Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июнь
2020

Новости за 05.06.2020

Сохтун губернатору элдин кысымына калды

Azattyk.org 

Сохтун тургундары Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиевди кысымга алып жатканын көрсөткөн видеолор тарады. Жергиликтүүлөр анын "Сохтогу жаңжал чыгарган кыштактарды картадан чийип салуу керек" деген сөзүнөн кийин нааразылык билдиришкен. Жаңжал чыккан жерге өкмөт башчы Абдулла Арипов да келген.

Машинеден велосипедге оогон шаардыктар

Azattyk.org 

Бишкекте карантин маалында велосипеддин кадыры аябай эле өстү. Аны пайдалуу, арзан жана экологиялык транспорттун түрү катары кабылдагандардын катары калыңдады. Бирок, көпчүлүк айдоочулар велосипедчендерди жол кыймылынын катышуучусу катары кабыл алышпайт экен. Ошондуктан акыркы учурларда велосипедчендер катышкан жол кырсыгы көп катталууда. Эгер инфраструктура болсо, шаардыктардын көбү эле велосипед тепчүдөй. “Азаттык+” бул жолу велосипед менен достошкондор тууралуу айтып берди.

Бажычылар ардактаган «Абу-Сахий»

Azattyk.org 

Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда.

Кыргызстанда онлайн митинг өтүп жатат

Azattyk.org 

Учурда Кыргызстанда «Тажадым» аттуу онлайн митинг башталды. Аны уюштурган активисттер митингде өлкөдөгү коррупция, чек ара маселеси козголуп, парламентке нааразычылык айтыларын билдирип жатышат. Онлайн митинг «Инстаграм», «Фейсбук» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчаларда түз эфирде өтүп жатат. Онлайн митингде модераторлор спикерлерге сөз берип турушат. Спикерлердин арасында парламент депутаттары Жанарбек Акаев, Дастан Бекешов, юрист Клара Сооронкулова жана Афтандил Жоробеков, Эрулан Көкүлов, Айбек Баратов сыяктуу жарандык активисттер бар.

Анарбүбү: Өзбекстанда өмүрдүн теңи калды

Azattyk.org 

Анарбүбү Осмонова Ат-Башыда туулуп-өскөнү менен жаштыгын Өзбекстанда өткөргөн. Союз кезинде өмүрлүк жолдошу менен Өзбекстандын Зарафшан шаарына иштеп кетишип, 2012-жылы кайра Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына көчүп келишкен. 2010-жылы июнь коогасында Өзбекстанда болушкан.

Чехия орус элчилигинин эки кызматкерин өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш жума күнү үч чех саясатчысына кол салуу болгону жатканы тууралуу Орусиянын элчилигинин кызматкерлери жалган маалымат беришкенин, ошондуктан алар өлкөдөн чыгарыларын билдирди. Бабиш мындай калп маалыматтын таратылышын элчиликтин ичиндеги өз ара ыйкы-тыйкы мамиле менен түшүндүрдү.  Чехиядан чыгарыла турган орус дипломаттарынын аты-жөнү ачык айтылган жок. Москва бул окуяга байланыштуу азырынча үн ката элек. Өткөн айда чех маалымат каражаттары Праганын жетекчилерин... Читать дальше...

«Ата Мекендин» айланасына бириккендер

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Ата Мекен», «Ак Шумкар», КЛДП партиялары жана бир нече саясатчылар, активисттер парламенттик шайлоого чогуу барарын жарыялашты.

Укук коргоочу Рузиев президент Жээнбековго кайрылды

Azattyk.org 

Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ага карата козголгон кылмыш иши жасалма экенине көңүл бурууга чакырды. Ооруканада жатып жаздырган видео кайрылуусунда ал соттук териштирүүнүн калыстыгын жана ырааттуулук мыйзамынын сакталышын камсыз кылууну суранып, күбөлөргө карата жасалып жаткан басым, коркутуу сыяктуу көрүнүштөрдү токтотуп берүүнү өтүндү. «Мага карата куугунтук мен Ысык-Көл облусунда кыйноого кабылган адамдар боюнча, аларга карата жасалган зордук-зомбулукка... Читать дальше...



Айдоочу "Абу-Сахийдин" жүгүн шыр эле өткөрүп жатышат

Azattyk.org 

Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар «бажы бекетинде бардык айдоочуларга бирдей мамиле болбой жатат» деп нааразы. Алар «Эркечтам» бажы бекетинен «Абу-Сахий» аттуу кытай компаниясына таандык жүк гана өтүп жатканын айтышууда.

Изилдөө: Карантин мектептерди санарипке өткөрүүнү он эсе тездетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантин билим берүү тармагындагы санариптештирүү процессин 10 эсе тездетти. Бул тууралуу 5-июнда «Жаштарды өнүктүрүү институту» уюму өткөргөн онлайн брифингде айтылды. Уюм «Мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгү жана сапаты» деген багытта мониторинг жүргүзгөн. Жалпысынан үч миңге жакын ата-эне жана окуучу респондент болгон. Алар телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн видеосабактар негизинен жеткиликтүү болгонун айтышкан, 10% жакыны бул сабактар жеткиликтүү болбогонун белгилешкен. Читать дальше...

Чек ара чырынан кийин Мирзиёев Ферганага келди

Azattyk.org 

Коронавирустун очогуна айланган Латын Америкасында COVID-19дан өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Беларуста президенттик шайлоо алдында Александр Лукашенко өкмөттү алмаштырды. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев чек ара жаңжалынан көп өтпөй Фергана облусуна келди.

УКМК: коррупциядан мамлекет 10 миллиард сомдон ашык зыян тартты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жетти. Анын бир миллиард 220 миллион 42 миң сому өндүрүлүп, Бирдиктүү депозиттик эсепке 477 миллион 900 миң сом которулду. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматынын жетекчисинин орун басары Талантбек Кожонов 5-июнда парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын жыйынында билдирди: «Жалпысынан 2018-2020-жылдар... Читать дальше...

Шавкат Мирзиёев Ферганага келди

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы чатактан алты күн өткөндөн кийин Фергана облусуна келди. Президенттин басма сөз кызматы Мирзиёев бул сапарында аймактагы текстил жана айыл чарба ишканаларына барып, IT жана кол өнөрчүлүк тармактарындагы долбоорлор менен таанышарын билдирген. Буга чейин Мирзиёев чек арада чатак чыккан Сох анклавына да барары кабарланган. Бирок расмий билдирүүдө мындай сапар тууралуу сөз болгон жок. 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын... Читать дальше...

Илдет менен күрөштө илимге таянган оң

Azattyk.org 

Кыргыз окумуштуулары таажы вирусу, анын кесепеттери, сактануунун жолдору тууралуу элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бере алышабы? Же андай адис-окумуштуулар өлкөдө жокпу?

Кытай «Фейсбукту» тандалма тоскоолдук боюнча айыптады

Azattyk.org 

Бээжин социалдык тармактар жалпыга маалымдоо каражаттарына тандалма тоскоолдуктарды жаратпашы керек экенин билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ген Шуан «Фейсбуктун» соңку саясатын «дикриминация» деп баалады: «Бардык эле чет өлкөлүк медиа уюмдардын ишмердиги ошол өлкөнүн мыйзамдарына, нормативдик нормаларына төп келсе, анда алардын баары бирдей, дискриминациясы жок каралышы керек. Тандалма мамиле болбошу керек». Мунун алдында «Фейсбук» мамлекет көзөмөлдөгөн ЖМКнын билдирүүлөрүнө... Читать дальше...

Өкмөт өкүлү: үй карантинин сактабагандар Ысык-Көлгө киргизилбейт

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 5-июнда туристтик сезон тууралуу маалымат берип жатып үй карантин эрежесин бузгандар аймакка киргизилбей турганын билдирди: «Үй карантин эрежесин сактабагандарды эскертип койгум келет. Алар 14 күндүк карантин бүткөндөн кийин гана Ысык-Көлгө кире алышат». Осмоналиевдин айтымында, буга чейин карантинди бузган эки киши посттон өткөрүлгөн эмес. Алардын бири Вьетнамдан келип, 14 күн бою Бишкекте үйдөн чыкпай жатышы керек болчу. Осмоналиев жүргүнчү ташыгандар да дайын-дарегин калтырып... Читать дальше...

УКМК: «Кыргыз темир жолундагы» жемкорлук боюнча төрт киши кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынганын 5-июнда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар - ишкананын азыркы жана мурда иштеп кеткен жооптуу кызматкерлери, сатып алууга катышкан башка компаниянын бир өкүлү. Алар ишканадан акча каражатын алып чыгуу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда. Атайын кызмат мамлекеттик сатып алууда баалар атайылап жогорулатылып, бөлүнгөн акчанын 15% ишкананын... Читать дальше...

АКШда укук коргоочулар Ак үйдү демонстранттарга байланыштуу айыптады

Azattyk.org 

АКШдагы таасирлүү укук коргоочу уюмдардын бири - Жарандык эркиндиктин америкалык союзу (ACLU) бейшембиде президент Дональд Трамптын администрациясына доомат койду. Анда «Ак үй америкалык жарандардын тынч жыйындарга чогулууга карата конституциялык укугун бузган» деп айтылат. ACLU ушул аптанын башында Ак үйдүн алдындагы Лафайет аянтына Дональд Трамп келерде ал жактагы демонстранттар кууп таратылганын айыптаган. Уюмдун билдирүүсүндө «президент Трамп, башкы прокурор Барр жана башка расмий адамдар каршылык... Читать дальше...

Түптө каналга түшүп кеткен наристенин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда үч жашар наристе сууга агып кетип, чарчап калды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, кырсык 5-июнга караган түнү Чоң-Тогузбай айылында болгон. Бала көчөдө ойноп жүрүп, үйдүн жанындагы каналга түшүп кеткен. Наристенин сөөгүн айыл тургундары эртең менен таап чыгышты. Ысык-Көл облусунда быйыл жыл башынан бери эки чоң киши жана бир кичине бала сууга чөгүп каза болду. Республика боюнча быйыл алты айда 21 адам сууга чөгүп кетти... Читать дальше...

Депутат Жунус уулу коронавирустун кооптуу экенин түшүндүрүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынын кооптуулугу жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек. Бул тууралуу парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын 5-июндагы жыйынында депутат Адыл Жунус уулу билдирди.  Депутат Кыргызстан Борбор Азияда оорунун жайылышы боюнча Тажикстандан кийинки экинчи орунга чыкканын эске салып, муну эреженин сакталбаганы менен байланыштырды:  «Кичинекей мамлекет болгонубуз менен коронавирус жугузуп алгандардын саны эки миңге жетип калды. Бизде тартип жок. Катуу тартип болгондо гана вирусту жеңе алабыз. Читать дальше...

Ош -Тамчы аба каттамы 15-июндан кийин ишке киришет

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 5-июндагы брифингде туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Ош-Тамчы аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу тууралуу план бар. Осмоналиев Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери эпидемиологиялык кырдаалга жараша 25-июндан тарта эс алуучуларды кабыл ала башташы мүмкүн экенин кошумчалады. "Адатта балдар лагерлери 15-июндан тартып иштечү. Быйыл 25инен кийин кабыл алууну пландаштырып жатабыз. Эгер эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе... Читать дальше...

COVID-19: Орусияда ооругандар 450 миң адамга чукулдады

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир күндүн ичинде дагы 8700дөн ашык адамдан коронавирус табылды, ошентип ооругандардын жалпы саны 450 миң адамга чукулдады. Илдеттен акыркы бир күндө Орусияда 144 бейтап көз жумду жана бул оору алгач катталгандан бери жалпысынан 5500дөн ашык жаран ажал тапты. Орусия оору жугузгандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Сап башындагы АКШда COVID-19 1,8 миллиондон ашык адамдан табылып, илдеттен 108 миңден көп бейтап көз жумду. Экинчи орундагы Бразилияда короноавирусту 615 миңге жакын киши жугузуп алды... Читать дальше...

Үй-бүлөнүн тынчын алып, зомбулук көрсөткөн адамды эми эки сутка камай турса болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук кылган адамды убактылуу камоо тууралуу мыйзам кабыл алынды. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнда «Жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.  Быйыл февраль айында мыйзам долбоору парламентте дароо үч окууда каралып, колдоого алынган.  Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жаңы нормага ылайык, кылмышка шектүү адамды эми милиция 48 саатка чейин камакта кармай алат.  Бул үчүн төмөнкүдөй негиздер болушу зарыл... Читать дальше...

Тажик мектептеринде бүтүрүү экзамендери болбойт

Azattyk.org 

Тажикстанда пандемиядан улам орто мектептерде быйыл 9- жана 11-класстар үчүн бүтүрүү экзамендери болбойт. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына аттестаттар чейректерде алган бааларынын негизинде берилет. Билим берүү жана илим минстрлигинин басма сөз өкүлү Суннатулло Имомов мектепти алтын же күмүш медаль менен бүтүрүүнү каалагандар үчүн эреже-шарт мурдагыдай эле каларын билдирди. Тажикстанда мектепти артыкчылык менен аяктагандарга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *