Орусиядагы кыргызстандык мигранттар айдоочулук күбөлүгүн консулдуктарда алмаштыра алат
Орусияда жашап, эмгектенген кыргызстандыктар 17-январдан баштап айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алмаштыра алышат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн мекенине келиши керек болчу. Элчилик Орусиядагы кыргызстандыктарга күбөлүк берүү тартиби шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала каттоого туруу аркылуу жүргүзүлө турганын маалымдады. Кабыл алууга жазылуу үчүн mks.prava.kg@mail.ru... Читать дальше...