Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы күмүш байге алды
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы 11-апрелде 76 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда индиялык Прия Прияны 4:0, жарым финалда жапониялык Мизуки Нагашиманы 3:2 эсебинде жеңди. Финалда казакстандык Элмира Сыздыковага жеңилип, 2-орунду ээледи. Айпери Медет кызынын байгеси бул чемпионаттагы Кыргызстандын... Читать дальше...