Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2023

Новости за 04.02.2023

Пакистан Википедия сайтын бөгөттөдү

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги 4-февралда Википедия онлайн энциплопедиясын “кудайга акарат келтирген маалыматтарды таратты” деп айыптап, өлкө аймагында веб-сайтты бөгөттөдү. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги Пакистандын Электр байланыштарын башкаруу кызматынын өкүлү Малахат Обейдге таянуу менен кабарлады. Мекеме өкүлү аталган платформага бир нече күн кайрылышканын, бирок алар материалды өчүрүүдөн баш тартканын айтты. Ал макалалар кудайга шек келтирген темада экенин билдирип, кайсы темада экенин так атаган жок. Читать дальше...

Сот депутат Бакировдун мандатына байланыштуу арызды кароону келерки аптага белгиледи

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Равшанбек Рысбаевдин депутат Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгаруу арызын кароону Бишкек шаардык административдик соту келерки аптага белгиледи. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады. Мунун алдында 24.kg басылмасы аталган ишти сот 6-февралда карай турганын жазган. Басылма ал күнкү угууда күбөлөр сураларын маалымдады. 2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров Ош облусундагы Ноокат районундагы... Читать дальше...

“Коррупцияга каршы элдик кыймылынын” жетекчиси пара алууга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин жетекчиси, 62 жаштагы К.А.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, аталган жаран Чүй облусунун Кемин районундагы Кичи-Кемин айыл аймагынын башчысын опузалап, анын үстүнөн райондук милициядагы финансылык текшерүү иштерин токтотуп коюуну убада кылган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү... Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаап, көчкү түшөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору чукул билдирүү таратып, 4-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 5-февралда түнкүсүн Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош... Читать дальше...

Temirov LIVE Акылбек Жапаров Алматыга 1 млн. сом менен учканын маалымдады

Azattyk.org 

Журналист Болот Темиров YouTube порталындагы Temirov LIVE каналына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыга учуп барып келгенин иликтеп, анын чыгымы 1 миллион сомдон ашканын жарыялады. Темировдун командасы учактын үлгүсүн расмий кортеждеги автоунаасынын терезесиндеги элеси аркылуу таап, flightradar24 сайтындагы аба транспортторунун каттамы менен тастыктаган. EX-8802 номерлүү менчик борту латвиялык Магонис Угис аттуу ишкердин Кыргызстанда  катталган фирмасына таандык. Читать дальше...

Кумтөр: эс алууга, эмерекке чачылган миллиондор

Azattyk.org 

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктады. Учурда ошол кезде кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон жетекчилер камакта. Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган. "Улуу... Читать дальше...

Чоң-Капкадагы айдоочуларды азапка салган кезек

Azattyk.org 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек араларындагы бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Бирок учурда Чоң-Капка өткөрмө бекетинде автоунаалардын кезеги байкалып, алтымыштай оор жүк ташуучу турат. Мындай кезектин пайда болушу автоунаалардын агымы көп болуп жатканына байланыштуу. Казакстан менен чектеш башка бекеттерде кезек күтүүлөр жок. УКМКнын алдындагы чек ара кызматы айдоочулардан жана жүк ташуучулардан арыз, даттануулар түшпөгөнүн маалымдайт.

Ирандын бийлиги камактагы кинорежиссёрду күрөө менен бошотту

Azattyk.org 

Ирандын бийлиги кинорежиссёр Жафар Панахини камактан күрөө менен бошотту. Ал 2010-жылкы өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн алты жылга кесилген болчу. Мурдараак Панахи анын ак экенин адвокат далилдеп бергенине карабай өзүн сотто кармап жатканына байланыштуу кургак ачкачылык кармап жатканы маалымдалган. Ирандын кинематографисттер союзу Панахини анын үй-бүлөсү, юристтер жана кино тармактагы кызматкерлер биргелешип жатып бошотушканын маалымдады. 62 жаштагы Жафар Панахи Ирандын эң белгилүү кинорежиссёрлорунун бири. Читать дальше...



Бишкек Тажикстандын учактарына Кыргызстандын үстүнөн учуп өтүүгө уруксат берди

Azattyk.org 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды. Мунун алдында “Сомон Эйр” Кыргызстандын тиешелүү мекемесине кайрылып, Дүйшөмбү – Үрүмчү – Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү – Новосибирск – Дүйшөмбү авиакаттамдары үчүн аба мейкиндигин пайдаланууну суранган. Жарандык авиация кызматы тажик тарапка уруксат берүү маселеси каралып жатканын маалымдаган. Тажикстандын учактары Кыргызстан аркылуу Орусияга 5-февралдан... Читать дальше...

Фейктердин калпын ашкере кылган долбоор

Azattyk.org 

Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түздү. Интерньюс уюму колдогон бул долбоор кыргыз тилинде иш алпарат.

Кооперативдерге алданбаш үчүн эмне кылуу керек?

Azattyk.org 

Соңку 2-3 жылда эл арасында популярдуу болгон турак жай кооперативдеринен чыгым тарткандардын саны 1500 адамдан ашты. Алар акчасын салган тогуз кооперативдин жетекчиси камакта отурат. Турак жай кооперативи деген эмне? Ага ишенүүгө болобу? Кайсы маселеге көңүл буруу керек?

Кыргызстанда милициянын 100 жетекчисине тартип жазасы берилди

Azattyk.org 

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ар кайсы бөлүмдөрүнүн 100 жетекчисине түрдүү тартип жазалары берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, мындай чечим ИИМдин коллегиясында кабыл алынды. Жыйын 3-февралда өттү. 2022-жылдын жыйынтыгын караган кеңешмеде мындан сырткары жетекчилик курамдагы төрт кызматкерге кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ошону жыйынтыгы менен... Читать дальше...

Улуттук банк дагы үч акча алмаштыруу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Улуттук банк мыйзам талаптарын аткарбаган үч акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулганын билдирди. Эки күн мурда эле беш жайдын иши токтотулган. Аларга 55 миң сомдон айып салынган. Мындан тышкары лицензиясы жок акча алмаштыруу менен алектенген 10 адам 175 миң сом айыпка жыгылган. Кыргызстанда валюта рыногундагы абалды туруктуу кармап туруу үчүн чет өлкөгө накталай долларды алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Өкмөттүн чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандар 5 миңден, Кыргызстандын... Читать дальше...

Рамзан Кадыровдун жээни Чеченстандын вице-премьер-министри болду

Azattyk.org 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 26 жаштагы жээни Хамзат Ибрагимовду өлкөнүн вице-премьер-министри, мүлк жана жер мамилелери министри кылып дайындады. Былтыр ноябрга чейин министрдин кызматын Рамзан Кадыровдун таякеси Турпал-Али Ибрагимов ээлеген. Кийинчерээк ал Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. "Кавказ.Реалии" жазгандай, 2021-жылдын августуна чейин Хамзат Кадыров Чеченстандын Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектеген, кийин Чеченстандын башчысынын катчылыгын башкарган. Читать дальше...

УКМК Казакстан менен чектеш жерде жардыруучу зат табылганын билдирди

Azattyk.org 

Талас облусунун Кара-Буура районунун Казакстан менен чектеш тоолуу аймагында ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда маалымдады. Маалыматка караганда, жашыруун РГД-5 үлгүсүндөгү жардыруучу зат жана 12-калибрдеги мылтык табылган. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *