Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2020

Новости за 20.07.2020

Кыргызстанга орусиялык 100 дарыгер келет

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-июлда Орусиядан Бишкекке эки учак менен медициналык жабдык, дары-дармек жана дарыгерлер келет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Жардамды Орусиянын Коргоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөтүп жатат. Жалпы 100 дарыгер Бишкек жана Ош шаарындагы бейтапканаларда иштешет. Алар эпидемиолог, инфекционист адистер жана коронавирус илдетин дарылоодо тажрыйбасы бар. Элчиликтин маалыматына ылайык, кайтарымсыз жардам эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүсү менен ишке ашырылды. Читать дальше...

Чехиядагы кыргызстандыктар дары жөнөтүштү

Azattyk.org 

Чехияда эмгектенген жана окуган кыргызстандыктар пандемияга каршы күрөшкө салым кошуу максатында 250 миң сом чогултушту. Бул каражатка Москвадан канды суюлтуучу клексан дарысы сатып алынып, ыктыярчылардын “Биз барбыз” кайрымдуулук кыймылы аркылуу аймактарга бекер таратылууда. Чехиядагы активисттер медициналык муктаждыктар үчүн каражат топтоону улантып жатканын билдиришти. Ушул тапта Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар акча чогултуп дары-дармек, медициналык жабдууларды көбүнесе Орусия, Түркия жана Кытайдан алдырууда. Читать дальше...

Ырчы Малик Аликеевге эки жолу операция жасалды

Azattyk.org 

Ырчы Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалды. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчынын ден соолугу жакшы экенин жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарыларын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 20-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Малик Аликеевден кабар алган. Бир ай мурун Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданган. Читать дальше...

Жалпы республикалык тестирлөө уюштурган борбор абитуриенттердин сынына жооп берди

Azattyk.org 

«Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына нааразы болгон окуучуларга жооп берди. Борбор тараткан түшүндүрмөдө "өлкөдөгү оор кырдаалга карабастан бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн аракет" болуп жатканы айтылат. Борбор буга чейин социалдык тармактарда айтылып жаткан сындардын баарына кенен түшүндүрмө берген.   2020-жылы «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору пандемияга байланыштуу сынакты уюштуруунун жол-жобосун өзгөрткөн. Читать дальше...

АКШ Рамзан Кадыровду кара тизмеге киргизди

Azattyk.org 

АКШ адам укуктарын олуттуу бузган деген айып менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровду санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараткан билдирүүдө бул тизмеге анын жубайы Медни жана кыздары Айшат менен Карина да киргени айтылат. Санкцияга ылайык, аларга АКШга келип-кетүүгө, иш жүргүзүүгө тыюу салынат жана активдери камакка коюлат. Документте Мамлекеттик департаментте Кадыров мындан он жыл илгери бир катар адам укуктарынын бузулушуна, ошондой эле кыйноо... Читать дальше...



Кыргызстандык «Атамандын» ишенимдүү жеңиши

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Рафаэл Физиев UFC уюмунда экинчи жолу жеңишке жетти. «UFC Fight Island 2» деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өтүп, Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиезини жеңди. Бул эки мушкердин таймашы мелдештин «мыкты беттеши» деп табылып, бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча сый акы алды. Беттештен соң спортчу алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан оор мезгилди баштан өткөрүп жатканын айтты. «Учурда Кыргызстаным оор абалда турат. Читать дальше...

Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду жоюлганын билдирди

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы жана Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный аталган фонд жоюлганын кабарлады. Ал "Биз Коррупцияга каршы күрөш фондун жаап жатабыз. Мындан тогуз жыл мурун мен түзгөн коммерциялык эмес уюмдун күнү бүттү, анткени аны бизден тартып алышты" деп жазды. Навальный чечимин бизнесмен Евгений Пригожин менен байланышы бар деген, шаардагы мектептерди жана бала бакчаларды тамак-аш менен камсыздаган "Москвалык окуучу" компаниясынын доо-арызы менен негиздеди. Читать дальше...

Кой-Ташта пакистандык ыктыярчыны сабагандар аныкталды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Пакистандын жаранын сабады деп шектелген кишилер аныкталып, аларды кармоо иш-аракеттери жүрүп жатканын маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, 19-июлда саат 23:00 чамаларында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Пакистандын 22 жаштагы жараны арыз менен кайрылган. Ал арызында Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде аны белгисиз кишилер сабап кеткенин жана аларга чара көрүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы үч киши кайрылган. Бул факт Кылмыштардын... Читать дальше...

COVID-19: Алматыда карантин чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында бийлик 20-июлдан тартып карантин чараларын күчөттү. Шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин билдиришинче, эми топтошуп алып шаар сыртына, жаратылышка чыгып эс алууга убактылуу тыюу салынат. Сыртта отура турган жайы бар гана тамактануучу жайлар иштейт жана келгендердин саны 30 адамдан ашпай, түнкү саат 10го чейин гана иштеши керек. Шаардагы жана анын жака белиндеги эл көп барган парктар, туристтик жайлар жабылды. Улуттук парктар дем алыш күндөрү жабык болот... Читать дальше...

“Азаттык” пандемия курмандыктарынын алгачкы тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы тизмесин өз алдынча түзүп жарыялады. "Пандемия: Кимди жоготтук?" тизмеси аркылуу "Азаттык" маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди. Эскерүү тизмесинде ага кирген алгачкы 170 адамдын ар бири жөнүндө чакан маалымат топтолду. Алардын арасында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан ондогон медицина кызматкерлери, илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналист... Читать дальше...

COVID-19: Президент өкмөт башчы менен өлкөдөгү абалды талкуулады

Azattyk.org 

Бишкекте жана Ошто ар бири жүз орунга эсептелген бирден жаңы оорукана ачылат. Аларды салууга тез курулуучу конструкциялар колдонулат. Бул тууралуу 20-июлда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды. Бишкектеги оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында ачылат. Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, дары-дармек тартыштыгын жоюу чаралары тууралуу сөз болду. Боронов Өзбекстандан Гепарин дарысынын бир партиясы келгенин... Читать дальше...

Эми үйдөн чыкпай университет тандаса болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 20-июлдан тартып жогорку окуу жайларына студенттерди кабыл алуунун биринчи айлампасы башталды. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу университеттерге кабыл алуу биринчи жолу онлайн өтүп жатат. Аралыктан кабыл алуунун жол-жобосу кандай, ал канчалык деңгээлде калыс жана таза өтөт? Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров "Азаттыкка" маек берди.

COVID-19: Оорунун мизи кайта элек

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткадагы өлүмдүн азайышын жакшы тенденциянын башталышы катары баалап жатат.

"Е1" басылмасы: Екатеринбургда кыргыз-тажик жарандары эки күндөн бери мушташып жатат

Azattyk.org 

Орусиядагы "Е1" басылмасы Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары Екатеринбургда эки күн катары менен калайман мушташка катышканын жазды. Ушул тушта эки өлкөнүн диаспоралары жолугуп, жаңжалды талкуулаганы жатат. Тажик диаспорасынын башчысы Фарух Мирзоев "Биздин маалыматыбыз боюнча мушташка катышкандар өспүрүмдөр, 17-18 жаштагы тажик, кыргыз улутундагы балдар. Биз азырынча мушташка кимдер катышканын айта албайбыз, окуя болгон жерге барганда баары качып кетишти. Мушташ кечээ 21.30да дагы кайталанды", деп билдирди. Читать дальше...

Мекенине кайткан ыктыярчы дарыгер

Azattyk.org 

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну, 38 жаштагы Мекен Абдалиев акыркы үч жылдан бери Орусияда жеке менчик клиникада иштеп келатат. Ал пандемиядан улам кыйналып жаткан жердештерине көмөк берүү үчүн бир айга келген. Токтогул районунда 43 киши коронавирус менен ооруганы аныкталып, төрт адам каза болгон. Район борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Терек-Суу айылындагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы микрохирург менен кабарчыбыз сүйлөшүп келди.

COVID-19: Орусияда соңку үч айдан бери ооругандар биринчи жолу аз катталды

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 6 миңге чукул адамдан аныкталды жана бул акыркы үч айдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды. Бул илдеттен бир күндө 85 бейтап көз жумду. Бул көрсөткүч да май айынан башынан берки эң төмөнкү сан болуп калды. Оорудан каза болгондордун саны боюнча Санкт-Петербург биринчи орунда турат, шаарда бир күндө 26 адам өмүрү менен кош айтышты. Өлкөнүн ыкчам штабы расмий статистикага коронавирус болуп ооруган бейтаптардын баарынын эле өлүмүн эмес, маркумдун... Читать дальше...

Сентябрга пландалган Ысык-Көл марафону кийинки жылга калды

Azattyk.org 

Кезектеги эл аралык Ысык-Көл марафонун өткөрүү мөөнөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөрдү. Бул тууралуу 20-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл тогузунчу жыл уюштурула турган марафон 5-сентябрда өтмөк: “Календардык планга ылайык 5-сентябрга пландалган «Run the Silk Road - Shanghai Cooperation Organization» марафону 2021-жылга калды. Иш-чараны өткөрүү мөөнөтү тууралуу кошумча кабар берилет. Катталып... Читать дальше...

Министрлик: Биринчи чейректе окуу аралыктан болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды Антикризистик планга ылайык жүргүзүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекемеден кабарлашкандай, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. «Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса... Читать дальше...

Иран: генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүнө айыпталган адам дарга асылды

Azattyk.org 

Иранда АКШ менен Израилдин пайдасына тыңчылык кылган, таасирлүү генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланышы бар деп айып коюлган мурдагы котормочу Махмуд Мусави-Мажд өлүм жазасына тартылды. Өлкөнүн соту тараткан маалыматта "тыңчылык үчүн айыпталган Махмуд Мусави-Маждын өкүмү дүйшөмбү күнү эртең менен ишке ашырылды. Эми бул чыккынчылык иши түбөлүккө жабылды”, деп жазылган. Өткөн айда Ислам жумуриятынын сот бийлиги Мусави-Мажд Революция сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы... Читать дальше...

21-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *