Орусия армияга алынчулардын жашын көтөрүүнү караштырууда
Орусиянын Мамлекеттик думасына армияга чакыруу жашын көтөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат. Долбоордун авторлору – башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары, күч түзүмдөрүнүн мурдагы өкүлдөрү. Алардын айтымында, өзгөртүү жарандарга жалпы орто жана кесиптик орто билим алуугу мүмкүнчүлүк бермекчи. Читать дальше...