Германия Орусиянын «Чоң сегиздин» тизмесине кайра кайтып келишине каршы
Германия Орусиянын «Чоң сегиздин» тизмесине кайра кайтып келишине каршы. Бул жөнүндө Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди. Анын айтымында, Москва эл аралык клубга кайтып келиши үчүн аннексиялап алган Крымдагы жана Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салышы керек. Маас ушул себептен 2014-жылы Орусия «Чоң сегизден» чыгарылып, G7 форматта жүргүзүлүп жатканын эскертти. Германиянын ТИМ башчысы Орусия башка мамлекеттерге Украинадагы, Сириядагы жана Ливиядагы жаңжалдарды чечиш үчүн керек экенин белгиледи. Читать дальше...