Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2021

Новости за 28.03.2021

Түркмөн Сенатына шайлоо күнү шайлоочуларга добуш берүүгө 2 гана саат берилди

Azattyk.org 

Түркмөнстан 28-мартта жаңы түзүлүп жаткан Сенаттын 48 оруну үчүн атаандашкан 112 талапкердин ичинен иргеп, алгачкы шайлоону өткөрдү. Дүйнөдөгү өзгөчө өкүмзор бийлиги бар өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Борбордук Азиядагы бул мурдагы советтик жумуриятта өткөрүлгөн шайлоонун талапкерлеринин арасында бир дагы оппозициячыл талапкер болгон жок. 63 жаштагы авторитардык төбөл, президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жеке керт башына сыйынуу мамлекеттик саясатка айланган азыркы Түркмөнстанда кайчы ой-пикирлерге... Читать дальше...

Пакистан полициясы Хайбер-Пахтунхва вилайетинде нааразылык жүрүшүнө бөгөт койду

Azattyk.org 

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва вилайетинин полициясы Ооганстан менен чек арага жакын аймакта төрт өспүрүм баланын өлтүрүлүшүн тергөө боюнча талаптарын билдирүү үчүн Исламабадга жүрүш жасоого далаалат кылган миңдеген демонстранттарды токтотту. Жани Хел шаарынын тегерегиндеги элет аймагынан келген 3000ге жакын демонстрант 28-мартта таң эрте жеңил автунаа, жүк ташуучу унаа жана мотоциклдерден турган нааразылык кербенинин жүрүшүн башташты. Бирок бул кербен жүрүшүн Банну шаарынан... Читать дальше...

Статистика: Өткөн жылы микрокредит алгандар 82 миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 2020-жылы 707 миң адамды түздү. Аларга жалпы 31 млрд. сомдон ашык насыя берилди. 2019-жылы 624 миң адамга 30 млрд. сомдон ашык насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2020-жылы микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6% - айыл чарбасына, 28,2% - керектөөгө, 10,4% - соода жана кызмат көрсөтүүгө, 8,1% - курулушка берилген. 2018-жылдагы Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана каттоодон өткөн. (TSh)

Кыргызстанда ундун баасы бир жылдын ичинде 12% өстү

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48,45 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 38,97 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорку сорттогу ун 13,2%, биринчи сорттогу буудай уну 10,8% өстү. Улуттук статистика комитети ундун баасы боюнча 18 калктуу конушта, шаарларда мониторинг жүргүзгөн. Улуттук статистика комитети буга чейин кабарлагандай, бир жылда өсүмдүк майы - 54,6%, картөшкө - 46,3%, жумуртка - 35,4%... Читать дальше...

Борбор Азиядагы алака-катыштын арышы

Azattyk.org 

Айрым эл аралык интернет басылмалары Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, чек ара көйгөйлөрүн чечүү маселесине көңүл буруп, соңку мезгилде Кытай Борбор Азия чөлкөмүнөн экологиялык таза өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын сатып алууга кызыкдар болуп жатканын жазды.

12 өлкөнүн штаб башчылары Бирманын аскерлерин зомбулукту токтотууга үндөштү

Azattyk.org 

Улуу Британия, АКШ, Германия баш болгон 12 өлкөнүн Башкы штабдары Бирмада аскерлердин демонстранттарга кол салуусун айыпташты. 27-мартта бул өлкөдө бийликти басып алган аскерлерге каршы акциялар өтүп, митингчилер менен аскерлердин кагылышуусунан 100дөй адам каза болду. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңсеси "үрөй учурган зордук-зомбулук" жана өлкөнүн ар кыл аймактарында ишембиде "көптөгөн кишилер, анын ичинде балдар да өлтүрүлгөнү" тууралуу кабар жеткенин маалымдады. 12 өлкөнүн Башкы штаб башчылары аскерлер элди кордоп эмес... Читать дальше...

Бишкек: Мектептер жана бала бакчалар азырынча толук ачылбайт

Azattyk.org 

Бишкекте мектептерде жазгы каникулдан кийинки окуу процесси үчүнчү чейректегидей тартипте уланат. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна борбор калаанын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1, 2, 3, 4, 5, 9, 11-класстар мектепке барып окушат, ал эми 6, 7, 8, 10-класстардын сабактары аралыктан жүргүзүлөт. Бала бакчалар да азырынча толук ачылбайт. Мектепке даярдоо жана муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн ачылган өзүнчө топтор гана иштей берет. Читать дальше...

Казакстанда митингге чыккандар кармалды

Azattyk.org 

27-мартта Казакстандын Алматы сыяктуу ири шаарларында бир катар оппозиция өкүлдөрү бийликтин ички-тышкы саясатына жана Кытайдын Шиңжаң аймагындагы адам укуктарынын одоно бузулушуна каршы митинг өткөрөөрдө кармалып кетишти.



Бишкекте "Баштан башта" кыймылынын кезектеги жүрүшү өттү

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 28-мартта "Баштан башта" кыймылынын кезектеги акциясы өттү. Марштын катышуучулары адаттагыдай эле алгач Эркиндик бульварына чогулуп, Ала-Тоо аянты көздөй жүрүш жасашты. Акцияга 15 чакты адам катышты. Кыймылдын өкүлү Улан Үсөйүн "Мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты, коопсуз, өнүккөн өлкөнү талап кылууну уланта беребиз" деп билдирди. "Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (RK)

Индонезияда чиркөөнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адам каза болду

Azattyk.org 

Индонезияда бүгүн, 28-мартта католиктердин чиркөөсүнүн жанындагы жардыруудан кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече адам жараат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя Макасар шаарында адамдар чиркөөдөн чыгып келе жаткан учурда болгон. Полиция жанкечти адам жардыргыч затты жардырып жибергенин айтууда. Азырынча бул террордук чабуулдун артында ким турары белгисиз. Чиркөөнүн кызматкерлеринин айтымында, жанкечти ал жерге мотоцикл менен барган жана чиркөөнүн ичине кирүүгө аракет кылган. Читать дальше...

29-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

29-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, кээ бир райондордо жамгыр катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 1…6; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 1…6; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1... Читать дальше...

Лифттин шахтасына кулаган кыздын абалы оор деп мүнөздөлдү

Azattyk.org 

Бишкекте көп кабат имараттын лифтинин шахтасына түшүп кеткен кыздын абалын “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери оор деп мүнөздөштү. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна кызматтын жетекчисинин орун басары Болот Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, кыз болжол менен 15 метрлик бийиктиктен кулаган: “Биз алдын ала диагноз коёбуз. Кыздын омурткасы сынган жана мээси чайкалган деген баштапкы диагноз менен ооруканага жеткирдик”. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда... Читать дальше...

Кыдыралиев: Океев мени кучактап алып ыйлаган

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиевдин таланты “Ак илбирстин тукуму” кинотасмасы аркылуу ачылып, даңазалуу актерго айланган. Ал “Азаттыкка” сыябан маек куруп, 40 жыл мурда тартылган фильмдин машакаты менен ырахатын, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин табылгаларын эскерди.

Шайлоого эң көп шаардан катышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" болууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл шаардык кеңештерге шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы эң көп жерден катышып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка караганда, бул жолу 28 шаарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого 59 партия катышууда. Алардын арасынан «Ата-Журт Кыргызстан» 21 шаарда, «Өнүгүү-Прогресс» 17, «Замандаш» 16, «Ыйман Нуру» 15, «Ынтымак» 14, «Социал-демократтар» 13, «Республика» 12, «Эмгек» 11 шаарда ат салышып жатыт. «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуу Журт» партиялары 10, «Бирге-Вместе» алты... Читать дальше...

Борбор Азия президенттеринин эрке күйөө балдары

Azattyk.org 

Борбор Азияда көп жылдар бою жетектеген президенттер менен катар алардын күйөө балдары да көп сөз кылынат. Серепчилердин айтымында, алар өз өлкөлөрүндө коррупциянын жана тууганчылыктын өнүгүшүнө салым кошуп, бирок кайнатасынын каарына калып калган күйөө балдар дароо "бардык ийгиликтерден" кол жууп калышы мүмкүн. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Атабек Умаров быйыл февралда Ташкенде жол кырсыгына учураган. Ал айдап бараткан мотоциклди башка бир машине сүзүп, Умаровду бетон каркас басып калган. Читать дальше...

ӨКМ: Кара-Сууда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Ош облусунда медреседе чыккан өрт өчүрүлдү, адамдар жабыркаган жок. Окуя 27-мартта кечки саат ондон өткөндө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Суу районундагы Анжиян айылында жайгашкан медреседе болгон. Тилсиз жоо менен өрткө каршы үч бөлүм алышып, 15 милиция кызматкери жана электр жумушчуларынан бир бригада тартылды. Медресенин эки кабат окуу корпусунун шыбы жана 156 чарчы метр чатыры толук бойдон күйүп кетти.  Дин комиссиясынын маалыматына караганда... Читать дальше...

Фарид Ниязовдун адвокаты анын оорусу боюнча Башкы прокурорго кайрылды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун адвокаты Башкы прокуратурага кайрылып, анын бөгөт чарасын өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев “Азаттык” радиосуна 27-мартта билдирип, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу арызын жолдогонун айтты. Жактоочунун белгилешинче, Жазык-процесстик кодекстин 118-беренесине ылайык, кылмышка шектүү адамда оор илдет аныкталса, анын бөгөт чарасын жумшартса болот жана бул үчүн мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган... Читать дальше...

Нуссбергер: Баш мыйзамдын долбоорунда президенттин бийлиги көп

Azattyk.org 

Жакында Венеция комиссиясы жана Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) атайын кеңсеси Кыргызстанда 11-апрелде референдумга коюлганы жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Алматыда топтолуп "ооз ачууга" жана жума намазга чогулууга убактылуу тыюу салынды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарында 21-мартта бир жумага киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү 12-апрелге чейин узартылды. Шаардык бийликтин жаңы буйругу менен Орозо айында “ооз ачтыруу” жөрөлгөсүн көп киши чакырып өткөрүүгө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына он кишиден ашык чогулууга тыюу салынды. Жума намазына мечиттерге жана чиркөөлөрдө жекшембилик жыйынга чогулууга да уруксат жок. Мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан окууга өтүшөт. 26-мартта Алматыда коронавирустун тез жайылуучу жаңы түрү аныкталган. Читать дальше...

COVID-19: Ооруканада жаткан 528 бейтаптын төртөөнүн гана абалы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустан дарыланып ооруканада жаткан бейтаптардын дээрлик баарынын абалы жакшы эмес. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 28-марттагы маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканаларда 528 бейтап жатат, алардын төртөөнүн гана абалы канааттандырарлык.   Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат. 133 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен ооруканада жаткандардын 25,1% түзүүдө. Бейтаптардын 3,5% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 19 адам. Читать дальше...

Ворух маселеси, эки элдин үмүтү

Azattyk.org 

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы маселелерди чечүү үчүн Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен жерди алмаштырууну Тажикстанга сунуштаганы маалым болду. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында Тажикстан менен чек ара көйгөйүн чечүү аракеттери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, азыр Ворух анклавы негизги маселе болуп жатат. Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылдарында жашагандар Ворух анклавына байланышкан маселе чечилсе чыңалуу кыйла жеңилдеп... Читать дальше...

“Реформа” жана КЭДП өз алдынча дебатка чыкмай болушту

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан эки саясий партия бири-бири менен өз алдынча дебат уюштурмай болушту. Бул тууралуу 28-мартта “Азаттык” радиосуна беттештин модератору Данияр Аманалиев билдирди. Анын айтымында, "Бишкек тандайт" онлайн дебаты 1-апрелде өтөт. Ага “Реформа” жана КЭДП (Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы) партиялары катышат. Беттешти эки партия өз демилгеси менен биргелешип уюштуруп жатышат. “Эки партиянын ортосунда эле өтөт. Дебаттын түз трансляциясын Facebook жана YouTube аркылуу көрсө болот. Читать дальше...

Дубнов: Чек ара келишими Борбор Азия үчүн маанилүү окуя

Azattyk.org 

Орусиялык саясий эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын толугу менен чечүү келишимин коңшулардын ортосундагы мамиленин «туу чокусу» деп сыпаттады. Эксперт Ташкент менен келишимге Орусия сыяктуу үчүнчү өлкөнүн катышуусуз жетишилгенин баса белгиледи. - Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселесин 100% чечилди дегенди кандай кабыл алдыңыз? 30 жылдан бери бул маселе эки өлкөнүн мамилесинде көйгөй болуп келбедиби? - Менин пикиримде, бул абдан мыкты жетишкендик болду. Читать дальше...

Өзүн өзү издеген Дервиш

Azattyk.org 

Өзбек улутундагы кыргызстандык жазуучу Бегижан Ахмедовдун «Дервиш» деп аталган жаңы чыгармасында маданий аракечтик, псевдо-динчилдик, табият менен адамдын ортосундагы күрөш, рух, ыйман издөө маселелери чагылдырылган. Чыгарманы кыргызчыга Маркабай Ааматов которгон. Китепте баяндалгандай ички, сырткы тазалануу, өзүңдү өзүң издеп табыш үчүн сөзсүз эле баарынан качып тоо-ташка жашырынып кетиш керекпи? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде жазуучу менен Венера Сагындык кызы маектешкен.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *