Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2023

Новости за 24.07.2023

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 24-июлда саат 23:30дар чамасында билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, "жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды". "24-июлда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча жеринде Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун... Читать дальше...

"Запкы тартып, алдангандар көп". Түркияда кыз-келиндер кабылган кыйынчылыктар

Azattyk.org 

Соңку айларда маалымат каражаттары Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу утур-утур жазып жатат. Алардын көбү алданып калганын, психологиялык басым көргөнүн, ур-токмокко кабылган деген маалымат бар. Түркияда чет өлкөлүктөрдүн виза алышына байланышкан маселе бар. Экономикалык абалдан улам үйүнө акча сала албай жаткан мигранттар да бир топ. Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдары" коомунун жетекчиси Периза Асанаалиева бул өлкөдө иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин көйгөйүн "Азаттыкка" айтып берди. Читать дальше...

Чек ара: Кыргызстан "тажик жарандары милиция кызматкерине кол салганын" билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бара жаткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыккан. “Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкери барган. Читать дальше...

Данияда активисттер Ирак элчилигинин алдында Куран китебин өрттөштү

Azattyk.org 

Данияда эки демонстрант Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөштү. Окуя 24-июлда болгонун, экөө тең “Даниялык патриоттор” деген ашынган улутчул топтун мүчөлөрү экенин Reuters агенттиги жазды. Алар Ирак бийлигине кандайдыр бир талаптарды койгон-койбогону белгисиз. Бул -  "Даниялык патриоттордун" бир жума ичиндеги экинчи акциясы. Бейшемби күнү топтун өкүлдөрү элчиликтин имаратынын алдында Куранды өрттөп, Ирактын желегин тебелешкен. Анда Даниянын тышкы иштер министри... Читать дальше...

Израилдин парламенти сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзамды жактырды

Azattyk.org 

Израилдин парламенти - Кнессет өлкөдө жапырт нааразылык жараткан сот реформасына байланыштуу биринчи мыйзам долбоорун 24-июлда жактырды. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазды. Оппозициялык депутаттар акыркы добуш берүүгө бойкот жарыялашкан, бирок башкаруучу коалициянын 64 мүчөсүнүн добушу мыйзамды кабыл алууга жетиштүү болду. Мыйзам долбоору Жогорку Соттун өкмөт чыгарган чечимдерди жокко чыгаруу укугун чектейт. Коомчулукта бул документ бийликти кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт деп сындашууда. Читать дальше...

Ооганстанда нөшөрлүү жаандан кийин каза тапкандар 40ка жакындады

Azattyk.org 

"Талибан" бийлиги Ооганстанда акыркы үч күндө нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 38 адам каза болуп, 60ка жакыны жараат алганын билдирди. Талибдердин өкмөтүнүн өкүлү Шафиула Рахими "Азаттыктын" ооган кызматына кабарлагандай, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жана кеминде 900 үй зыян тартты. Курман болгондордун көбү Майдан Вардак провинциясында. "Талибан" бийлиги Кабул жана Гильмендде да сел коркунучу бар экенин эскертти. "Азаттыктын" ооган кызматы жергиликтүү тургундарга таянып, айрым кишилерди сел агызып кеткенин... Читать дальше...

Кутманованын уулу Стамбулдагы депортация борборунда экени маалым болду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кыргыз тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сынына жооп кайтарды. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу жакында Стамбулдан Кыргызстанга депортациялана турганы белгилүү болду.

Армения, Азербайжан, Орусиянын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушат

Azattyk.org 

Армения, Азербайжан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери 25-июлда Москвада өзүнчө жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жолугушат. Кремлдин маалыматына ылайык, Сергей Лавров, Арарат Мирзоян жана Жейхун Байрамов "Тоолуу Карабактын тегерегиндеги кырдаалды басаңдатуу жолдорун" жана үч тараптуу тынчтык келишимин ишке ашыруу кадамдарын талдашат. Июндун соңунда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшкөн. Читать дальше...



Twitter социалдык түйүнү логотибин X белгисине алмаштырды

Azattyk.org 

Twitter социалдык түйүнү көгүш чымчык элесиндеги логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрттү. Ребрендинг тууралуу мурдараак социалдык тармактын ээси Илон Маск: "Бизди уникалдуу кылган бардык кемчиликтерибизди чагылдыруу", - деп жазды жана X тамгасы өзүнө жагарын билдирди. Ребрендинг алкагында платформанын түсүн кара түскө өзгөртүү да пландалууда. Социалдык тармактын жаңы домени x.com деп аталат жана ал колдонуучуларды түз эле мурдагы профилине багыттайт. Көгүш чымчыктын элеси Twitter компаниясынын... Читать дальше...

Осмоналиев: Кыргызстан улуттук тилин көтөрүү аракетин көрүп жатат

Azattyk.org 

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам тууралуу комментарий берди. Ал 24-июлда “Азаттыкка” курган маегинде мыйзам орус тилин басмырлоо үчүн эмес, мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынганын айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жаңы күчүнө кирген бул мыйзамды “демократиялуу эмес кадам” деп баалаган. Каныбек Осмоналиев мындай негизсиз билдирүү таң калтырганын... Читать дальше...

Ош: үйгө деп акча берип, алданып калганын айткандар милиция бөлүмүнө чогулду

Azattyk.org 

Үй алам деп акчасын берип, ара жолдо калганын айткан 30дай киши 25-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бөлүмүнүн алдына чогулушту.  Алар "Бириккен Араб өкүлчүлүгү" деп аталган уюмга алданганын билдирип жатышат. Акчаны кайтарып берүү тууралуу милицияга арыз жазышканын "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. Нааразы болгондор былтыркы жылдан бери өздөрүн аталган уюмдун ишенимдүү өкүлдөрү катары тааныштырган үч кишиге акча беришкенин маалымдашты. Уюмдун өкүлдөрү колу жука, көп... Читать дальше...

Кыргызстанда энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы 24-июлда маалымат таратты. Анда чечим климаттык өзгөрүүлөр, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз топтолушу, энергияны керектөө ашыкча тездик менен көбөйгөнүнө байланыштуу энергетикалык кризистен өлкөнү чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү үчүн кабыл алынганы айтылат. Ага ылайык, Кыргызстандын энергетика тармагында 2023-жылдын 1-августунан... Читать дальше...

Казакстанда дизелдин кымбатташына каршы митинг өттү

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө шаарында Дыйкандар бирлигинин кеңсесинин алдына 30дай адам чогулуп, дизелдин кымбатташына нааразылык билдиришти. 24-июлдагы митингге катышкандар Айыл чарба жана Энергетика министрликтерине кат жолдоп, дизелди арзандатууну суранышты. Алардын айтымында, жазында 207 теңгеден (46 цент) сатылган дизель азыр 265 теңге (59 цент) болууда. Дыйкандар мындай баа алардын чөнтөгүнө оор келип, талаа жумуштарына кедергисин тийгизип жатканын белгилешти. Митингчилер менен жолуккан Актөбө... Читать дальше...

Президент Жапаров “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Депутаттардын сын-пикиринен кийин аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн. Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын билдирген. Читать дальше...

Вебкам иши: Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн узартып, 29-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады. Аталган райондук соттун 5-июндагы чечими менен Даниел Ажиев 29-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Атайын кызмат Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. Читать дальше...

Грекиянын Корфу аралынан 2500дөй киши эвакуацияланды

Azattyk.org 

Токойдогу өрттөн улам Грекия бийлиги Корфу аралынынан 2500дөй кишини коопсуз жакка көчүрдү. Бул тууралуу Өрткө каршы кызматы 24-июлда кабарлап, аталган аймакта жагдай олуттуу экенин билдирди. Бир күн мурун Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланган. Арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар. Өткөн аптадан бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат. Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атаган. Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБине Казакстандан көмүр ташылып келе баштады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык жылуулук борборуна (ЖЭБ) Казакстандын Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы ташылып келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады. "Жылытуу мезгилинде Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы, жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү. “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү тууралуу келишим түзүлгөн. Ага ылайык, калориясы 5500 ккал/кг кем эмес болушу керек. Читать дальше...

ИИМ Динара Кутманованын уулу эл аралык издөөдө болгонун билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кыргызстандан качан, кандай жол менен кеткени тууралуу маалымат берди. Ошондой эле 27-июндан бери эл аралык издөөдө болгонун кабарлады.  Милициянын маалыматына ылайык, Кемелбек Кутманов 29-майда Кыргызстандан Казакстанга барып, андан ары Алматы-Вьетнам каттамы менен учкан. Андан соң 13-июнда Вьетнамдан кайра Алматыга келип, кайра Москвага учуп кеткен. "Ал 14-июнунда Москва-Цюрих-Дубай каттамы менен учкан... Читать дальше...

Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга сегиз адам арыз берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн 24-июлга карата сегиз адам арыз берди. Алар: Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов жана Сулайман Мамаев. Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки дагы шайлоого катышкан. Ал Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу өткөн жекшембиде камалган жана сот аны эки айга камакта калтырган. Читать дальше...

Мамлекеттик циркке жаңы директор дайындалды

Azattyk.org 

Рыскул Боромбаев Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24-июлда кабарлады. Жаңы дайындалган директорду цирктин эмгек жамаатына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. 71 жаштагы Рыскул Боромбаев буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеп келген. Кыргызстандын улуттук маданият борборунун башкы директору... Читать дальше...

Ооганстанда жаандын кесепетинен 30дан ашык киши каза болду

Azattyk.org 

"Талибан" бийлиги Ооганстанда акыркы үч күндүк нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 31 адам каза болуп, 74 киши жараат алганын билдирди. Бул тууралуу 23-июлда маалымдаган "Талибан" курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүндүгүн, жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери жана кеминде 604 үй зыян тартканын белгиледи. Өкмөттүн өкүлү Шафиулла Рахими курман болгондордун көбү Майдан Вардак провинциясында экенин билдирип, Кабул жана Гилмендде да сел коркунучу бар экенин эскертти. "Азаттыктын" ооган кызматы жергиликтүү тургундарга таянып... Читать дальше...

Антарктиданын муз аянты болуп көрбөгөндөй азайды

Azattyk.org 

Антарктиданын муз аянты быйыл болуп көрбөгөндөй кыскарып, тарыхый эң аз чекке жетти. АКШнын Кар жана мөңгүлөр боюнча улуттук борборунун баяндамасында айтылгандай, учурда деңиз музунун аянты 12,7 миллион чарчы километрди түзөт. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,6 миллион чарчы километрге, жалпы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,6 миллион чарчы километрге аз. Докладда айтылгандай, рекорддук жылуулук климаттын өзгөрүшү жана Эль-Нино деп аталган кубулушка байланышкан. Ал Тынч океандагы экватордук суунун... Читать дальше...

Мэрия жарактан чыккан 300 эски автобусту сатты

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын” базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустарга орун даярдалып жатканын кабарлады. Ишканадагы 300 эски "Ясин" автобустары сатылды. Ошондой эле Исакеев көчөсүндөгү жеңил курулманы бузуу иштери жүрүп жатат. Ал бузулса, ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет. Автопарк таштандыдан тазалангандан кийин асфальт төшөлүп, тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станция курулуп жатат. Читать дальше...

Тажикстанда жарыктын өчүрүлүшүнө даттангандар көбөйдү

Azattyk.org 

Тажикстандын түндүгүндө жарык тез-тез өчүрүлүп жатканына даттангандар көбөйүүдө. "Озоди" радиосу жазгандай, электр энергиясына чектөө тууралуу расмий айтылган эмес. Айрыкча Согд облусунун тургундары жарык суткасына бир нече саатка өчүрүлүп жатканын айтып жатышат. Тажикстанда электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы көптөн бери чечилбей келе жатат. Адатта күз-кыш мезгилдеринде элет тургундары күн сайын бир нече саат бою жарыксыз калышат. Өткөн аптада чыгарылган расмий статистикада өлкөдө электр энергиясын... Читать дальше...

Төө-Ашууда тоннель 6-августка чейин күнүгө 10 сааттан жабылып турат

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннель 26-июлдан 6-августка чейин күнүгө 10 саат жабылып турарын билдирди. Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот. Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо ушул эле убактарда  жолдун 144 чакырымында (Суусамыр өрөөнү) токтотулат. "Кыркына чыдадыңыздар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *