Баткенде 11 млн. доллар каржылык колдоо менен агрардык долбоор башталды
Баткен облусунун аймагында айыл чарба аянттарын кеңейтүү, заман талабына ылайык продукция өндүрүүнү, сактоо, кайра иштетүү, айыл чарба продуктуларын экспортко чыгаруу, сугат суу жеткирүү, сууну үнөмдүү пайдаланууга багытталган долбоор башталганын облустук бийликтин басма сөз кызматы «Азаттыка» кабарлады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жыйын өтүп, ишке ашырмай болгон АРИС уюмунун эксперттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары... Читать дальше...