Өзбекстанда депутаттардын саммитине дээрлик 286 миң доллар коротулду
Өзбекстандык журналисттер Ташкентте өткөн Парламенттер аралык биримдикке мүчө мамлекеттердин лидер аялдарынын 14-саммитине коротулган каражатты иликтеп чыгышты. 2022-жылдын сентябрында өткөн саммитке өзбек парламентинин жогорку палатасы - Олий Мажлис 3 миллиард 230 миллион сум сарптаган. Бул дээрлик 286 миң АКШ долларына барабар. Kun.uz басылмасынын журналисттеринин колуна тийген документтерге ылайык, бул акчанын тең жарымы эки күндүк тамактанууга, кофе-брейк, жыйындар залынын ижарасына төлөнгөн. Читать дальше...