Иранда төрт айга созулган нааразылык акциясында 522 киши каза болду
Бул туурасында 15-январда АКШдагы укук коргоочулардын маалымат агенттиги жарыялаган билдирүүдө айтылат. Мерт болгондордун арасында 70 жашы жете элек өспүрүм жана 68 күч кызматкери бар. Агенттиктин маалыматына караганда, каршылык акцияларында 20 миңге чукул киши кармалып, алардын ичинен 110 кишиге өлүм жазасына алып келчү айыптар коюлууда. Ушул убакка чейин төрт жаран өлүм жазасына тартылды. Өткөн жылдын сентябрь айында Иранда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Читать дальше...