Кемпир-Абад иши: кармалгандардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине катышы бар деп кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 16-декабрда да түн жарымына чейин улантып, чечим чыгарды. Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды. Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды. Ден соолугуна байланыштуу Талантбек Эшалиевдин үй камагы эки айга узартылды. Читать дальше...