Бишкекте курулушу токтоп турган үйдүн үлүшчүлөрү бийликке кайрылды
Бишкектин Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылы курулушу башталып, ушул күнгө чейин бүтпөй турган үйдөн батир алгандар бийликке кайрылды. Алар “Билд Консалд” компаниясынан 2017-жылдан 2021-жылга чейин батир алып, бирок алданып калганын айтышты: “2020-жылы пандемия маалында жашаган үйүбүздү куруучу компанияга өткөрүп берип, курулуп аткан бул үйдөн 3 батир алганбыз. Анда 2021-жылдын жаз айларында курулушу бүтөт деп айтылган. Ошо күндөн бери жылыш жок. Компаниянын ээси өлкөдөн чыгып кеткени да айтылууда.