smi24.net
Azattyk.org
Март
2023

Новости за 28.03.2023

29-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

29-мартта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, тоолордо карга айланат. Бийик тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

Казакстанда "Трамадол" маңзаттардын тизмесине киргизилди

Azattyk.org 

Казакстандын өкмөтү "Трамадол" препаратын маңзаттардын тизмесине киргизди. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, эми аталган препаратты атайын уруксаты бар дарыканалар гана сата алышат. Дарыны лицензиясыз саткандарга административдик жана кылмыш жазалары каралган. "Трамадол" — Казакстанда дарыгерлердин рецепти менен сатыла турган күчтүү опиоиддик анальгетик. Ал көз карандылыкты жаратат жана баңгизаты катары колдонулат. Казакстанда бул препарат рецептсиз эле дарыканаларда же көмүскө сатылган учурлар кездешет. Читать дальше...

Кабулда кыздардын билим алуусун талап кылган активист кармалды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясы (UNAMA) ооган кыздарынын билим алуу укугун коргогон белгилүү активистти "Талибан" бийлиги камакка алганын кабарлады. "PenPath уюмунун жетекчиси жана кыздардын билим алуусун жактаган Матиуллах Веса дүйшөмбү күнү (27-мартта) Кабулда камакка алынды. БУУнун өлкөдөгү миссиясы бийликтен анын жүргөн жерин, камакка алынышынын себептерин тактап берүүгө жана анын мыйзамдуу өкүлчүлүккө жана үй-бүлөсү менен байланышууга мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырат", - деп билдирген UNAMA Твиттерде. Читать дальше...

Акылбек Жапаров Бишкектеги ыш маселесин кайра козгоду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын мэриясы менен кеңешме өткөрүп, баш калаадагы ыш, жол тыгындары, таштандыларды өз убагында чыгаруу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. “Кышында ыш биринчи маселеге айланат, жаз келери менен унутуп калабыз. Мындай болбошу керек. Жайында кышка даярдык көрүү зарыл. Дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынган. Бул түрдөгү... Читать дальше...

Израилде нааразылыктардан улам сот реформасы кийинкиге калтырылды

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сот реформасын кароону парламенттин кийинки сессиясына жылдырууну чечти. Бул кадам өлкөдөгү жапырт нааразылык акцияларынын жана иш таштоолордун фонунда жасалды. "Улуттук жоопкерчиликти сезип, жарандарыбыздын ортосунда ажырым болтурбоо ниетинде мен мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окуусун убактылуу токтотууну чечтим", - деди Нетаньяху. Бул билдирүүдөн кийин эң ири “Гистадрут” кесиптик кошуундар уюму жалпы улуттук иш таштоо токтотулганын жарыялады. Читать дальше...

Alibaba негиздөөчүсү Жек Ма Кытайга кайтып барды

Azattyk.org 

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма бир жыл чет өлкөдө жүргөндөн кийин Кытайга кайтып барды. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, бир жылдык убакыттын көбүн Жапонияда өткөргөн Ма Кытайга бир нече күн мурда кайтып барды. Дүйшөмбү күнү Жек Ма Alibaba боюнча өнөктөштөрү менен 2017-жылы негиздеген Ханчшоу шаарындагы мектепке барды. Сапардын алкагында ал мугалимдер менен жолугуп, ChatGPT өңдүү жасалма интеллект технологияларынын... Читать дальше...

Эл артисти Асанкул Осмонов акыркы сапарга узатылды

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, көрүнүктүү кино жана театр актёру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өттү.  Коштошуу зыйнатына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият тармагынын бир катар өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышты. Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. 1958-жылдан тарта өмүрүнүн соңуна чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрда эмгектенген... Читать дальше...

Өзбекстанга тыйын чычкан алып өтүүгө аракет кылган киши чек арада кармалды

Azattyk.org 

27-мартта Өзбекстандын атуулу Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет кылып, чек арадагы өткөрмө бекеттен кармалды. Бул тууралуу УКМКга караштуу Чек ара кызматы маалымдады. "Достук-автодорожный" көзөмөл өткөрмө бекетинде 1979-жылы төрөлгөн Өзбекстандын М.М. аттуу жараны кармалган. Ал Өзбекстанга 13 тыйын чычканды алып кетүүгө аракет кылган. Тыйын чычкандарды алып чыгууга уруксат берген документтери болгон эмес", - деп билдирди  Чек ара кызматы. Атайын текшерүү иштеринен кийин... Читать дальше...



Адилет Балтабайдын соту 11-апрелге жылдырылды

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин ишин кароонун Жогорку Сот 11-апрелге жылдырды. Мунун себебин соттук коллегия иш менен таанышууга убакыт зарыл деп түшүндүрдү. Адилет Балтабайга карата калыс чечими чыгышын талап кылгандар бүгүн, 28-мартта Жогорку Соттун алдында чогулду. Алар блогердин күнөөсүз экенин айтып, бошотууну талап кылышты. Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Читать дальше...

Абактагы Илгиз Шаменов дарыланууга муктаж экенин билдирди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча Москвадан кармалып, камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменовдун ден соолугу начарлап, ооруканада дарыланууга муктаж экени өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда Шаменовдун менчик медицина борборунда медициналык кароодон өткөнү тууралуу маалымат тиркелген. "Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу, ЮРФА клиникасынан кароодон өтүп, жүрөгүм жана бөйрөктөрүм дарылоого муктаж экенин билдим. №1 тергөө абагынын жана Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери ооруп жатканымды көрүп билип туруп... Читать дальше...

Кабулда жанкечти чабуулу алты кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Дүйшөмбү күнү Ооганстандын борбору Кабулдагы Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имаратка жакын жерде жардыруу болду. Al-Jazeera маалымдагандай, жанкечти жардыргыч затты министрликтин ичине алып кирүүгө аракет кылган, кароолчу токтоткон учурда өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан кеминде алты киши мүрт кетип, бир нечеси жаракат алды. 12 киши ооруканага жеткирилген, анын ичинде бир бала бар экени кабарланды. Кабул полициясынын өкүлү Халид Задрандын маалыматына караганда, жаракат алгандардын ичинде үч полиция кызматкери бар. Читать дальше...

Сиань-Бишкек багытындагы алгачкы учак "Манас" аэропортуна конду

Azattyk.org 

27-март күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Кытайдын Сиань шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы конду. Каттамды Кытайдын Loong Air авиакомпаниясы аптасына эки жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырат. "Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сиань-Бишкек багытындагы учуу убактысы болжолу 4 саат 30 мүнөт. Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты гана ишке ашып келген. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган. Читать дальше...

АКШда мектептеги атышуудан алты киши, анын ичинде үч окуучу окко учту

Azattyk.org 

27-мартта АКШнын Теннеси штатында жайгашкан Нэшвилл шаарындагы мектепте ок атылып, алты киши, анын ичинде үч окуучу каза болду. Полициянын өкүлү Дон Аарон басма сөз жыйынында, окко учкан балдардын үчөө тең тогуз жашта болгонун ырастады. Бир полиция кызматкери жараат алган. Полиция тараткан маалыматка караганда, ок чыгарган жаран колго түшүрүү маалында атып өлтүрүлгөн. Ал Нэшвиллде жашаган 28 жаштагы аял экени айтылды. Нэшвиллдин мэри Жон Купер каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. АКШ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *