Өзбекстанда автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды
Өзбекстандын көчөлөрүндөгү жарнак такталарынан автоунааны "экинчи аял" деп сыпаттаган жарнамалар алып салынды. Бул тууралуу Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети билдирди. Расмий кабарга ылайык, Mobile Retail (Elmakon) компаниясынын "Экинчи аялыңа камкордук кыл" деген жазуу менен автоунаа аксессуарларынын рекламасы февралдын башында өлкөнүн бир нече аймагына илинген. Комитет андагы текстти "этикага, жарнама мыйзамынын талаптарына жана коомчулукта калыптанып... Читать дальше...