Мирзиеёвдин сапарынан улам Бишкекте жол кыймылына чектөөлөр болот
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январдагы мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлап, жарандарды буга түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Шаардык милиция башчысы ушул күндөрү Бишкектеги бардык мектептерде сабактардын убактысын кыскартууну сунуштаган каты жарыяланды. Анда чектөөлөрдөн улам балдардын мектепке, кайра үйгө жетишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн экени жазылган. Өзбекстандын... Читать дальше...