Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Март
2023

Новости за 05.03.2023

Bloomberg: Орусия санкцияны кыйгап электрондук микрочип сатып алышы ыктымал

Azattyk.org 

Орусия санкцияларды кыйгап европалык микрочиптерди сатып алып жаткан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Еврошаркеттин жогорку дипломатына шилтеме  берип Bloomberg агенттиги кабарлады. Анын айтымында, соода санкцияларга кошулбаган Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары өндүү үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ишке ашууда. Дипломат Брюссел жана Чоң Жетинин жазалоочу чараларына карабай Орусиянын импорту согушка чейинки көлөмгө жетип калганын белгиледи. Импорт азиялык мамлекеттер, анын ичинде Кытайдан да өскөн. Читать дальше...

Тоолуу Карабактын бийлиги үч полиция кызматкери окко учканын билдирди

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги полиция кызматкерлери буктурмага кабылып үчөө мерт кеткенин, чабуулдун артында азербайжандык диверсия тобу турганын 5-мартта билдирди. Баку аскерлери мыйзамсыз курал-жарак ташып өтүүнү көздөгөн машинени токтотууга аракет кылышканын айтууда. Этникалык армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабактын де-факто өкмөтүнүн министри “полиция кызматкерлери Карабак тараптан аймактын полиция бекетине келатканын, анда эч кандай амуниция болбогонун” билдирди. Ал эми Азербайжандын... Читать дальше...

Кытай аскердик бюджетин дагы көбөйтүп жатат

Azattyk.org 

Кытай аскердик бюджетин 7,2% көбөйтүп, 1,55 трлн. юанга (225 млрд. доллар) жеткирмекчи. Өлкө лидери Си Цзинпинди үчүнчү мөөнөткө жогорку кызматка бекитет деп күтүлгөн парламент жыйынында расмий Бээжин сырт жактардын коркунучу "өсүп баратканын" эскертти. Кытай бийлиги эмки жылы экономикалык өсүштү 5% жеткирүүнү көздөйт. Бул – бир нече жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Улуттук жыйындын расмий өкүлү Ван Чао аскердик тармакка кеткен каражатты көбөйтүүнү коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелер, Кытайдын "ири... Читать дальше...

Өзбек ырчысы тойдогу кийими үчүн лицензиядан ажырады

Azattyk.org 

Өзбекстандык ырчы Каниза (Шахризaда Ахмедова) денеге түспөлдөш шым кийип, тойдо ырдап чыкканы үчүн бир айга лицензиясынан ажыратылды. Маданият жана туризм министрлиги ырчынын бул аракетин "адепсиз" деп сыпаттады. Бир айлык эскертүү 1-мартта өзбекстандык "Daryo" басылмасы өлкөнүн Маданият жана туризм министринин орун басары Баходир Ахмедовго шилтеме берип, Каниза деген каймана ат менен белгилүү эстрада ырчысы Шахризaда Ахмедованын лицензиясы бир айга алынганын билдирди. "Кеңештин мүчөлөрү Ахмедованы... Читать дальше...

Актөбөдө Бишкек-Самара багытындагы поезд менен тепловоз кагышты

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү басылмалар жазышты. Ага ылайык, окуя 5-мартта эртең менен болгон. Кагылышууда эч ким жабыркаган жок, кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Министрликтин билдиришинче, жүргүнчү ташыган поездде 200дөн ашык адам отурган, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары болгон. "Кыргыз темир жолу"... Читать дальше...

БУУга мүчө өлкөлөр Дүйнөлүк океанды коргоо келишимин колдоду

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө дээрлик 200дөй мамлекет ишембиде, 4-мартта кечинде 38 саатка созулган талкуудан кийин Дүйнөлүк океанды коргоо келишимин колдоду. Документке ылайык, 2030-жылга чейин океан сууларынын 30%ке жакыны коргоого алынган акватория болот. Бул өз кезегинде деңиз флора жана фаунасын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт. Келишимди даярдоого 10 жылдан ашык убакыт кеткен жана бир катар мамлекеттер негизинен балык уулоого берилген квотага байланыштуу талашып-тартышып, мунаса табылбай келген. Читать дальше...

Валентина Шевченко чемпиондук титулун коргой албай калды

Azattyk.org 

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы бир канча жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко мексикалык спортчу Алекса Грассодон утулуп калды. Ал 4-мартта сегизинчи жолу чемпиондук макамын коргоо үчүн мелдешке чыккан. Таймаштын төртүнчү айлампасында Грассо муунткан ыкма колдонуп, Шевченкону таза жеңип алды. Шевченко буга чейин 26 ирээт мелдешке чыгып, анын 22си анын жеңиши менен аяктаган. Анын атаандашы Грассо 19 таймаштын 16сында уткан. Валентина Шевченко UFC уюмунун аялдар... Читать дальше...

"Башка инсулинди таңуулап жатышат". Диабетке чалдыккан балдардын көйгөйү

Azattyk.org 

Бишкекте кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери инсулин түгөнүп бара жатканына, аны мамлекет алып берүүгө шашылбай жатканына кабатыр. Алар Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарга башка инсулинди сунуштаганын, андан кооптонуп жатканын билдиришти. Министрлик жакында гумжардам катары инсулиндин партиясы келерин билдирүүдө.



Орусиядагы кыргыз элчилиги кароосуз калган төрт баланы мекенине жөнөтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө кароосуз калган төрт кыргызстандык бала мекенине жөнөтүлөрүн билдирди. Аларды өз өлкөсүнө кайтарууга керектүү бардык документтерди даярдоого көмөк көрсөтүлгөнүн маалымдады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эми кайтып келген балдарды оболу биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табуу мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси каралат. Былтыр июль айында элчилик Орусияда ата-энесинин... Читать дальше...

"Биз курган үйлөр кыйраган жок". Түркиядагы зилзала, курулуш коопсуздугу

Azattyk.org 

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери, үйлөрдүн урап калуу себептери жана курулуш тармагындагы көйгөйлөр туурасында “Өнжүл Йапы” курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү Акын Өнжүл “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.   - Акын мырза, өзүңүз көргөндөй, Түркияда соңку зилзалада 173 миң үй урап калып, миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. Видеолордо саналуу секунд ичинде үйлөр кыйрап калганына күбө болдук. Эксперттер бул үйлөр жана имараттар сапатсыз курулуш материалдарынан салынганын, мамлекеттик стандартка жооп бербесин айтып жатышат. Читать дальше...

Ош-Ноокат-Баткен жолун оңдоо башталды

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош-Баткен-Разаков (Исфана) жолундагы Ош-Ноокат-Баткен тилкесин оңдоо расмий башталганын билдирди. Бул жолдун жалпы узундугу 392 чакырымды түзөт жана аны оңдоого сырттан 416 миллион доллар алынып, буга чейин 345 чакырымы оңдолгон. Өкмөттүн билдиришинче, бул долбоорго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, жапониялык JIKA уюмунан, Кытайдан каражат алынган. Кыргызстан эгемен тарыхында... Читать дальше...

Үй түрттүрүлгөн окуядан кийин Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-мартта Бишкектеги Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясынан кийин аталган конушка барды. Бул тууралуу "Азаттыкка" квартал башчысы Мирбек Осмонов кабарлады. Анын айтымында, президент башкы прокурор Курманкул Зулушев менен келип маселелер чечилерин убада кылды. "Ошол жерде чогулган эл негизги маселени, иш токтоп калып кызыл китеп алалбай жатканын айтты. Жер ээлери тоскоолдук жаратып, ошонун негизинде жер мунапысы боюнча чыккан... Читать дальше...

ИИМ: пара сураганы соцтармакка чыккан кызматкер иштен алынды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) пара сурап жатканы социалдык тармактарга жарыяланган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкери иштен алынганын билдирди. Андан сырткары бул окуяга байланыштуу Бишкек шаардык милициясындагы бир катар жетекчилер тартиптик жазага тартылганын кабарлады. "1-мартта Инстаграмда “Safari today” аты менен катталган колдонуучу видео жарыялаган. Анда Жол коопсуздугун камсыздаган кызматкер айдоочудан жол эрежесин бузганына байланыштуу айып пул чегербөө үчүн миң сом сурап жатканы тартылган. Читать дальше...

Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 5-мартта саат 12.30дар чамасында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым аймактарында катуу шамал болору эскертилген. "Бишкек жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн. Урматтуу айдоочу, машинеңерди бак-дарактын жана имараттын жанына токтотпоңуз. Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номери аркылуу байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт",- деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Өзбекстан: журналисттер, блогерлер кысым жөнүндө Мирзиёевге кайрылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттерден турган 40тай адам президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Анда алар "чыныгы сөз эркиндигин камсыздоого жардам берүүнү" өтүнүшкөн. Ачык кайрылууда өлкөдө "жабык, бирок катуу цензура" болуп жатканы жазылган. Мунун алдында бир катар журналисттерге жана блогерлерге куугунтук башталганы тууралуу маалыматтар чыккан. Кайрылуу жарыялаган күнү, 3-мартта Кашкардарыяда сот блогер Элмурад Одилдин (Элмурад Одилов) аппеляциялык арызын канааттандырган жок. Читать дальше...

Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленип жатат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-март, Ак калпак  жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда бул дата өлкө үчүн маанилүү, өзгөчө экенин белгиледи. "Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн! Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес... Читать дальше...

Мурдагы энергетика министри Ильяс Давыдов көз жумду

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги 4-мартта 82 жаш курагында эмгек сиңирген энергетик, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ильяс Давыдов каза болгонун билдирди. Аны менен коштошуу зыйнаты 5-мартта аталган министрликтин алдында өтүп жатат. Давыдов 1963-жылы Томск политехникалык институтун "электр тармактары жана системалары" адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1963 жылы "Киргизглавэнерго" мекемесинде баштаган жана бул тармакта бир катар жетекчилик кызматтарда турган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *