Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2023

Новости за 31.07.2023

Пакистандагы жардыруу үчүн "Ислам мамлекети" радикал тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Пакистандын түндүк-батышында жанкечти уюштурган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна "Ислам мамлекети" радикал тобу алды. Бул тууралуу уюм Телеграм аркылуу 31-июлда билдирди.  Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Бажур районунда 30-июлда болгон жардыруу 50 кишинин өмүрүн алды, жүздөн ашуун адам жаракат алды. Айрым булактар 54 киши мерт кеткенин жазып жатышат. Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Читать дальше...

Литванын президенти Беларустагы «вагнерчилер» боюнча тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Литванын президенти Гитанас Науседа коңшу Беларуста орусиялык «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын жоочуларынан жайгашуусу боюнча тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында жалданма жоочулар өлкө коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Науседа жалданма аскерлерди кимдир бирөөлөр Литва, Латвия жана Польшага каршы чагым уюштуруу үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонуусу менен бөлүштү. Ал ошондой эле вагнерчилер Евробиримдиктин аймагына мигрант катары кириши ыктымал деди.  Польшанын премьер-министри... Читать дальше...

Молдовада орусиячыл партиянын лидерлерине шайлоого катышууга тыюу салынды

Azattyk.org 

31-июлда Молдова парламенти Орусия артында турган саясий партиянын лидерлерине алдыңкы беш жылда шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам кабыл алды. 19-июнда Конституциялык сот "Шор" партиясын "конституциялык түзүмгө кооптуу" деп таап, аны таркатуу боюнча өкүм чыгарган. Бийликтеги "Аракет жана тилектештик" партиясынын 54 депутаты сөз болуп жаткан мыйзамды колдоду.  "Бул Молдова саясатынан коррупцияга баткан, криминалдык шишикти жок кылууга жасалган маанилүү кадам", - деди добуш берүүдөн киийн спикер Игорь Гросу. Читать дальше...

Ташкентте мыйзамсыз диний мектептин окуучусу бешинчи кабаттан боюн таштады

Azattyk.org 

Ташкентте мыйзамсыз диний мектептин окуучусу мугалиминен качып баратып бешинчи кабаттан секирген. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Шайхантахур районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз ачылган диний мектептин мугалими жашы жете электерге уруп-сабап сабак өтчү экен. Мугалимдин токмогунан качкан бала терезеден секирген. Ал бир топ жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тергөөнүн маалыматына ылайык, диний билими жок 28 жаштагы адам 1-июлдан баштап батиринде мыйзамсыз чакан медресе ачып... Читать дальше...

Манасчылар популярдуу соцтармактарда контент жаратат

Azattyk.org 

Кыргызстанда манасчылар өз өнөрүн жаңы технологиянын жардамы менен жайылтууну үйрөнүп жатышат. Мындай долбоорду "Манас" театры менен  "Интерньюс-Кыргызстан" уюму менен ​биргелешип ишке ашырууда. Долбоор алкагында өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген манасчылар мобилографияга жана өз өнөрлөрүн коомдук тармактарда жайылтуу ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты. "Манасчыларга да мобилография керек" Манасчылар “Манас” эпосунда камтылган маанилүү жалпы адамзаттык накыл ойлорду жана баалуулуктарды заманбап аудиторияга... Читать дальше...

"Евразияга эркиндик" уюму Нукус окуяларында 55 киши каза тапканын жарыялады

Azattyk.org 

Австриялык "Евразияга эркиндик" укук коргоо уюму былтыр июль айында Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасындагы тополоңдо каза болгондордун расмий жана активисттер түзгөн бейрасмий тизмесин жарыялады. Ага ылайык, Нукуста өзбек өкмөтү билдиргендей 21 эмес, бери дегенде 55 киши мерт кеткен. Freedom for Eurasia сайтында жарыяланган баяндаманы таанымал укук коргоочу Виталий Пономарев, Галым Агелеуов жана Дмитрий Кабак даярдашкан. Алар Каракалпакстан менен Бухарага эки жолу барып, окуянын күбөлөрү менен сүйлөшүп... Читать дальше...

Бишкек мэриясы конуш тургундарын газ койдурууга чакырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы конуштарда, шаардагы жер тамдарда жашаган тургундарды үйлөрүн газ менен жылытууга өтүүгө чакырды. Газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилип жатканын маалымдады. Учурда акимчиликтерде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын, "Айыл банк" жана "РСК банктын" өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп жатканын, жеңилдетилген насыянын шарттары тууралуу маалымат алса болорун белгиледи. "Аталган банктар 150-200 миң сомго чейин, 24 айга бөлүп төлөө менен, төмөн пайызда, күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя берүүгө даяр. Читать дальше...

Ленин округундагы кайра шайлоого 12 талапкерден арыз түштү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 31-июлдагы маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин саны 12ге жетти. Алар: Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчакеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев жана Бакыт Шаршембиев. БШК өткөн аптада Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Абировдун арызын жумушчу топ карай турганын билдирген. Читать дальше...



Дания Куранды өрттөөгө жол бербөөнүн мыйзамдык жолун караштырууда

Azattyk.org 

Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө жол бербөөнүн "юридикалык жолун" табууга аракет кылат. Бул тууралуу 30-июлда тышкы иштер министр Ларс Лeкке Расмуссен билдирди. Даниянын Тышкы иштер министрлиги ушул эле күнү тараткан атайын билдирүүдө: "Сөз эркиндиги Дания коомуунун эң башкы баалуулуктарынын бири деп саналат. Куранды өрттөө акциялары ушундай кеңири масштабга жеткендиктен, дүйнөнүн булуң-бурчунда Данияны башкалардын салт-санааларын, маданиятын жана динин басмырлоого жол берген мамлекет катары кабыл алып жатышат", - деп жазылган. Читать дальше...

УКМК коррупцияга айыпталгандардын үй камагына чыгышын түшүндүрдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган адамдардын үй камагына чыгышы тууралуу сын-дооматтарга жооп берди. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтургандардын, тергөө менен кызматташкандарды бөгөт чарасы өзгөртүлүп жатканын маалымдады. "Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурса, тергөө менен кызматташса, кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды жазык жоопкерчилигине тартууга көмөктөшкөн көрсөтмөлөрдү берсе, айыпталуучунун медициналык корутунду менен ырасталган оорулары бар болсо... Читать дальше...

"Кыргызстанда энергетика тармагында чоң дисбаланс бар"

Azattyk.org 

“Азаттыктын” Кеминде жайгашкан майнинг ферма тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин өлкө жетекчилиги комментарий берди. Майнинг фермага мамлекет электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканы айтылды. Кыргызстанда майнинг фермалар энергетика тармагына ашыкча жүк болбостон иштей алабы? Алардын кирешесин өкмөт текшере алабы? Ушул суроолорго ишкер Эрмек Ниязов жооп берди. "Энергетикадагы дисбалансты түшүндүрүп бере албай жатышат" - Эрмек мырза, сиз өзүңүз билгендей... Читать дальше...

Министр энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүүнүн себептерин айтты

Azattyk.org 

Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал абалы электр кубатын кошумча иштеп чыгууну ыкчамдатуу, муну менен инвесторлорго тийиштүү шартты жеңилдетүү максатында гана киргизилди деп билдирди "Азаттыкка" 31-июлда интервью берген энергетика министри Таалайбек Ибраев. Анын айтымында, ири жана чакан ГЭСтерге, табигый булактардан кубат алуучу долбоорлорго акча салам деген инвесторлор буга чейин мамлекеттик он беш ар кайсы мекемеден уруксат алып келген. Бул болсо өз кезегинде бюрократияны көбөйтүп, ишти кечеңдетүүдө. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Azattyk.org 

1-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23... Читать дальше...

Кеминдеги майнинг компания электрди Казакстандан алууну сунуштоодо

Azattyk.org 

Кыргызстандын энергетика министрлигинин алкагында криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания менен келишим түзүлгөн. Эми анын бири 1-августтан тартып электр кубатын Казакстандан алуу ниети бар. Ал компаниялар - Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары. Министр Таалайбек Ибраевдин "Азаттыкка" айтымында, 1-августтан тартып "Соларкоин" компаниясы электр кубатын Казакстандан алууга ниеттенген келишимди сунуштаган жана эми мындан ары Кыргызстандын энергетика... Читать дальше...

Министр Ибраев кышында өчүрүүлөр болбой турганын айтты

Azattyk.org 

Быйыл кыш маалында Кыргызстанда электр кубатын өчүрүүлөр болбойт деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" берген маегинде. Анын айтымында, 3 млрд кВт/сааттык электр таңкыстыгын жабуу максатында Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусия менен келишимге кол коюлду. Ошол эле маалда азыркы тапта кышка камылганын алкагында көмөк чордондордо жана электр системасында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, Бишкекте жана аймактарда графиктин негизинде электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Читать дальше...

Бактылуу болушубуз кимдигибизден же "пейлиңден тап" деп эмнеге айтышат

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.   "Эгерде кишинин түшүнүгү тар, чектелүү болсо" Немис философу Артур Шопенгауэр – өзүнө чейинки Сократ, Конфуций, Платон, Аристотель, Кант ж.б. сыяктуу эле акыл-ой айдыңында революция жасаган улуу даанышмандардын бири. Ал отуз бир жашында жазган "Дүйнө эрк жана түшүнүк катары" ("Мир как воля и представление") атуу фундаменталдуу эмгеги менен таанылган. Бул философиялык чыгармасына өмүр бою улам кайрылып... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Баязовдун абалы тууралуу адвокаты билдирүү таратты

Azattyk.org 

Адвокат Эркин Саданбеков "массалык башаламандыкка" шектелип, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Марат Баязовдун ден соолугу начарлап кеткенин "Азаттыкка" билдирди. Жактоочу Баязовду ооруканага жаткырууга уруксат сурап Жаза аткаруу кызматына, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган. Саданбековдун айтымында, буга чейин Баязов Бишкектеги менчик лабораториядан текшерүүдөн өтүп, ага калкан бездеги аденома диагнозу коюлган. "Абалы улам начарлап, башка дагы өнөкөт оорулары курчуп жатат", - деп жазылган кайрылууда. Читать дальше...

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү айлампасы башталды

Azattyk.org 

Жогорку окуу жайларга абитуриенттер кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 31-июлда кабарлады. Кабыл алуу 2-август, саат 14:00гө чейин созулат. Ал эми кабыл алуунун 4-туру 7-августтан 9-августка чейин жүрөт. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасынын сайты аркылуу тапшырат. Быйыл Кыргызстандагы мектептердин аяктаган 60 миң окуучудан 50 миңи ЖРТга катышып, 30 миң улан-кыз босого баллдан өттү. Читать дальше...

Беларустагы саясий туткундар үчүн марафондо 500 миң евро жыйналды

Azattyk.org 

Беларустагы саясий туткундарга тилектештик билдирген онлайн-марафондо 500 миң евро жыйналды. Бул тууралуу 30-июлда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Беларус кызматы - Радыё Свабода билдирди. "Бизге баары бир эмес!" деген ураандын алдында өткөрүлгөн 12 сааттык марафон YouTube аркылуу түз көрсөтүлдү. Аны жыйырмага чакты көз карандысыз Беларус маалымат каражаттары, анын ичинде "Радыё Свабода" жана укук коргоо уюмдары уюштурду. Чогултулган каражаттын баары "саясий туткундарга" жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардамга которулат. Читать дальше...

Кариб деңизине чөгүп кеткен кыргыз жарандары жөнүндө маалымат такталууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде сууга чөгүп кеткени айтылган үй-бүлө тууралуу маалымат такталып жатканын 31-июлда билдирди. Анда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен чогуу иш алып барып жатканы айтылат. "Настоящее Время" телеканалы АКШга мыйзамсыз жол менен барган казакстандык Жанат Шамиганов менен маектешкен видеосун 30-июлда жарыялаган. Анда Шамиганов Кариб деңизинде алар менен чогуу бараткан кыргыз келиндин колундагы наристеси сууга түшүп кеткенин... Читать дальше...

"Социалдык келишим" долбоору: мыктылар курултайга чогулат

Azattyk.org 

Бишкекте сентябрь айында "Социалдык келишим" долбоорунда ийгиликке жеткен жарандардын республикалык курултайы өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, учурда жер-жерлерде аймактык курултайлар өткөрүлүп жатат жана анда тандалган делегаттар "Жаңы кадам" деп аталган республикалык съездге чакырылат. Министр Кудайберген Базарбаевдин билдиришинче, жалпысынан 13 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. "Социалдык келишим" түзгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү (95%) аялдар. Читать дальше...

"Зордуктаганын мойнуна алган адам кантип үй камагына чыкты?"

Azattyk.org 

Жалал-Абадда 36 жаштагы келинди зордуктоого шектелген мурдагы милиция кызматкерин сот үй камагына чы​гарып жибергени нааразылык жаратты. Жабырлануучунун жакындары оор кылмышка шектелген жарандын эркиндикте жүргөнүнөн чочулашат. Кыргызстанда зордуктоого туш болгондордун укугу корголбой жатканы, укук коргоо органдарынан мамилеси тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. "Үй-бүлөмү, балдарымы айтып, жалдыраганыма караган жок" 15-июнда Жалал-Абад облусунун 36 жаштагы тургуну Күмүшайды (ысымы өзгөртүлдү) алысыраак тууганы күч колдонуп... Читать дальше...

Бишкекте бир аптада жол эрежеси одоно бузулган 5,5 миңден ашык учур катталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында соңку бир аптада жол эрежелери одоно бузулган 5570 учур катталды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. 21-июлдан 27-июлга чейин өткөрүлгөн рейдде автоунааны мас абалында башкарган 44 айдоочу кармалган. 40тан ашуун кишиге машинени айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөнү үчүн айып салынган. 134ү көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашса, 408 айдоочу автоунаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы аныкталган. Жалпысынан 741 машина атайын токтотуучу жайга киргизилген. Жол кыймылынын... Читать дальше...

Британияда Жусупов менен Боулер кыргыз мигранттары менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Англияда утурумдук жумуштарда иштеп жаткан кыргызстандык жарандардан кабар алды. Тышкы иштер министрлиги элчилер бул өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар фермаларды кыдырганын билдирди. "Эки өлкөнүн элчилери Кыргызстандын жарандарынын ишиндеги жана тиричилик шарттарынын, коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен таанышып, түшүмдү жыйноо жана иреттөө жайларын карап чыгышты. Британ тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын мыкты жактарын... Читать дальше...

Өмүрбек Бакиров депутаттык мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим боюнча Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу 31-июлда “Азаттыкка” билдирди. “Мен сот процесси болгон учурда эс алууда болчумун. Бишкек шаардык соттун ушундай чечим чыгарганын кийин билип калдым. Биз адвокат менен акылдашып, Жогорку Сотко да кайрылабыз. Жалпы иш боюнча азырынча комментарий бербей турайын”, - деди ал. 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *