Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 12.09.2020

Таласта аюу менен мамалак аткан браконьер кармалды

Azattyk.org 

Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу Талас облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, милиция кылмышка шектүүнү 12-сентябрга караган түнү колго түшүргөн. "Талас облустук милиция кызматкерлери жана Аңчылык департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылып келе жаткан адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Андан эки баш аюу, алардын терилери жана эти табылган. Кылмышка... Читать дальше...

Жөө күлүккө айланган пенсионер

Azattyk.org 

Ош шаарынын тургуну, 62 жаштагы Мамасалы Ташматов Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө бир нече ирет марафондо чуркап, баш байгелерге ээ болгон. Анын үй-бүлөсү да чуркоону адатка айландырышкан. Алар сергек жашоо менен ден соолуктун маңызы спортто экенин белгилешет.

Бишкекте коомдук жайда аялды сабады деген киши кармалды

Azattyk.org 

Бишкектеги кафелердин биринде аялды сабаган жарандын аты-жөнү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев 12-сентябрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Орозалиев окуянын чоо-жайына кеңири токтолгон жок. Кийинчерээк толук маалымат бериле турганын билдирди. Бүгүн Интернеттеги социалдык тармактарда бети-башы көгала болуп, сабалган аялдын сүрөтү жарыяланган. Соцтармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алган окуяда аялды күйөөсү ур-тепкиге алганы айтылып жатат. Читать дальше...

Минскиде аялдар жүрүшүнө чыккандар кармалды

Azattyk.org 

Минск шаарында Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жана мурда кармалгандарды колдоо үчүн чыккан аялдардын нааразычылык акциясында ондогон адамдар кармалды. Акциянын катышуучулары шаардын борборундагы Эркиндик аянтына чогулушкан. Алардын айрымдары милициядан зомбулук көргөндөрдүн сүрөтүн көтөрүп турушкан. Алгач милиция уруксаты жок иш-чара өтүп жатканын эскертип, болжол менен саат 15:00 чамаларында катышуучуларды кармай баштаган. Жыйырма мүнөттөн кийин Эркиндик аянты бош калган. Читать дальше...

Иранда чемпион Навид Афкари өлүм жазасына тартылды

Azattyk.org 

Киши өлтүрүүгө айыпталган ирандык балбан Навид Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу 12-сентябрда ирандык мамлекеттик   маалымат каражаттары жазды. Маалыматта Фарс провинциясынын юстиция башкармалыгына таянуу менен  “Афкари бүгүн эртең менен соттук иш-чаралардан кийин өлүм жазасына тартылды” деп айтылат. Навид Афкари Ирандын күрөш боюна чемпиону болгон. Ал 2018-жылы Ирандын түштүгүндөгү Ширазе шаарында  өкмөткө каршы нааразылык акцияларында киши өлтүрүүгө айыпталган. Бул иш эл аралык талкуу жараткан. Читать дальше...

Жээнбеков: Орусия менен вакцина алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын маалымдады. “Орусияда вакцинаны клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Орусияда акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина жапырт чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын... Читать дальше...

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында карантиндик режим алынды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында карантиндик режим алынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын басма сөз кызматы маалымдады. 12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен бейтаптарды кабыл ала баштады. Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар... Читать дальше...



COVID-19: Абылгазиевдин жоопкерчилиги каралат

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптаган арыз териштирилип жатат. Бул иш коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелип, чогуу каралмай болду.

Орусияда мавзолей долбооруна сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиянын Архитекторлор союзу Владимир Лениндин сөөгү камтылбай турган мавзолейдин концепциясына сынак жарыялады. Мындай сынакты өткөрүү чечими август айынын аягында кабыл алынган, жоболору иштелип чыгып, 11-сентябрда жарыяланды. Сынактын жыйынтыгы 11-13-ноябрда өтүүчү “Устачылык” фестивалында чыгарылат. Сынакка орусиялыктар гана эмес, КМШ мамлекеттеринин жарандары дагы катыша алат. Аларга келечектеги мавзолейдин долбоорун түзүү сунушталды. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, мавзолейде Лениндин сөөгү... Читать дальше...

Аба ырайы: Жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей,  13-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Катуу шамал болот. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32; Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28; Бишкек шаарында түнкүсүн 9...11, күндүз 26...28 градус жогору болот.

Жээнбеков: Партия тизмелери идеялык негизде түзүлбөй жатат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде алдыдагы шайлоо жөнүндө суроого жооп берди. Президент өлкөдө парламенттик башкарууну өнүктүрүү үчүн партиялык система калыптанышы керектигин айтты. Жээнбеков партиялар мыйзамды сактап, саясий айдыңда үлгү болушу керектигин белгиледи. “Партиялык тизмелер көбүнчөсү идеялык эмес, айрым учурда каржылык  же болбосо тигил же бул инсандын коомдогу ордуна байланыштуу түзүлүп жатат. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Бул эми азыркы табигый көрүнүш. Читать дальше...

Шылуундардын кылтагына илинген айымдар

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө бул жолу шылуун эркектерден жапа чеккен аялдар тууралуу кеп кылды. Адистер бул маселеден арылуу үчүн кыз-келиндер арасында критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү керектигин айтышат. Сиз кандай ойлойсуз?

Арменияда төрт айлык карантин жарыяланды

Azattyk.org 

Армения өкмөтү өлкө боюнча төрт айлык карантин жарыялады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу буга чейин киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү 11-сентябрда аяктады. Ошону менен алты айдан берки өзгөчө кырдаал режими да соңуна чыкты. Анткен менен өкмөт айрым чектөөлөрдү калтырып, 2021-жылдын 11-январына чейин узартты. Жаңы чечимге ылайык, Арменияга автоунаа менен чет элдиктердин киришине тыюу салынат. Болгону дипломатиялык кызматкерлер,   жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына жана жакындары каза болгондорго гана уруксат берилет. Читать дальше...

Президент партиялардын эл менен жолугушуусунда санитардык эреже сакталбай жатканын сынга алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялар үгүт иштериндеги эл менен жолугушууларда санитардык эрежелер сакталбай жатканын айтты. Президент 13-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен болгон маегинде эл башкарам деген партиялар коомчулукка үлгү болушу керектигин белгиледи. “Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда беткап тагынуу, социалдык дистанцияны... Читать дальше...

Катарда «Талибан» менен Кабул ортосунда тарыхый сүйлөшүүлөр башталды

Azattyk.org 

Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылы менен расмий Кабулдун өкүлдөрүнүн ортосунда Ооганстанда 19 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр башталды. Тарыхый жараян салтанаттуу азем менен ачылды. Ага Ооганстан өкмөтүнүн, Кошмо Штаттардын расмий өкүлдөрү жана «Талибан» кыймылынын жетекчилери катышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдулрахман Аль-Тани «жатташкан тараптар бир чечимге келип, жеңүүчүсү жана жеңилгени жок тынчтык келишимге жетиши зарыл» экенин белгиледи. Читать дальше...

Штаб: Кыргызстанда коронавирус 17-18-июлда эң көп катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын эсебине ылайык, коронавирус 17-июлда 1654, 18-июлда 1264 кишиден аныкталган. Бул пандемия башталган март айынан бери COVID-19 илдети эң көп катталган күндөр болуп калды. Кыргызстанда COVID-19 илдети менен алгачкы үч учур 18-мартта катталган. 12-сентябрга карата вирус жугузгандар 44 828ге жетти.  30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы үч бейтап айыгып чыккан. Учурда айыккандардын жалпы саны 40 779 адамды түздү.... Читать дальше...

"Der Spiegel": Германиянын чалгын кызматы Навальный ууланганын ырастады

Azattyk.org 

Германиянын чалгындоо мекемесинин башчысы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын «Новичок» деген  коркунучтуу заттан ууланган деген маалыматты тастыктады. Бул тууралуу жума күнү германиялык "Der Spiegel" басылмасы жазды. Анда Федералдык чалгындоо кызматынын башчысы Бруно Каль жабык жыйында Навальный ууланган зат жөнүндө айтып берген. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек. Буга чейин Германиядагы «Die Zeit» Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу заттан ууланганын жазган. Ишенимдүү булактарына... Читать дальше...

Кесиптик билимге ыктагандар көбөйдү

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунда кесиптик билимге ыктагандар көбөйүп жатат. Кыска мөөнөттөгү окуу курстарын аяктагандар туристтерди тосуу, ашпозчулук, мейманкана бизнесин өздөштүрүүдө.

Дагы үч медициналык кызматкерден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын экөө Жалал-Абад, бирөө Талас облусунда. Ал эми сутка ичинде ооруканадан төрт жана үй карантинден сегиз медкызматкер сакайып чыкты. Жалпы республика боюнча 3166 медициналык кызматкерге COVID-19 диагнозу коюлган. Алардын 2669у айыкты. 11-сентябрда өкмөт коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерине жана бул оорудан каза болгон дарыгерлердин жакындары жөнүндө маалымат берген. Ага ылайык... Читать дальше...

COVID-19 дагы 67 кишиден аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 12-сентябрга карата коронавирус дагы 67 кишиден аныкталды. Каза болгондор жок. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Жаңы катталган 67 адамдын көбү Бишкек шаарында – 20 адам. Жалал-Абадда 14, Ош облусунда он, Баткенде тогуз, Ысык-Көлдө жети, Чүйдө жана Нарында үчтөн, Таласта бир адамдан вирус табылды. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет  44828 адамга жукту, алардын 40 779у айыкты, 1063 бейтап каза болду. Читать дальше...

Мэрия экинчи жолу санитардык эреже бузган тойканаларга кылмыш иши козголорун эскертти

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишинин алдын алуу үчүн коомдук тамактануучу жай, кафе-ресторан жана тойканаларга көзөмөлдү күчөтүү тууралуу буйрук чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Коомдук тамактануучу жайларда санитардык эрежелерди бузган учурда Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси (“Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын... Читать дальше...

Салык кызматы чоң көлөмдө лицензиясыз сакталган сыра тапты

Azattyk.org 

Салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы рейди учурунда лицензиясыз жана уруксат документти жок кампада сакталган ккөп көлөмдөгү сыра  табылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ар кандай аталыштагы 38 миң 62 бөтөлкөгө куюлган сыранын жалпы суммасы 2 миллиондон ашык сомго бааланды. Салык кызматы бул окуя боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн маалымдады. (TSh)

Чек арадагы чектөө сооданы солгундатты

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам ушул жылдын башында жабылган кыргыз-кытай чек арасы толук ачыла элек. Кыргызстанда Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соода солгундады.

ӨКМ "кызматкерлер үгүткө аралашкан" деген маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мекеменин кызматкерлери партиялардын үгүт иштерине аралашкан эмес” деген маалымат таратты. Мекеменин билдирүүсүндө, социалдык тармактарда тараган видеодо аты аталган кишилер ӨКМ кызматкерлери эмес. Учурда Аксы району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №30 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн техник-айдоочусу Тынчтык Атабековдон түшүнүк кат алынды. Ал катында үгүт иштерине катышпаганын маалымдаган. 8-августта Интернетте министрликтин Аксы районундагы башкармалыгынын кызматкерлери... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *