Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 19.09.2020

Кудайдын атынан сүйлөөгө эч кимдин акысы жок

Azattyk.org 

Башка цивилизация очокторунун, бөлөк этностун, диндин, расанын өкүлдөрүнө каршы тукуруу далаалаттары Исламдын жана башка диндердин негизги принциптерине каршы келет. Дин жана философия өңүттөрүн иликтеген серепчи Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.

Кыргызстанды артка тарткан үч чыккынчы

Azattyk.org 

Мурдагы элчи Раимкул Аттокуровдун Кыргызстанда Орусияга кошулуу маселеси кызуу талкууланып жатат деген сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Аны "чыккынчы" деп, жоопко тартууну талап кылгандар да бар. Биз бул ирет чыккынчылар деп кимдерди таанып, Кыргызстандын эгемендигин кантип сактап калуу керектигин талкуулап көрөлү. Чыккынчы - зат. Элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү же жашыруун сырды, ишти душманга билдирип айтып коюучу киши. (1969-жылы... Читать дальше...

Тойго барбай саякаттаган спортчу жубайлар

Azattyk.org 

Чолпон Даниярова күйөөсү Калыбек Кадыр менен чогуу жашаганына 30 жылдан ашты. Спортту сүйгөн түгөйлөр жайында Кыргызстанда авто үйдө жашап, суук түшкөндө ысык өлкөлөргө кетишет. Алар саякат менен спортту айкалыштарган жашоо образына кантип келгенин, 50дөн кийин күндө жумушка барбай кантип жашоонун маңызын чыгарып жашаса болоорун айтып беришти.

«Media CAMP Award-2020» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы журналисттер арасында уюштурулган «Media CAMP Award-2020» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. “Бийлик жана коом” номинациясы: 1-орун – Александра Ли жана Метин Жумагулов (Кыргызстан), Гүлнара Амиршоева (Тажикстан); 2-орун – Лукпан Ахмедяров жана Рауль Упоров (Казакстан); 3-орун – Алиса Масалева (Казакстан). “Жардам берүү мезгили” номинациясы: 1-орун – Алия Хамидулина (Тажикстан); 2-орун – Айжамал Түгөлбай кызы (Кыргызстан), Оксана Габитова (Казакстан); 3-орун – Елена Яковлева (Кыргызстан). Читать дальше...

Бишкекте шайлоо тилкелеринде адамдарды каттоо системасы иштебей жатат

Azattyk.org 

№2 форманы толтуруш үчүн Бишкекте шайлоо тилкелеринде шайлоочуларды каттоо системасы иштебей, кишилер кезек күтүп турганы тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады. Бишкектин Ленин районундагы №1047 шайлоо тилкесинде да адамдар каттоодон өтө албай жатат. БШКнын Ленин району боюнча системдик администратору Самат Турусбеков «Азаттык» радиосуна Бишкек шаары боюнча ушундай маселе бар экенин айтты.   Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкекте буга чейин эки эле шайлоо участкасында маселе жаралып... Читать дальше...

Пактия провинциясынын жетекчисинин кеңешчиси атып өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын расмий бийлик адамдары өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясынын башчысынын кеңешчиси Аюб Гарвалды белгисиз жоочулар атып кетишкенин кабарлашты. Ооганстандын президенти Ашраф Гани Гарвалдын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары ага 19-сентябрда провинциянын Гардез шаарындагы университетке баратканда кол салуу болгонун жазышты. Азырынча Аюб Гарвалдын өлүмү боюнча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек, бирок бул аймакта талибдер эбактан бери эле бар.... Читать дальше...

Президент: Темир жол долбоору боюнча Орусия менен сүйлөшүп жатабыз

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга жасаган расмий сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланганын билдирди. Президент 19-сентябрда «Биринчи радиодогу» маегинде бул долбоор Кыргызстан үчүн керек экенин, пандемия учурунда чек аралар жабылганда өлкө оор абалда калганын эске салды. Бул долбоор боюнча эксперттер иштеп жатканын, аны ишке ашырууга Кытай тарап да кызыкдар экенин кабарлады. Орусия менен да сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады. Читать дальше...



«Эжем атеист, иним мусулман, мен – машаякчымын»

Azattyk.org 

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет. Ал Бишкектеги “Теңир жыйыны” аттуу диний уюмду жетектеп келе жатканына 20 жылдан ашты. Машаякчылык Кайырбектин жашоосуна кандай таасир эткенин бул эпизоддон угуп көрүңүз. Подкаст жана автор тууралуу: Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст Элмурат Аширалиевдин... Читать дальше...

Жээнбеков партиялар популисттик убадаларды берип жатканын айтты

Azattyk.org 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышып жаткан айрым партиялар үгүт иштеринде президентти сындап упай топтоп атат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 19-сентябрда «Биринчи радиого» курган кезектеги маегинде билдирди. Журналисттин суроосуна жооп берип жатып талапкерлердин берген айрым убадаларына токтолду. Анын сөзүнө караганда, партиялар депутаттарды азайтуу тууралуу айтышканы менен конституциялык реформа боюнча сөз кылышкан жок. Себеби, депутаттардын саны Баш мыйзамда каралган. Читать дальше...

“Кудайдын астында күнөөнүн чоң-кичинеси болбойт” (аудио)

Azattyk.org 

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Кайырбек машаякчылык жөнүндө айтып берет.

Президент: Добуш сатып алуу фактылары боюнча кайрылгандар жок болуп жатат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосуна» кезектеги маегин берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди. «Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр... Читать дальше...

Боронов: Үч айга жете турган дары-дармек бар

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстанда ушу тапта зарыл медикаменттердин үч айга жете турган көлөмү бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 19-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты. «COVID-19дун экинчи толкуну болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбашы үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», - деди Боронов. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта... Читать дальше...

Онлайн окуу энелердин эсин оодарды

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуусунун түйшүгү тууралуу баарлаштык. Адистер ата-энелер пандемияга чейин балдарынын билимине түзүк маани бербегендиктен онлайн окуу аларды чарчатып жатат деген пикирде. Сиз кандай ойдосуз?

Партиялар сунуштаган «экономикалык кереметтер»

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын программасы бир сыйра жарыяланып бүттү. Адистер жана шайлоочулар андагы багыттарды колу жетишинче талдап жатышат. Бул жолу «Азаттык» саясий жарышка түшкөн топтордун экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштары жана убадалары тууралуу сөз кылмакчы. Жаңы секириктер парады Биз темабызга Борбордук шайлоо комиссиясынын talapker.shailoo.gov.kg сайтында жарыяланган партиялардын программаларын негиз кылып алдык. Буга кошумча партия өкүлдөрүнүн КТРК телеканалы... Читать дальше...

Чукул билдирүү: Үшүк жүрөт

Azattyk.org 

20-21-сентябрь күндөрү түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана кээ бир райондордо 0…-2° болуп үшүк жүрүшү мүмкүн. 19-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланат. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Читать дальше...

Өзбекстанда 11 жаштагы бала коронавирустан каза болду

Azattyk.org 

Ташкент облусунун тургуну, 11 жаштагы бала коронавирустан 17-сентябрда каза болгон. Ал Өзбекстанда бул илдеттен көз жумгандардын эң жашы. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бейтап 5-сентябрда мурдунан кан токтобой, дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп келгенин кабарлады. Рентгенден анын өпкөсүнүн 50 пайызы жарабай калганы аныкталып, дарыгерлер ага коронавирус деген диагноз койгон. Ал ПЧР тесттен да аныкталган. Ушуну менен Өзбекстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор 415 кишиге жетти. Читать дальше...

Коронавирусту дарылоону үйрөткөн жаш дарыгер

Azattyk.org 

Роттердам Эрасмус университетинин аспиранты, Москвадагы шаардык терапевттер биримдиги түзгөн эл аралык коронавирусту изилдөө тобунун мүчөсү Амир Талипов медициналык академияларда окуган студенттерге вирусту дарылоо, аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды, дүйнөлүк тажрыйбаларды үйрөтүү үчүн акысыз курс ачты. Ага Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун бир нече студенти катышууда.

Статистика комитети: уюк операторлорунун Интернетин колдонгондор көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2019-жылы уюк операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн киреше 2018-жылга салыштырмалуу 13% азайып, 12 миллиард сомго жакындады. Ошол эле учурда Интернет берүү боюнча кызмат көрсөтүү 23% көбөйүп, 4,5 миллиард сомду түздү. Улуттук статистика комитети уюк операторлордун байланыш кызматтарынын көлөмүнүн төмөндөшүн эл арасында «WhatsApp», «Skype», «Viber» жана башка тиркемелерди колдонгондор көбөйгөнү менен байланыштырды. Статистика комитети байланыш операторлордун Интернетин колдонгон... Читать дальше...

Талашы бүтпөгөн теңирчилик

Azattyk.org 

“Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын талашына чекит коюлбай келаткан теңирчилик темасына арнайбыз.

Коронавирус дагы тогуз медициналык кызматкерден аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир сутка ичинде өлкө боюнча тогуз медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Алардын ичинен Баткен менен Ош облустарында төрттөн, Жалал-Абадда бир медкызматкер. Андан тышкары COVID-19 илдети жуккан төрт медициналык кызматкер ооруканалардан сакайып чыкты. Үй карантининен 15 дарыгер чыгарылды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 197 учур катталды, алардын ичинен 2 779 медкызматкер айыкты. Расмий маалымат боюнча, коронавирус пандемиясы... Читать дальше...

Коронавирустан каза болгондор жок, 91 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 19-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдет дагы 91 бейтаптан аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 30 киши. Бишкекте – 9; Чүйдө – 6; Ош облусунда – 17; Таласта – 1; Нарында – 1; Ысык-Көлдө – 15; Жалал-Абадда – 12. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору 45 335 адамга жукту... Читать дальше...

Бюджеттеги ар бир төртүнчү сом мамлекеттик карызды төлөөгө кетүүдө

Azattyk.org 

2020-жылдар Кыргызстандын бюджети үчүн эң оор учур болот, анткени бул он жылдыкка мамлекеттик карыздарды төлөөнүн туу чокусу туура келет. 2020-жылдын жети айында республикалык бюджеттин чыгымдары 74,6 млрд. сомду түздү, анын 18 млрд. сому мамлекеттик карыздарды жабууга кетти. Башкача айтканда, өкмөт болгон акчанын 24,2% карыздарды жабууга сарптады. Жыл башынан билим берүүгө канча акча сарпталса, карыздарды төлөөгө дээрлик ошончо каражат кетти, ал эми саламаттык сактоо тармагына жумшалчу каражаттан 12 эсе көп сарпталды. Читать дальше...

Орусия Кыргызстан менен аба каттамын 21-сентябрда жандантат

Azattyk.org 

«Интерфакс» агенттиги Орусиянын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 21-сентябрдан баштап Кыргызстан, Казакстан, жана Беларус менен авиакаттамдар жандана турганын билдиргенин жазды. Учактар жумасына бир жолу каттап турат. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев буга чейин Кыргызстан Орусия тарапка аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуш бергенин, ал колдоо тапса туруктуу каттамдар ачыларын айткан. Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тарта Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *