битир-садагадан 9,5 миллион сом түштү, 300 адамга жардам берилет

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл Орозо айында элден чогулган битир-садаганын жалпы суммасы 9,5 миллион сом болду. 11-июнда муфтият чогулган акчадан муктаждарга жардам тарата баштады. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” билдиргендей, жардам тапшыруу иш-чарасына муфтийдин орун басары Замир Ракиев катышты. Ал өз сөзүндө быйыл коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан улам битир-садага аз топтолгонун белгилеп, жардам атайын комиссия түзгөн тизменин негизинде таратыларын айтты. Атабаев билдиргендей... Читать дальше...

Орусиянын Канттагы авиабазасы тууралуу протокол биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 11-июндагы сессиясында Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карады. Жыйында баяндама жасаган Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алып берүүнү депутаттардан суранды. Анын айтымында, инвентаризация иштери Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгенин көрсөттү. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин... Читать дальше...

12-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

12-июнда Кыргызстанда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектериде жана тоолорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...

Июнь окуясынын 10 жылдыгы: БУУ элдешүү эч убакта токтобой турган жараян экенин белгиледи

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстан боюнча туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстандагы Июнь окуясын эскерүүлөргө тилектештигин билдирди. Өкүлдүн атынан жазуу жүзүндө таратылган кайрылууда: "Терең жарааттарга жана азаптарга карабастан, Кыргыз Республикасынын тургундары туруктуулукту, чыдамкайлыкты жана калыбына келүү жөндөмүн көрсөтө алышты. Сиздер элдешүү жана тынчтык жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү үчүн көп күч жумшадыңыздар. Элдешүү бул бир катар максаттардан турган үзгүлтүксүз... Читать дальше...

Түркмөнстанда пневмония менен ооругандар көбөйдү

Azattyk.org 

Түркмөнстанда пневмония менен ооруган учурлар көбөйгөнү байкалууда. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы шаршембиде маалымдагандай, борбор шаар Ашхабадда инфекциялык оорукана өпкөсү сезгенген бейтаптарга толуп калды. Бирок бийлик өлкөдө коронавирус катталбаганын айтып келет. Жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана дарылоо борборунун кызматкерлери айрым кишилер өтө оор абалда түшүп, көз жумгандар да бар экенин радионун кабарчысына айтып беришкен. Кээ бир дарыгерлер бул COVID-19 экенинен дээрлик күмөн санабай калышканын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *