Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2021

Новости за 14.03.2021

Шайлоого жакын жаңырган "халифат" кыялы

Azattyk.org 

"Жарандык көзөмөл комитети" деп аталган уюм Кыргызстандагы мечиттердин биринде тартылган видеодогу аялдар тууралуу диний насаатка тынчсыздануусун билдирип, муфтияттан түшүндүрмө сурады. Кыргызстандагы мечиттердин биринде тартылган видеодо диний насаат айтып жаткан киши 8-март - аялдардын тилектештик күнү ислам динине каршы келээрин айтып жатканын көрүүгө болот. Кырнетте (кыргыз тилдүү Интернет айдыңында) тараган бир мүнөттүк бул видео дин боюнча талашты күчөттү. "Жарандык көзөмөл комитети"... Читать дальше...

Бирмада аскер огунан кеминде 18 адам мерт болгону кабарланды

Azattyk.org 

Бирмадагы аскердик хунтага каршы 14-марттагы демонстрациялардын жүрүшүндө полициянын огунан кеминде 18 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 14 демонстрант өлкөдөгү ири шаар Янгондогу нааразылык чарасын басуу учурунда мерт болгон, калган төрт адам башка шаарларда окко учту. Бирманын мамлекеттик телеканалы демонстрациялар учурунда бир полициячынын набыт болгонун кабарлады. Кытайдын Бирмадагы элчилиги кытай жарандарын жана мүлкүн коргоого чакырды. Читать дальше...

Америкалык конгрессмендер беларус блогери Лосикти бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Америкалык конгрессмендер Беларус бийлигин абакта кармалып жаткан блогер, "Азаттыктын" беларус кызматынын кеңешчиси Игорь Лосик жана башка “саясий туткундарды” бошотууга чакырды. Мындай билдирүүгө АКШ Конгрессинин Адам укуктары боюнча комиссиясынын теңтөрагалары, демократ Жеймс Макговерн жана республикачы Кристофер Смит кол койгон. Билдирүүдө: “Биз тогуз айдан бери жаш үй-бүлөсүнөн обочодо, абакта кармалып турган Игорь Лосикке карата жаңы айыптардын тагылышына терең тынчсызданып жатабыз. Биз Беларус... Читать дальше...

Иран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклиффтин үстүнөн кайра сот башталды

Azattyk.org 

2016-жылдан бери Иранда кармалып келген гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклифф айымга карата  «системага каршы үгүт» доосу боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу Загари-Рэтклиффтин адвокаты Хожат Кермани ирандык маалымат каражаттарына билдирди. Адвокат 14-марттагы сот отуруму тынч жана айыпталуучунун катышуусу менен өткөнүн айтып берген. “Ал акталат деп үмүттөнөм”, - деп Кермани билдирди. Жаңы соттук жүрүмдү Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб “кабыл алынгыс” деп сындап, Назанин... Читать дальше...

Орусия: "Муниципиалдык депутаттар" убактылуу кармалды

Azattyk.org 

Орусия полициясы Москвада ишембиде (13-мартта) өткөрүлө баштаган оппозициячыл иш-чарага катышкан 200гө жакын кишини кармап кетти.  Орус бийлиги кармалгандар "жарамсыз уюмдар" менен кызматташкан деп түшүндүрдү. Бул убактылуу кармоону АКШ бийлиги айыптап чыкты.  Виктор Вишневецкий - Орусиянын түндүк-чыгышындагы Коми Республикасынын борбору  Сыктывкар шаарында мунипипалдык депутат. Ал Москвадагы 13-марттагы жыйынга экологиялык активист жана журналист катары катышып,  өзү жашаган шаардын көйгөйлөрүн көтөрүүнү көздөгөн. Читать дальше...

Төө-Ашууда бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда 14-мартта бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» кызматкери жана тыгында турган айдоочулар кабарлашты. Жолдун тайгактыгынан жүздөгөн жеңил жана оор автоунаалар токтоп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы абалды жөнгө салыш үчүн №9 жол тейлөө ишканасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен чогуу иштеп жатканын кабарлады. Жол тыгыны жоюлганга чейин Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка»... Читать дальше...

Референдум дайындалды, талаш бүтө элек

Azattyk.org 

Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Президент Конституциянын жаңы долбоорун 11-апрелде референдумга чыгаруу жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирди. Ага ылайык, бүткүл элдик добуш берүү күнү шайлоочулар Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга «макул» жана «каршы» экенин билдирип, добуш берет. Мыйзам долбоорун демилге кылгандар... Читать дальше...

«Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген Айбек Осмонов депутаттык мандат алды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-мартта «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Осмоновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырды. Ал парламентке оорудан улам 28-февралда каза болгон «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун ордуна келатат. Айбек Осмонов жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов - «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Алар бул партия менен буга чейин Ошто жана Бишкекте шаардык кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен. ... Читать дальше...



Астронавттар Гловер менен Хопкинс ачык космостогу жумуштарды аткарышты

Azattyk.org 

Америкалык астронавттар Виктор Гловер менен Майк Хопкинс учурдагы космостук сапардын алкагында ишембиде (13-мартта) акыркы жолу ачык космос мейкиндигине чыгышты. Бул тууралуу «НАСА» космос агенттигине шилтеме кылуу менен «Ассошиэйтед Пресс» агенттиги маалымдады. Ачык космостук иш-аракети учурунда астронавттарга өзгөчө этият болууга туура келди, анткени Эл аралык космос бекетинин сырттагы муздатуу тутумунан агып чыккан уулуу аммиактын бөлүкчөлөрү алардын скафандрларына жугуп калышы ыктымал болгон. Читать дальше...

Баткен облус бийлиги Сох анклавы боюнча түшүндүрмө таратты

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына жол ачат деген маалыматтар туура эмес деген билдирүү таратты. Облустагы өкүлдүн бамса сөз кызматы тараткан маалыматта: “11-12-март күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган”, - деп айтылат. Облустук бийликтин кабарлашынча, эки өлкө башчыларынын... Читать дальше...

Европа Биримдигинин эмдөө стратегиясы жаатында талаш уланууда

Azattyk.org 

Европа Комиссиясынын төрагасынын орун басары Франс Тиммерманс Европа Биримдиги өзүнө мүчө мамлекеттердин калкын коронавирус илдетине каршы эмдөөнү камсыздоодо катачылыктарды кетирген болушу мүмкүн, – деп мойнуна алды. Германиянын Tagesspiegel гезитине берген маегинде Тиммерманс ЭБ бийликтери тарабынан да, айрым мамлекеттер тарабынан да каталар кетирилиши мүмкүн болгондугун белгиледи. Ошол эле учурда, Тиммерманс жаңылыштык же туура чечимдин кайсынысы көбүрөөк болгондугун толук баалоо үчүн эпидемиянын аягына чейин күтүп турууга үндөдү. Читать дальше...

Кишинин мээси качан толук жетилет?

Azattyk.org 

Блогер Элмурат Кочкор уулу улан-кыздар эрезеге жетип келе жатканда алардын кылык-жоруктарына жана инсан катары өнүгүү баскычтарына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Бишкекте талаптары башка эки акция өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 14-мартта кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Бул жолу да алар конституциялык реформага каршылык билдиришти. Уюштуруучулардын социалдык тармактардагы маалыматына ылайык, жыйырмадай активист Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.   "Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер... Читать дальше...

АКШнын Мамлекеттик катчысы орус бийлигин саясий каршылаштарды куугунтуктабоого үндөдү

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Москвада ишемби күнү оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын убактылуу кармалышын «шектүү негизде» жүзөгө ашырылды, деп баалады. "Орус бийликтери дээрлик 200гө жакын муниципалдык лидерлерди жана саясатчыларды, анын ичинде жигердүү саясатчылар Владимир Кара-Мурза менен Юлия Галяминаны шектүү негизде кармашты. Биз көз карандысыз үндөрдү куугунтуктоону токтотууга чакырабыз", – деп Блинкен 14-мартта (жекшемби күнү) өзүнүн «Твиттердеги» барагында жазды. ... Читать дальше...

Лукашенко: Беларус “Еврокөрсөтүү” сынагына башка ырды сунуштайт

Azattyk.org 

Беларустун өкүмдары Александр Лукашенконун айтымында, анын өлкөсү “Еврокөрсөтүү” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы  сынагына жаңы сунуш жибере алат. Бул өлкөнүн быйылкы алгачкы талапкеринин ыры “саясий” деп мүнөздөлүп, уюштуруучулар тарабынан четке кагылган болчу. Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры Лукашенкону мактап-жактаган саптары жана "Сага ыргак менен бийлөөнү үйрөтөм, Сага кайырмактагы жемди алууну үйрөтөм" деген сыяктуу сөздөрдү... Читать дальше...

Баткен менен Фергана облустарынын жетекчилери жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган бийлик өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов жетектеген делегация менен жолугушту. 13-мартта Баткендин Кадамжай шаарында өткөн жолугушууга эки өлкөнүн ишкерлери да катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады. Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу бардык багыттагы кызматташууну талкуулашты. Туризмди өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн... Читать дальше...

"Манасты" түркчө даңазалаган Хайретдин Ивгин

Azattyk.org 

Түрк жазуучусу Хайретдин Ивгин жазган “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Аталган роман буга чейин Түркияда үч жолу басылып чыккан.

Коронавирус дагы бир кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан дагы бир киши каза болуп, 32 кишиден вирус жаңы аныкталды. Каза болгон бейтап Ош облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу 14-мартта COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди. Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1481 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 850 киши. Анын 83 836сы айыгып чыкты. Читать дальше...

Министр: ӨКМ аскерлеринин арасында ашыкча салмактуулар көп

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев жакында министрликтин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү пландалып жатканын билдирип, кайра баалоонун себептеринин бири катары аскерлердин арасындагы ашыкча салмактуулуктан арылуу экенин белгиледи. “Аттестацияны өткөрүүгө бир нече себеп болду. Мен министр болуп келгенде эле көзгө илингени - аскер кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу экен. Экинчиси - алардын билим деңгээли бир аз төмөндөп кетиптир”, - деди министр. Ажикеев ӨКМнын бардык курамы аттестациядан өткөрүлөөрүн айтып... Читать дальше...

Баткенде жашырылган баңгизат жана курал табылды

Azattyk.org 

Баткен районунда баңгизат жана курал-жарактар, ок дарылар сакталган жер аныкталып, бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. “Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм. калибрдеги 37 даана ок жана жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана жыттанган зат табылды”, - деп билдирди атайын кызмат. Факт боюнча 11-мартта Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз... Читать дальше...

Нарында жылкыга чип коюла баштады

Azattyk.org 

Нарын облусунда жылкыларга электрондук чип коюла баштады. Ветеринарлардын айтымында, идентификациялоо аракети малдын сапатын арттырат. Мындан тышкары малдын каттоого алынышы менен жайыт акысын төлөө ирээттелет. Анткени көпчүлүк фермерлер жайыт акысын азыраак төлөө үчүн малдын санын толук айтпай келген учурлар жок эмес.

Сот коргоо министринин мурдагы ишин эскертти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп таап, 5 миллион сом айып пул жазасын чегерди. Бул кызматта турган министрге айыптоо өкүмү чыккан сейрек учур. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге байланыштуу иш 10-мартта Бишкек шаардык сотунда апелляциялык тартипте каралды. Шаардык сот Өмүралиевди актаган Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрдагы өкүмүн жокко чыгарды. Мекеменин басма сөз катчысы Айнура Жасынова соттун өкүмүн айтып берди. Читать дальше...

Орус полициясы Москвадагы оппозициялык жыйынга катышып жаткан 200дөй саясатчыны кармады

Azattyk.org 

Орусия полициясы Москвада ишембиде (13-мартта) өткөрүлө баштаган оппозициячыл иш-чарага катышкан 200гө жакын кишини кармап кетти. Алардын көпчүлүгү – оппозициячыл ишмерлер жана муниципалдык депутаттар. Бул – быйыл күздө боло турган шайлоону утурулай Кремлди сындагандарга каршы бийлик тарабынан жүзөгө ашырылган соңку зомбулук аракети болуп калды. 13-мартта Москванын “Измайлово” мейманканасында сентябрда өтө турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу талкуу кылууну көздөгөн шерине башталгандан... Читать дальше...

Президент Токаев учакта кырсыктагандардын жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Ишембиде Казакстандын ири шаары Алматыга конууга аракет кылып жатканда аскердик учак кыйроого учурады. Ал жерге конууга далаалат жасап жаткан чакта, анда өрт чыкты. Бул кырсыктын айынан учактагы төрт киши каза болуп, дагы экөө оор жаракат алышты. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети учак өз мекемесинин Чек ара кызматына таандык экендигин билдирди. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-мартта аскердик учак кыйраганда курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.   Токаев өзүнүн “Твиттердеги” барагында... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *