"Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт"
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал жөнөкөй кагылышуудан алда канча кооптуу экенин көргөзөт. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов ортого салды. Талдоочу чырды жөнгө салууда "эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими" деп эсептерин кошумчалады. - Чек арадагы көйгөй бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдан бери чечилбей келүүдө. Бирок акыркы жылдары барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетпедиби. Эки өлкө кырдаалды кантип жөнгө сала алышат? Читать дальше...