Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 20.09.2020

Араванда эки партиянын тарапкерлери мушташты

Azattyk.org 

20-сентябрдын кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда мушташ чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жараат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Окуядан кийин "Мекеним Кыргызстан" жана "Биримдик" партиялары билдирүү таратышты.

Аравандагы окуя боюнча «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиясы билдирүү таратышты

Azattyk.org 

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий билдирүүсүнө ылайык, 20-сентябрда партиянын талапкери Илхом Маннанов Араван районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан учурда чагымчыл топ жыйынды үзгүлтүккө учуратып, чатак чыгарган. Партиянын маалыматына караганда жыйындагы чырдан кийин «Мекеним Кыргызстандын» бир нече тарапкери ооруканага жаткырылган. Алардын бири Ош аймактык ооруканасында оор абалда жатат. Бул партия өз билдирүүсүндө чагымчыл топ кимдер экенин жазган жок. Ал эми «Биримдик»... Читать дальше...

Жумгалдын Кең-Суу айылында жалгыз мугалим өз үйүн мектеп кылып балдарды окутат

Azattyk.org 

Нарындын Жумгал районунун Кең-Суу айылында мугалим Токтожума Стаханов беш жылдан бери өзүнүн эки бөлмөлүү үйүн мектеп кылып жасап, башталгыч класстын балдарын окутат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 17 түтүн жашаган Кең-Суу айылында орто мектеп жок болгондуктан окуучулар коңшу айылга барып билим алууда кыйынчылык жаралып жеке турак үйдү мектепке айлантышкан. Учурда 30 окуучунун 11и үй мектепте бир гана мугалимден билим алат. Читать дальше...

Араванда үгүт маалында чыккан уруштан 12 адам ооруканага түштү (видео)

Azattyk.org 

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. «100гө жакын шайлоочу менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар менен үгүт кылып барган адамдардын ортосунда чатак чыккан. Читать дальше...

Облустук бийлик: Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу Кара-Кечеге жол ачык

Azattyk.org 

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Кара-Кече кенинде ишканалар көмүр казуу иштерин улантып жатканын маалымдады. Облустук бийлик көмүр тарткан автоунааларды Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу өткөн жол менен Кара-Кечеден көмүр тартууну улантууга чакырат.  “Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа райондоруна жана Нарын шаарына көмүр тартуу ишин уланта бериши зарыл экендигин эскертебиз”, деп айтылат билдирүүдө. 14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Читать дальше...

Таиландда монархияга каршы чыккан демонстранттар «жеңгенин» жарыялашты

Azattyk.org 

Таиландда бийликке каршы акцияга чыгып жаткандар  20-сентбярда полициянын колуна монархияны реформалоо тууралуу талаптары жазылган тизмени тапшыргандан кийин «жеңгенин» жарыялашты. Серепчилердин айтымында, падышаны сындаганга тыюу салынган бул мамлекетте демонстранттардын кадамы чоң жеңишке барабар. Тизмеде монархияны ушактагандарга каршы мыйзамды жокко чыгаруу, жаңы Конституция кабыл алуу, аскердик хунтаны жок кылуу жана падышалык гвардиянын таркатылышы сыяктуу талаптар бар. Студенттердин лидери... Читать дальше...

Минскиде жүзгө жакын адам кармалды

Azattyk.org 

Минскидеги «Адилеттүүлүк жүрүшүндө» 20-сентябрда жүзгө жакын адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму кабарлады. Ал эми Беларустун башка шаарларында өтүп жаткан каршылык акцияларында кармалгандардын саны кырктан ашты. Брест шаарында полиция демонстранттарга жаш чыгарчу газ колдонуп, асманды карай ок атты. Демонстранттар менен ОМОН өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болгонун ошол жердегилер социалдык тармактарга жайгаштырган видеолордон көрүүгө болот. Баш калаа Минскидеги Төбөлсүздүк аянтына... Читать дальше...

Түркияда мекендештерине жасалма виза жасаган кыргызстандык камакка алынды

Azattyk.org 

Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" кабар агенттиги маалымдады. Кабарда 19-сентябрда Анталия шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого жасалма визасын берген" деген айып менен кыргызстандык Ш.Т. жана түрк жараны А.О. камакка алынганы жазылган. 15-сентябрда Анталия шаарында полициянын рейди маалында кыргызстандык мигранттын визасы жасалма болгону тастыкталган. Мигрант мекендеши Ш.Т.га 3300 лира (440$) бергенин жана ал Түркиянын Миграция департаментинен виза алып бергенин, анын экенин билбегенин айтып берген. Читать дальше...



Минск жана Гродно шаарларында демонстранттар кармала баштады

Azattyk.org 

«Настоящее время» каналынын Минскидеги кабарчылары билдиргендей, шаар борборунда полиция жүрүшкө чыккандарды кармап кетип жатат. Негизинен жалгыз, колдоруна ак-кызыл түстөгү желектерди көтөрүп бараткандар кармалып жатканы маалымдалды. "Интерфакс" агенттиги 20 адам кармалганын жазды. Уюштуруучулар  20-сентябрда "Акыйкаттык жүрүшүнүн" катышуучуларын Төбөлсүздүк аянтына чогулууга чакырышкан, андан ары алар Жогорку соттун имаратынын алдына жана президенттин резиденциясына барары күтүлүүдө. Жогорку... Читать дальше...

Европада коронавирус чектөөлөрүнө каршылардын акциясы өтүүдө

Azattyk.org 

Германиянын Дюсселдорф шаарында коронавирустун жайылуусун ооздуктаган чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы башталды. Уюштуруучулар 20-сентябрда 50 миңдей адам чыгары күтүлүп жатканын билдиришти. 19-сентябрда коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрациялар Британиянын баш калаасы Лондондо өткөн. Анын катышуучулары полиция менен кагылыша кетишти. Британ өкмөтү COVID-19 илдети кайрадан жайыла баштаганына байланыштуу алты кишиден көп чогулууга тыюу салган. Ошондой эле премьер-министр Борис Жонсон ишембиде жарыялаган билдирүүгө ылайык... Читать дальше...

Минск шаарында «Акыйкаттык жүрүшү» өтүп жатат

Azattyk.org 

20-сентябрда Беларустун Минск шаарында кезектеги ири акция өтүп жатат. «Акыйкаттык жүрүшү» деп аталган акцияны айрым чет өлкөдөгү Беларус жарандары да колдоп чыкты. Мунун алдында 19-сентябрда Минскиде аялдардын тилектештик маршы өткөн. Анда ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармап кеткен. Беларустун Ички иштер министрлиги өткөн күнкү акцияда 430 адам кармалганын кабарлады. Мекеме алардын ичинен 385и 20-сентябрда кайра коё берилгенин билдирди. Аялдардын тилектештик маршына чыккандар кармала баштаганда... Читать дальше...

Вашингтон БУУнун Иранга каршы бардык санкцияларын жандантты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары Европадагы өнөктөштөрүнүн каршылыгына карабастан БУУнун Иранга каршы бардык санкцияларын бир тараптуу жандантты. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 19-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Вашингтон БУУнун санкцияларын катаалдаштыруу үчүн кошумча чараларды жарыяларын билдирди: - Эгер БУУга мүчө мамлекеттер бул санкциялардын ишке кириши боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса, АКШ ички ыйгарым укуктарын пайдалануу менен бул үчүн чара көрүүгө даяр. АКШнын бул билдирүүсүнөн... Читать дальше...

Иранда абакта ачкачылык жарыялаган укук коргоочу ооруканага которулду

Azattyk.org 

Тегерандагы Эвин түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде жүрөк оорусунан улам ооруканага которулганын жолдошу Реза Хандан билдирди. Анын сөзү боюнча, Сотуде коронавирус пандемиясынын шартында Ирандагы саясий туткундар абакта туш болуп жаткан тобокелдиктерге нааразы болуп 11-августта ачкачылык жарыялаган. Реза Хандан жубайынын жүрөгү ооруп, деми кыстыгып жатканын, оор абалда кардиология бөлүмүнө жаткырылганын жазды. Сотуде буга чейин коронавирус жайылуу коркунучуна карабай... Читать дальше...

Өзбекстанда коронавирус жуккан вице-премьер каза болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев 56 жашында көз жумду. Жергиликтүү басылмалардын 20-сентябрда жазганына караганда, ал коронавируска чалдыгып, андан кийин инсульт болгон. Дарылануу үчүн Германияга жөнөтүлүп, ошол жакта үзүлгөн. Бирок расмий булактарда мындай маалымат жок. Маркумду Бухарада жерге берүүгө камылга жүрүп жатканы, президент Бухарага барары кабарланды. Барноев 2016-жылдын декабрынан 2020-жылдын февралына чейин Бухара облусунун акими болгон. Кийин өкмөт башчынын агрардык... Читать дальше...

Ат-Башы районунда эки кишиден күйдүргү чыкты

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун эки тургунунан күйдүргү (Сибирь жарасы) чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов кабарлады. Анын сөзүнө караганда, 11-сентябрда Ат-Башы районунун Кара-Тал айылынын тургуну колуна жара чыкканын айтып, аймактагы ФАПтын дарыгерлерине кайрылган. Анализ алынып күйдүргү жукканы аныкталган. Ал 2-сентябрда Коенду-Колот жайлоосунан ичи көөп кеткен уйду алып келип, Кара-Тал айылынан төрт киши союп алышканын айтып берген. Этти 12 бөлүккө бөлүп сатышкан. Читать дальше...

Депутат Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылганын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынан талапкер Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты «Азаттыкка» ал өзү ырастады. Анын сөзү боюнча, 17-сентябрда өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган Бектур Калиев деген адам телефон чалып күбө катары суракка келүүнү өтүнгөн. Бирок расмий чакыруу келген эмес. «Эмне иш боюнча чакырып жатканын тактаган жокмун. «Мен үгүт иштери менен аймактарда жүрөм, суракка бара албайм» десем... Читать дальше...

Химик Мирзаянов: Навальныйга калыбына келүү үчүн бир жыл керек

Azattyk.org 

АКШда жашаган советтик химик Вил Мирзаянов Орусияда ууландырылган оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын ден соолугу бир жылдын ичинде калыбына келиши мүмкүн экенин айтты. Уулуу «Новичок» затын иштеп чыккандардын бири Мирзаяно «Дождь» телеканалынын эфиринде Алексей Навальныйдан кечирим сурады. «Навальный ууландырылган затты иштеп чыгуу боюнча кылмыштуу бизнеске аралашканым үчүн кечирим сурайм», - деди ал. Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва багытындагы учакта эсин жоготкон. Учак Омскиге чукул конуп... Читать дальше...

Минскидеги аялдар маршында жүздөгөн адамдар кармалды

Azattyk.org 

Беларустун Борбору Минск шаарында 19-сентябрда аялдардын тилектештик маршында ОМОНдор жүздөгөн адамдарды кармады. Автозактарда аларды киргизүүгө орун да калбай калды. Ак-кызыл-ак түстүү желек, SOS деген жазуусу бар плакаттарды көтөргөн демонстранттар колонна болуп басышты. Алар «Журналисттерге рахмат», «Биз ишенебиз, биз жасайбыз, биз жеңебиз» деп ураан чакырышты. «Азаттыктын» беларус кызматы маршка чыккандар миңден кем болбогонун кабарлады. Жолдон аларды айдоочулар да колдоп турушту. ОМОНдор... Читать дальше...

Бишкекте милиция бычак менен коркуткан адамга ок чыгарды

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда милиция кызматкерлери колунда бычагы бар кишиге эки жолу ок чыгарганы тартылган видео тарады. Анда бир адам күч кызматкерлерине бычак менен тап берип жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда милициянын бири аны бутка аткан. Ок тийген-тийбегени белгисиз. Көчөдөн өтүп бараткан адамдар колунда бычагы бар кишини артынан кармап, күч кызматкерлерине жардам беришкен. Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуя 18-сентябрда Бишкектин жака белиндеги Төмөнкү Ала-Арча айылында болгонун кабарлаган. Читать дальше...

Аба ырайы: үшүк жүрөт

Azattyk.org 

Чукул билдирүү: 20-21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 21-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27; Талас жергесинде түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлер 3200гө жакындады

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча эки медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Экөө тең Баткен облусунан. Андан тышкары COVID-19 илдети жуккан төрт медкызматкер ооруканалардан, үй карантининен 18 дарыгер айыгып чыкты. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 199 учур катталды, алардын ичинен 2 801и айыкты. Расмий маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери 70тен ашык медицина кызматкерлери бул оорудан каза болду. ... Читать дальше...

Жаштардын телетаймашы: Лимон, жол кире жана бийлик

Azattyk.org 

Парламентке аттанган талапкерлердин дебаты уланууда. 18-сентябрда КТРКдагы телетаймашта «Ата Мекен», «Биримдик», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Чоң казат» партияларынын жаш талапкерлери элдин элегинен өтүштү. Телетаймаштарда талапкерлер бири-бирине суроо узаткан бөлүгүнө гана токтололу. Дебатта бийликтин партиясы саналган «Биримдиктин» өкүлү Акылбек Жамангуловго башка атаандаштары тарабынан эң көп суроо берилди.   «Чоң казат» партиясынын талапкери Бекжан Рысмендеев «Биримдиктин» ураанын кескин сынга алды. Читать дальше...

Чаткалда кендеги кырсыктан бир адам мүрт кетти

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казылып жаткан аймакта таш кулап бир адам мүрт кетип, бирөө жаракат алды. Чаткалдагы кырсыкты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады. Окуя 17-сентябрь түнү кен казган «Кичи-Чаарат» компаниясынын шторнигинин биринде таш кулап, Ысык-Көл облусунун бир тургуну каза болгон. Ал эми экинчиси, Токтогул районунун тургуну ооруканага жеткирилген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *