Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2020

Новости за 19.07.2020

Хабаровскидеги митингге 50 миңдей адам чогулду

Azattyk.org 

Орусиянын ыраакы чыгышындагы Хабаровск шаарында чөлкөмдүн оппозициячыл губернатору Сергей Фургалды камактан бошотууну талап кылган көчө акциялары 9 күндөн бери уланып жатат. Бул жекшембиде демонстранттардын саны 50 миңден ашканы кабарланды. Бул Хабаровкс шаарынын тарыхындагы эң ири митинг деп бааланууда. Ал эми жергиликтүү полиция митингчилердин саны тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек. Жекшембидеги митингде «Эркиндик» жана «Мен/биз Фургал» деген ураандарга эми саясий туткундардын аттары да кошулду. Читать дальше...

ӨКМ: пневмониянын күчөшү дезинфекция каражатынан эмес

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) көчөлөрдү, имараттарды дезинфекциялоонун адамдын ден-соолугуна тийгизген таасири жөнүндө түшүндүрмө таратты. ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологлордун көрсөтмөсү менен даярдалып, бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөөрүн билдирди. Курамында хлор бар дезинфекция үчүн даярдалган каражаттардын сертификаттары бар. Интернетте айрым социалдык тармактардын колдонуучулары дезинфекциялоодон кийин булганган аба пневмониянын күчөшүн шарттап жатканын жазып чыгышкан. Читать дальше...

Нарын, Ысык-Көл, Ош облусунун айрым аймактарында сел жүрдү

Azattyk.org 

19-июлда Нарын облусунун Нарын районунда саат 11:00 чамасында катуу жааган жамгырдан коктулардан суу түшүп, Нарын-Оруктам жолунун 50-55-чакырымы кум-шагыл менен жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Учурда ӨКМнин Нарын райондук бөлүмү жана Жарандык коргоо комиссиясы жеринде иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет. Ушул эле күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 12:40 чамасында катуу жааган жамгырдан коктудан суу түшүп, Каракол-Эңилчек жолунун 6 чакырымы кум шагыл менен жабылып калды.

Илдеттен көз жумгандар миңден ашты

Azattyk.org 

19-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусуна жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 26 532 адамга жетти. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп жана өпкөсү кагынып 70 адам каза болду. Ушуну менен пандемиянын башынан бери бул илдеттерден каза тапкандардын жалпы саны 1003 адамга жетти. Ал эми акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 1162 адам сакайды. Жалпысынан март айынан бери 12 328 адам айыгып чыкты. Бишкек шаарында ... Читать дальше...

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFCде жеңишке жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунда экинчи ирет жеңишке жетти. UFC Fight Island 2 деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өттү. Мында Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиез менен беттешти. Үч раундга созулган беттеште калыстар бир добуштан Физиевди жеңүүчү деп тапты. Беттештен соң спортчу алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, учурда Кыргызстан кыйын кырдаалды баштан өткөрүп жатканын айтты. "Менин Кыргызстаным учурда оор абалды баштан кечирип жатат. Читать дальше...

Бир күндө COVID-19 менен пневмониядан 70 адам көз жумду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 19-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп жана өпкөсү кагынып 70 адам каза болду. Ушуну менен пандемиянын башынан бери бул илдеттерден каза тапкандардын жалпы саны 1003 адамга жетти. Ал эми акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 1162 адам сакайды. Жалпысынан март айынан бери 12 328 адам айыгып чыкты. Бишкек шаарында – 495, Чүй облусунда – 188, Ош облусунда – 233, Талас облусунда – 31, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда ... Читать дальше...

Косовонун президенти Гаагадагы сотто көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Косовонун президенти Хашим Тачи Гааганын аскер сотунда төрт күнгө созулган суракта 22 жыл мурда кылган аракеттерин коргой алды. Ал 18-июлда сурактан чыгары менен кайрылуу жасап, Гаага сотунун чындыкка жетүү аракетин урматтай турганын, бирок ошол согушта Косовонун эркиндиги үчүн күрөшкөнүн айтты. 1998-1999-жылдары Косово Сербиядан бөлүнүп чыгуу үчүн күрөшкөн. Эки жылга созулган согуш НАТОнун аскерлери кийлигишкенден кийин токтогон. Косовонун президенти Хашим Тачи ошол согушта адам өлтүрүүгө шектүү... Читать дальше...

19-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга 1020 адам кабылганы аныкталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 19-июль, саат 17:30га карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга 1020 адам кабылганы аныкталды. Анын ичинде: Бишкек шаарында - 369 Ош шаарында – 151 Чүй облусунда – 123 Ош облусунда - 178 Талас облусунда – 37 Нарын облусунда – 31 Ысык-Көл облусунда – 31 Жалал-Абад облусунда – 40 Баткен облусунда - 60 Ушуну менен март айынан бери Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган адамдардын жалпы саны 26 532 болду. Штабдын маалыматына караганда... Читать дальше...



Немерюк: Москвада Армениянын товарларына тыюу салынды деген маалымат жалган

Azattyk.org 

Москванын Соода департаментинин башчысы Алексей Немерюк Армениядан келген товарларды сатууга эч жерде тыюу салынбаганын, алар «Фуд Сити» соода борборунда эркин сатылып жатканын билдирди. Буга чейин Армениянын Орусиядагы элчиси Вардан Тоганян Москвадагы «Фуд Сити» соода борборунун азери жетекчилери Год Нисанов жана Зарах Илиев Армениядан келген товарларды саттырбай жатканын билдирген. Армениянын элчиси президент Владимир Путинге кайрылып, «Орусияда Азербайжан бийлигинин кабагын карап, ошол өлкөнүн... Читать дальше...

Аба ырайы: Өткүн өтөт, күн ысык болот

Azattyk.org 

20-июлда күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Айрым райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37 градус, Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 9...15, күндүз 21...26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27... Читать дальше...

Москвадан Бишкекке дарыгерлердин дагы бир тобу келди

Azattyk.org 

Москва-Бишкек багытындагы чартердик каттам менен 19-июлда 21 медицина кызматкери учуп келди. Дарыгерлер коронавирус инфекциясына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан бейтаптарды айыктырууда Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи. Алардан тышкары учактын бортунда 403 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Арасында оорулуу, улгайган адамдар, кош бойлуу жана балалуу кыз-келиндер бар. Кыргызстандагы кесиптештерине жардам берүү максатында июль айында эле Орусияда жана Түркияда иштеген кыргызстандык 100дөн ашуун дарыгер келишкен. Читать дальше...

Алмамбетова: Акыркы суткада Бишкекте адам өлүмү катталган жок

Azattyk.org 

Бул маалыматты Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Гуля Алмамбетова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. “Бактыга жараша, акыркы суткада бир дагы стационарда адам өлүмү катталган жок”, деп жазган ал. Алмамбетованын маалыматына ылайык, өткөн суткада борбор калаадагы күндүзгү стационарларга 3 833 адам кайрылып, 2 989у дарыланды. 827 адам дарыгерлердин кеңешин алды. 17 адам ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарга 650 адам кайрылып, 296 адам инфузиондук терапия алышты, 352 адамга дарыгерлер кеңеш беришти. Читать дальше...

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык окуучуларга тапшырылды

Azattyk.org 

19-июлда Көк-Жар айылындагы мектепте Уланбек Эгизбаев атындагы кезектеги стипендия тапшырылды. Бул тууралуу маркум журналисттин жубайы Сапаргүл Абдинабиева билдирди. Стипендия Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кыргыз тилинен эң көп упай алган Жылдыз Мукановага жана Айназик Таалайбековага ыйгарылды. “Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Келечекте кыргыз тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп терең ишенебиз. Улан өзүнүн кыска өмүрүндө кыргыз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошту. Интернетте “Кыпкыргызча” деген топ түзүп... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мусаев каза болду

Azattyk.org 

“Кыргызстан дунгандары ассоциациясынын” экс-вице-президенти, Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев узак оорудан кийин кайтыш болду. “Кыргызстан” фракциясынын катчылыгы депутат мурдатан ооруп жүргөнүн “Азаттыкка” маалымдады. Маркум 62 жашта болчу. Насыр Мусаев 1958-жылы Токмок шаарында туулган. Жеке ишкерлик менен алектенип, туристтик ишканаларды түптөгөн. Чүй облустук кеңешинин, Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп жүргөн. 2018-жылы Жогорку Кеңешке маркум... Читать дальше...

Шинжаңда COVID-19га каршы "согуштагыдай" күрөшүп жатышат

Azattyk.org 

Кытайдын батышындагы Шинжаң чөлкөмүнүн бийликтери жекшембиде 17 кишиде коронавирус аныкталганын, дагы 23 адамда симптомдору белгисиз оору табылганын, бардыгы 269 жаран обсервацияга алынганын, ушу тапта аймакта "согуш абалындагыдай" аракеттер көрүлүп жатканын билдиришти. 16-июлда алгачкы оорулуулар катталгандан тартып чөлкөмдүн борбору Үрүмчүдө метро, поезд жана башка коомдук транспорт токтотулган. Коомдук түрдүү жыйындарга тыюу салынды. Ишембиде Кытайдын Улуттук саламаттык комиссиясы бүткүл өлкөдө... Читать дальше...

Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев 75 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Орусияда каза болду. Бул тууралуу экс-премьердин жакындары “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын сөөгү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жерге берилет. Николай Танаев 2002-жылдын 30-майынан 2005-жылдын 24-мартына чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы болгон. Ал март окуясында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги кулаганда кызматынан чегинип, Орусияга чыгып кеткен. 2003-жылы Николай Танаевдин... Читать дальше...

19-июлга карата коронавирустан жана пневмонияга чалдыккандар тууралуу маалымат кечикти

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты республикалык штаб берерин билдирди. Ыкчам штаб маалымат толукталып жатканын, бир аздан кийин берилерин кабарлады. Кечигүүнүн себеби түшүндүрүлгөн жок. Бирок 19-июль, саат 14:00гө карата Кыргызстанда акыркы суткада канча адам коронавируска жана пневмонияга кабылганы тууралуу маалымат жарыяланган жок. 18-июлга карата Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган 1264 адам катталган. Бул илдеттерден бир суткада 73 адам көз жумган. Читать дальше...

Ош шаарында дагы бир милиция кызматкери коронавирустан каза болду

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкери, улук лейтенант Чыңгыз Оморов 19-июль күнү коронавирустан каза болду. Бул маалыматты ЖКККБнын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” ырастады. Анын айтуусунда, каза болгон милиция кызматкери 32 жашта болчу. ЖКККБнын Ош шаар башкармалыгынын дагы бир кызматкери Улукбек Умаров 9-июлда коронавирустан көз жумган. Ага чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон. ИИМдин... Читать дальше...

Боронов: Ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык мекемелерге борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин тез арада жүзөгө ашыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу кабарды өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү таратты. «Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Читать дальше...

Иран: өлүм жазасына өкүм кылынган үч адамдын иши кайра каралат

Azattyk.org 

Ирандын соту былтыр ноябрь айындагы нааразылык акцияларына катышты деп айыпталган үч адамды дарга асуу тууралуу өкүмүн кайра карап чыгат. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты "Твиттердеги" баракчасына жазды. Иран соту 25 жаштагы Амир Хусейн Марадини, 27 жаштагы Саида Тамжидини, 25 жаштагы Мухаммад Ражабини дарга асуу тууралуу өкүм чыгарган эле. Ирандын мурунку саясатчылары, маданият жана интеллигенция өкүлдөрү өлүм жазасына өкүм кылынган бул үч адамды колдоп чыгышкан. Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда... Читать дальше...

“Демилгечи жаштар борборунун” кычкылтек аппараты 20га жетти

Azattyk.org 

Бул тууралуу “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү, ыктыярчы София-Айдана Мурзаева “Твиттердеги” баракчасына жазды: “Силерге кубанычтуу кабар айткым келет. Бизде эми 20 кычкылтек аппараты бар. 20 мобилдик топ түнү-күнү иштеп жатат!”. Буга чейин “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү София-Айдана Мурзаеванын оор абалдагы бейтаптын өмүрүн сактап кала албаганына ыза болуп, ыйлап жатканы тартылган тасма Интернетте тараган. Ыктыярчы кыз бейтаптын өмүрүн кычкылтек аппараты жетишсиздигинен улам сактай албай калышканын “Азаттыкка” билдирген. Читать дальше...

Расалык теңсиздикке алгачкылардан болуп каршы чыккан Жон Льюис дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Америкалык конгрессмен, расалык сегрегацияга каршы алгачкылардан болуп күрөш жарыялаган Жон Льюис 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Льюис 1963-жылы Вашингтондо өткөн Марштын уюштуруучуларынын бири болгон. Бул марштан кийин бийлик коомдук жайлардагы сегрегацияга тыюу салып, ынды каралардын шайлоо укугун актар менен теңдеген мыйзам кабыл алган. Жон Льюис 1940-жылы Алабама штатындагы Троя шаарында туулган. Бала чагынан адам укугуна байкоо салып чоңойгон Жон 17 жашында ынды каралардын укугун коргоо кыймылынын негиздөөчүсү Роза Паркс... Читать дальше...

Каракчылар орус жана украин деңизчилерин барымтага алышты

Azattyk.org 

"Кюрасао трейдер" танкеринин экипажынын 19 мүчөсүнүн 13ү каракчылардын колуна түшүп калган. Либериянын желегинин алдында Гвинея булуңунда бараткан кемеге Бенинден 210, Нигериянын Лагос шаарынан 230 чакырым аралыкта сууда куралчан каракчылар кол салышкан. Бул тууралуу кеменин ээси "Alison Management" ишембиде маалымдаганын "Dryad Global" сайты жазды. Маалыматка ылайык, кемедегилер Орусиянын жана Украинанын жарандары болушкан, барымтага алынгандардын төртөө украиналыктар. Орусиянын Бениндеги жана... Читать дальше...

Жылкынын этинен, иттин сорпосунан даба издегендер

Azattyk.org 

Коронавирус илдети кулач жайган сайын кыргызстандыктар дартка дабаны ар кандай азыктардан издей баштады. Айрымдар «өпкө оорусун айыктырат экен» деп иттин этин жесе, айрымдар «иммунитетти түшүрбөй бир калыпта сактайт» деп бээнин сүтүн ичүү үчүн жайлоого качып жатат. Ат-Башы районунда ушул тапта жылкы көп союлуп жатканы байкалат. Жергиликтүүлөрдүн арасында «бул жаныбардын этин жеп, шорпосун ичкендер коронавирус илдетине моюн бербейт экен» деген кеп тараган. «Жайлоого барып, бээнин сүтүн ичип... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *