Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2023

Новости за 12.04.2023

Айзаданын өлүмү: милициянын мурдагы башчысына козголгон иш сотко өттү

Azattyk.org 

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Бакыт Матмусаевге карата “шалаакылык” беренеси менен тергелип жаткан иш сотко өткөнүн кабарлады. Анын айтымында, алгачкы отурум Биринчи май райондук сотуна 25-апрелге белгиленди. Буга чейин Токтакунов милициянын мурунку башчысына айыбы угузулуп, иш прокуратурага өткөрүлгөнүн кабарлаган.  Азырынча Бакыт Матмусаевден комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Читать дальше...

Зулушев активист Жекшеналиевге суралган жаза мөөнөтү тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев 12-апрелдеги сессияда массалык башаламандыкка айыпталып кармалган активист, саясатчылардын үй камагына чыгып жатканын кубаттады. Башкы прокуратураны блогер, активист Ырыс Жекшеналиевдин ишине да көңүл бурууга чакырды. Ал мамлекеттик айыптоочу сураган алты жыл жаза мөөнөтүн туура эмес деп эсептейт. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20 жаштагы блогердин иши мыйзам чегинде караларын айтты. “Жаш бала боюнча прокурорлордун сурап жатканы боюнча мыйзамды карайлы. Читать дальше...

Орусия армияга чакыруунун электрондук түрүн киргизүүдө

Azattyk.org 

Сот Кемпир-Абад иши боюнча беш жарым айдан бери камакта жаткан 20дан ашык кишинин жетөөнү үй камагына чыгарды. Казакстандын Мангыстау облусунда эки миңдей киши көчөгө чыкты. Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскерге чакыруунун электрондук түрүн киргизүү боюнча мыйзам долбоорун дароо эки окууда колдоду.

Астана: Акцияга чыккан мунайчылардын көбү Жаңы-Өзөнгө кайтты

Azattyk.org 

12-апрелге караган түнү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында тынч болгон жок. Миңдеген адам көчөгө чыгып, Астанада күч менен кармалган мекендештерин бошотууну талап кылышты. Ага чейин полиция баш калаадагы Энергетика министрлигин алдында митинг уюштурган мунайчыларды кармап кеткен эле. Алар туруктуу жумуш менен камсыз кылууну талап кылып Мангыстау облусунан Астанага келишкен болчу. Жаңы-Өзөндөгү нааразылык 12-апрелде Жаңы-Өзөн жана Актау шаарынын борбордук аянтына чогулган жарандар Астанада... Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова Азиянын беш жолку чемпиону болду

Azattyk.org 

Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын байге утуп, Азиянын беш жолку чемпиону болду. Ал кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону атанган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Тыныбекова Азия чемпионатында 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, финалда монголиялык балбан кыз Оркхон Пуревдрож менен беттешти. Буга чейин Тыныбекова менен Пуревдрож эки жолу беттешип, бир ирет Айсулуу жеңишке жетсе, бир ирет жеңиш Пуревдрож тарапта болгон. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: жети киши үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткандардын арасынан жетөө тергөөнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты. Буга чейин камактагылардын адвокаттары жана жакындары бир нече жолу ушундай эле өтүнүч менен сотко кайрылып, бирок ал канааттандырылган эмес. Биринчи Май райондук сотунда 12-апрелде саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, "Бириккен... Читать дальше...

Депутат Мажитова мамлекеттик кызматтардагы гендердик квота маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, укук коргоо органдарында иштеген аялдардын санын көбөйтүүгө чакырды. Мажитова аялдардын органдарда иштеши менен үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга болорун билдирди. “Бизде гендердик квота сакталбай келет. Мына сизден (ред: Башкы прокуратура) жети адам келди. Ошонун үчөө аял болгондо көрктүү болмок. Үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын көйгөйү дагы чечилмек”, - деди депутат. Башкы прокурор Зулушевдин маалыматына караганда... Читать дальше...



Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны бошотулду

Azattyk.org 

Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын тургуну Мунарбек Байболот уулу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүнүн негизинде 12-апрелде үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Нурлан Эралиев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, эки тараптын чек арачылары жолугушуп, жыйынтыгында кыргызстандык жаран өткөрүлүп берилген. 25 жаштагы Мунарбек Байболот уулун 10-апрелде мал жайып жүргөн жеринен өзбекстандык чек арачылар кармап, Өзбекстанга алып кирип... Читать дальше...

Зулушев Бишкекте каракталып, Оштон табылган жолтандабас тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте каракталган автоунаа Ош шаарында прокурор Алмазбек Абжалиевдин колуна тийгени боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. Кылмыш ишин милиция тергеп жатканын, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин айтты. “Ички иликтөө кызматы ошол эле күнү тактаган. Азыр Ички иштер министрлиги тергеп жатат, анын жыйынтыгы менен баа берилет. Биздин кызматтык иликтөөнүн маалыматында, түнкү саат 1-2лер чамасында Түркиядагы жакын досу байланышып, “ушул машинемди үйүңө токтотуп койчу” деп суранган экен. Читать дальше...

Тажикстан менен Кытайдын соодасында 1,5 миллиард доллар айырма чыкты

Azattyk.org 

Былтыр Тажикстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2,6 млрд. долларды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 40% көп. Бул тууралуу 11-апрелде Дүйшөмбүдөгү расмий иш-чарада Кытайдын Тажикстандагы элчиси Цзи Шумин билдирди. Бирок тажик тараптын маалыматы мындан эки эсеге аз болууда. Ага ылайык, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 1 млрд 200 миллион долларды түзгөн. Анын 368 миллион доллары экспортко, 842 миллион доллары импортко туура келет. Кытай бажысынын статистикасы боюнча... Читать дальше...

Космонавт Корсаков президентке Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн берди

Azattyk.org 

Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында туулуп-өскөн, орусиялык космонавт Сергей Корсаков 12-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, ага Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн, өзү менен кошо космоско ала барган, Эл аралык космос станциясынын мөөрү басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды. Садыр Жапаров Сергей Корсаковду кесиптик майрамы - Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады.  "Биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Читать дальше...

Казакстандык активистке соцмедиа колдонууга тыюу салынды

Azattyk.org 

10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту активист Жанболат Мамайды алты жылга шарттуу кести. Сот ага коомдук-саясий ишмердүүлүк, журналистика менен алектенүүгө, коомдук бирикмелердин ишине катышууга тыюу салды. Мамай бул өкүмдү саясий куугунтук катары сыпаттады. Прокурордун сураганына жакын өкүм 10-апрелдеги соттук отурумда судья Елена Кван 34 жаштагы Жанболат Мамайды "жалган маалымат таратуу, бийлик өкүлүн мазактоо жана массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен күнөөлүү деп таап,... Читать дальше...

Оңдоо иштеринен улам "Баткен" аба майданы убактылуу жабылды

Azattyk.org 

"Баткен" аэропорту быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" ырастады. Анын маалымдашынча, "Баткен" аба майданындагы аэродромду оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. План боюнча оңдоо иштери айдын аягына чейин бүткөрүлөт. "Баткен" аэропорту 1958-жылы курулган. 1984-жылга чейин Як-12... Читать дальше...

Ооганстанда каршылык көрсөтүү фронтунун башчыларынын бири өлтүрүлгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун командирлеринин бири Акмал Амири жана анын жети өнөктөшү өлтүрүлгөнүн "Талибан" бийлиги кабарлады. "313-борбордук корпус жикчилдер баш калкалап турган жайды жок кылуу боюнча операция жүргүзүп, жыйынтыгында сегиз киши, анын ичинде командир Акмал Амири өлтүрүлдү", – деди талибдер түзгөн өкмөттөгү Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Иноятулла Хоразми. Ал талиб күчтөрүнүн операциясы качан болгонун тактаган жок, бирок анын жүрүшүндө жай тургундардан эч ким жабыркабаганын белгиледи. Читать дальше...

Депутат Сурабалдиева жолго бөлүнгөн акча боюнча прокуратуранын ишин сындады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева жолго бөлүнгөн 528 млн. сомдун дайыны чыкпай, Бишкектин Биринчи май районундагы 12 көчө жасалбай турганын билдирди. Депутат башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жоголгон миллиондор боюнча кылмыш иши узарып кеткенин сындады. “Бишкекасфальтсервис" мекемесине 2017-2020-жылдары 800 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп, анын 528 млн. сому дайынсыз. Алты жылдан бери прокуратура “кылмыш иши жанданды, жүрүп жатат” деген ыңгайлуу жооп берип келет. Бирок, аягына чыкпай келет. Читать дальше...

Башкы прокурор парламентте “Кумтөр иши” боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди. Анын айтымында, тергөөдө мамлекеттик казынага жалпы 1 млрд. 146 млн. сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 80% өндүрүлдү. Шектелип кармалгандардан эки киши үй камагына чыгарылган. “Кумтөргө” байланыштуу Эсеп палатасы текшерген, аны менен бирге Башкы прокуратуранын тергөө тобу дагы текшерди. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Читать дальше...

Италия мигранттар көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө абал жарыялады

Azattyk.org 

Италиянын бийлиги мыйзамсыз мигранттардын агымы болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө абал режимин жарыялады. Euronews кабарлагандай, 2023-жылдын башынан бери Италияга деңиз аркылуу 30 миң мигрант келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсе көп. Италия өкмөтүндөгү булактар өлкөнүн түштүгүндөгү Лампедуза, Сицилия порттору мигранттардын агымын башкара албай жатканын билдирди. Марттын башында Италиянын бийлиги мигранттарды мыйзамсыз ташыгандар 30 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскерткен. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Сот Журабаева менен Капаровду да үй камагына чыгарды

Azattyk.org 

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Гүлнара Журабаеванын да бөгөт чарасын өзгөрттү. Сот чечимине ылайык, Журабаева 20-июнга чейин үй камагында болот. Ушул эле соттун чечими менен активист Чыңгыз Капаровдун да бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты. Капаров саламаттыгына байланыштуу 11-апрелде тергөө абагынан ооруканага которулган. Биринчи Май райондук сотунун 12-апрелдеги чечим менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган Клара Сооронкулова... Читать дальше...

Зулушев былтыр кылмыштуулук 19,4% өскөнүн билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөн. Бул маалыматты бүгүн, 12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди. Баш прокурор кылмыштуулуктун өсүшүнө Жоруктар кодексинин жоюлушу жана кылмыштарды каттоо тартибине прокурорлук көзөмөл күчөгөнү себеп болду деп эсептейт. "Прокурордук көзөмөлдүн кучөтүлүшү менен укук коргоо органдарынын кылмышты жаап-жашырууга бөгөт коюлду", -  деди Зулушев. Баш прокурордун маалыматына караганда... Читать дальше...

Активист Улукбек Маматаев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

1 2-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда камакка алынган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевди 20-июнга чейин үй камагына чыгарды. Маматаев тергөө койгон айыптар менен макул эместигин, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын укугу тиешелүү деңгээлде корголушу зарылдыгын айтып, бул үчүн күрөшөрүн билдирди. Ал президент Садыр Жапаровго бул иш боюнча бурмаланган маалымат жеткен деп эсептерин айтты. Март айынын аягында Маматаев... Читать дальше...

Түгөлбай Сыдыкбековдун 15 томдугу чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн - 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугунун тушоо кесүүсү өттү. Китеп президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чыккан. Чыгармалар топтомун Улуттук илимдер академиясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Китеп палатасы биригип даярдаган. Жыйынга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов... Читать дальше...

Мурдагы депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын карап жатат. Соттун чечими менен экс-депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.  Сасыкбаева журналисттеге "ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын, иш боюнча көп нерсе айта албастыгын, кандайдыр бир келишим болбогонун" билдирди. Ушул эле соттун чечими менен  бул күнү камактагы саясатчылар Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов да үй камагына чыккан.  Март айында Акыйкатчы... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалымытан караганда, 13-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28; Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус жылыйт. Читать дальше...

Алматы: жаңыөзөндүк мунайчыларды колдогон активисттер аянтка чыгышты

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы активисттердин тобу жаңыөзөндүк мунайчыларга тилектештик билдирип, 12-апрелде Республика аянтына чыгышты. Алар жумушсуздук маселесин көтөргөн мунайчылардын Астанада кармалышын айыптап, бийлик былтыркы январь окуяларынан сабак албаганын билдиришти. Аянтка чогулгандардын арасында коомдук ишмер, “Элдик парламенттин” мүчөсү Рысбек Сарсенбайулы жана активист Марат Турымбетов да бар. 10-апрелде "Берали Мангистау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *