"КазМунайГаздын" мунайчылар менен жолугушуусу майнапсыз аяктады
Жаңы-Өзөн шаарынан Астанага келген мунайчылар "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен кездешип, бирок мунасага келе алган жок. Бул тууралуу нааразылык акциясынын катышуучулары "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына айтып беришти. 10-апрелде "Берали Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган. Читать дальше...