Израил Газага жооп иретинде чабуул жасаганын билдирди
Израил өзүнүн аскердик аба күчтөрү Газа тилкесинде операция жүргүзгөнүн 2-январда кабарлады. Маалыматта Жер Ортолук деңизине түшкөн эки ракеталык чабуулга жооп иретинде Газадагы палестиналык радикал ХАМАС тобунун согушкерлеринин позицияларына учактардан сокку урулганы айтылат. Израилдин Коргоо күчтөрү (IDF) "Дүйнө жүзү 2022-жаңы жылды белгилөө үчүн майрамдык фейерверктерин жандырганда, Газадан оттун башка түрү учуп чыкты" деп билдирди. Жабыркагандар тууралуу эки тараптан тең маалымат айтылган жок. Читать дальше...