Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2021

Новости за 26.03.2021

Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлдубу?

Azattyk.org 

Дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери чечилбей келген кыргыз-өзбек чек ара маселесине 24-25-мартта чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын Ташкенттеги сүйлөшүүсүндө чекит коюлду. Бул маалыматты Кыргызстандан барган өкмөттүк делегациянын жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта журналисттерге билдирди. "Сүйлөшүүлөр оор болду. Ошого карабай чек ара 100% чечилди. Эми ортодо талаштуу жерлер жок. Орто-Токой суу... Читать дальше...

Кытай британиялык бир нече компания менен жарандарга санкция киргизди

Azattyk.org 

Кытай британиялык бир нече уюм жана жарандарга санкция жарыялады. Расмий Бээжин аларды Шинжаңдагы уйгурлар баштаган түпкүлүктүү улуттарга карата Кытайдын саясатын каралап, "жалган маалымат таратты" деп айыптоодо. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26-мартта жарыялаган маалыматта британиялык төрт уюм жана тогуз жаранга санкция салынганы айтылат. Алардын арасында британ парламентинин мүчөлөрү да бар. Санкцияга туш болгондор жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кытайга кире албайт, мүлктөрү  камакка алынат. Читать дальше...

Мээримге муктаж жаныбарлар

Azattyk.org 

"Мен үчүн адам менен жаныбардын айырмасы жок". "Азаттык плюстун" бул жолку каармандарын ушул ой бириктирип турат. Оор тагдыр күткөн ит-мышыктардын абалы жана аларга кайдыгер карабаган жүрөгү кең адамдар жөнүндө "Азаттык плюс" программасынан көрүңүздөр.

Түркия: Журналисттин өлүмүнө айыпталган мурдагы полициячылар өмүр бою абакка кесилди

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаардык соту түрк-армян журналисти Грант Динкти өлтүрүүгө айыпталган дагы төрт адамды өмүр бою эркинен ажыратты. Сот чечимине ылайык, Стамбул полициясында бир кездери жогорку кызматты ээлеген Рамазан Акйүрөк, анын орун басары Али Фуат Йылмазер, полициянын мурдагы кызматкерлери Явуз Каракая жана Мухаррем Демиркале өмүрү өткөнчө абакта кармалат. Армян-түрк тилинде чыккан «Агос» гезитинин редактору, 53 жаштагы Динк 2007-жылдын 19-январында Стамбулда чак түштө өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын... Читать дальше...

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта маалымат жыйынында Өзбекстан менен чек ара тактоо толук чечилип калганын билдирди. Ал Сох, Ворух анклавдары, Кемпирабад суу сактагычы, Үңкүр-Тоо тууралуу да кенен айтып берди. Назарыңыздарда видеонун толук варианты.

Египетте эки поезд кагылышып, 30дан ашык адам каза болду

Azattyk.org 

Египеттин түштүгүндө эл ташыган эки поезд кагылышып, кеминде 32 адам каза болду. Алтымыштан ашыгы түрдүү жараат алды. Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги Каирден 450 чакырым алыстыктагы Сохаг провинциясындагы кырсык болгон жерде бир нече "Тез жардам" бригадасы иштеп жатканын кабарлады. Өлкө президенти Абдель Фаттах ас-Сиси кырсыкка күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылды. Ал "Твиттердеги" баракчасына “бул кырсыкка шалаакылык, коррупция же башка себептен улам себепкер болгондор катуу жазага тартылышы керек”,- деп жазды. Читать дальше...

Пандемия: Министрликтеги коррупция

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы толук такталганын Камчыбек Ташиев билдирди. Пандемия күчөп турганда Саламаттык сактоо министрлиги зарыл жабдыктарды үч эсе кымбат сатып алган. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.



"COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен"

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 26-мартта "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китебинин бет ачары болуп өттү. Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат ресурсунда пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндө жүздөн ашуун маек бар. Маектерди журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова жүргүзүп, топтошкон.

Ошто мугалимдин өлүмүнө шектелген жаран кармалды

Azattyk.org 

26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 35 жаштагы мугалимдин өлүмүнүнө шектүү адамды колго түшүрдү. Маалыматка ылайык кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Шектүү кылмыш жасаган соң эски тааныштарынын биринин үйүндө жашынып жатканы белгилүү болду. Кылмышка далил буюм катары колдо кыскартылган ок атуучу курал алынган. Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (Пайда көрүү... Читать дальше...

Ташкентте кыргыз-өзбек өкмөт аралык жыйыны аяктады

Azattyk.org 

Өзбекстандын борбору Ташкентте бүгүн, 26-мартта премьер-министрлер Улукбек Марипов менен Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзбек тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун айрым тилкелерин долбоорлоого жана курууга катышууга даяр экенин билдирди. Тараптар темир жол аркылуу жүк ташуу шарттарын жеңилдетүүнү, Ташкенттен Ысык-Көлгө автобус каттамын ачууну, үчүнчү өлкөдөн автомашина менен... Читать дальше...

Бектур Асанов: Абакта "караларга" катышкандар сый үстүндө

Azattyk.org 

“Азаттык” Кыргызстандын абактарындагы чыныгы абалды, кыйноо фактыларын, бийлик менен криминалдык чөйрөнүн байланышын ачып берүү максатында “Абак азабы” долбоорун сунуштайт. Белгилүү саясатчы Бектур Асанов 2016-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган” деген айып менен камалган. Ал абактагы чыныгы абал, "каралар" менен бийликтин, "каралар" менен саясатчылардын мамилеси жөнүндө кенен айтып берди.

Ташиев: "Камбар-Ата -1" ГЭСи 2 млрд. долларга курулат

Azattyk.org 

«Камбар-Ата-1» гидроэлектростанциясын Өзбекстан менен чогуу куруу наркы 2 миллиард доллар деп болжолдонууда. Бул тууралуу 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди: «Өзбек мамлекети менен чогуу «Камбар-Ата-1ди» курабыз. Өмүр бою аны өзбектер башкарып каларын айтып жатышат. Андай болбойт. Биз жерди, сууну берсек, документтерин ырастап берсек, анан пайыздык бөлүштүрүүнү аныктайбыз. 2 миллиардын иштеп тапканча алар ошол жакта болот, 10, 20 же 25 жыл болобу, көрөбүз. Читать дальше...

Жалал-Абадда муниципалдык автоунаа базары ишке кирди

Azattyk.org 

2200 автоунаалык базарды куруу үчүн Жалал-Абад шаарынын бюжетинен 10 миллион сом корогон. Бул шаардын вице-мэри Элдос Таев билдирди.  Анын айтымында, учурда базардын ичине шагыл төшөлүп, тегереги тосулду. Электрондук система менен төлөм жүргүзүүгө ылайыкташкан дарбаза орнотулуп жатат. Базардан айына бир миллион сомдун тегерегинде пайда түшөт деген божомол бар. “Автоунаалар үчүн бастырма, ашкана жакынкы аралыкта курулуп бүтөт. Эки ай ичинде толук шарт түзүлүп бүтөт. Алдыда электрондук система... Читать дальше...

27-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

27-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда  маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Ташиев: Тажикстанга аткезчилик толук токтотулат

Azattyk.org 

Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче аткезчилик толук токтотула турганын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрөгасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде билдирди. “Буга чейин аткезчиликке ийкемдүү мамиле жасалып келген. Мыйзамсыз иштер орун алган учурлар болгон. Эми мындай болбойт. Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт. Ошол эле учурда Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт”. Баткенден Тажикстанга күйүүчү майдан тышкары Кыргызстандан өндүрүлгөн бир... Читать дальше...

Молдовада экинчи жолу өкмөт башчы шайланбай калды

Azattyk.org 

Молдованын социалисттер басымдуулук кылган парламенти экинчи жолу өкмөт башчыны беките алган жок. Премьерликке сунушталган Игорь Гросу жетиштүү добуш топтой албады. Добуш берүүнүн алдында парламентте көпчүлүктү түзгөн социалисттер менен «Молдова үчүн» блогунун депутаттары жыйындан чыгып кетишти. Батышты жактаган «Аракет жана тилектештик» партиясынын лидери Гросунун талапкерлигин премьер-министрликке президент Майя Санду өткөн аптада сунуштаган. Ал эми орусиячыл Социалисттик партия альтернативдүү... Читать дальше...

Кемпирабад плотинасы Өзбекстанда калат, сууну эки өлкө биргелешип пайдаланат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын территориясы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашты. Бул тууралуу 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, демаркация болгондо Өзбекстан Кыргызстанга компенсация иретинде Анжиян облусунун ичинен 1000 гектар жер берет. Мындан тышкары, Шахрихансай каналынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга калтырылып... Читать дальше...

УКМК: Коррупциялык иштерден 4 миллиард сом өндүрүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүдөн 4 миллиард сом чогулду. Эсеп күн сайын толукталып жатканын Улуттук коопсуздук  комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйында билдирди. “Мына кечээ Аманкулов козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирген зыяндын белгилүү бөлүгүн төлөп берди. Ал жөнүндө жакында маалымат беребиз. Андан мурда судья 70 миллион сом төлөдү. Бабанов 100 миллион сом берди. Биз андан бюджетти колдоо үчүн жардам сураганбыз. Андыктан бюджетке күнүгө миллиондой сом түшүп жатат. Читать дальше...

Кыргызстан Тажикстан менен Ворух анклавын алмаштырууга даяр

Azattyk.org 

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавын Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен алмашууга даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрөгасы Камчыбек Ташиев 26-мартта журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди. “Тажикстан менен негизги чек ара маселеси – бул Ворух анлавы. Бул аймак 12 миң гектардын тегерегинде. Аны Лейлек же Баткен районунун башка жерлеринен алмашууга даярбыз. Ворух анлавынын ордуна Кыргызстандын кайсы аймагы жарактуу деген негиздемени Тажикстан тарапка берип койдук. Читать дальше...

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта басма сөз жыйын куруп, Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Чек ара маселесине чекит коюлабы? Камчыбек Ташиев маалымат жыйында “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "чек ара маселеси 100%" чечилди деп билдирди. Анын айтымында, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду. Читать дальше...

Түркиядагы уйгурлар Кытай министринин сапарынын алдында акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Түркиядагы этникалык уйгурлар Кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы саясатына каршы акцияга чыгышты. Анкара менен Стамбулда өткөн акциялар Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Түркияга сапарына нааразылык иретинде өттү. 25-мартта Стамбулдагы Беязит аянтына чогулган 1000дей адам түрк өкмөтүн Шинжаң боюнча катуу позиция карманууга чакырышты. Алар колдоруна Кытайда лагерлерде, түрмөлөрдө отурган жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп, «Кытай диктатор», «Уйгурлардын геноцидин токтотуп, лагерлерди жапкыла» деген ураандарды чакырып жатышты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *