«Ала-ТВнын» негиздөөчүсү камакка алынды
«Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын 22-февралда “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген. Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын... Читать дальше...