Кыргызстан аркылуу Европага кирген беларус жыгачы
Журналисттер беларус жыгачы Евробиримдиктин аймагына Кыргызстан аркылуу ташылып жатканын таап чыгышты. Маалыматка караганда, беларус жыгач өндүрүүчүлөрү Кыргызстан жана Казакстан аркылуу кыйыр реэкспорттоо схемасын колдонуп, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө өз продукциясын жеткирген.