Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Июль
2023

Новости за 08.07.2023

"16 жолу соттолгон". Күрөө менен бошогон "Казак" зордуктоого шек саналууда

Azattyk.org 

Ошто зордуктоого кабылган кыздын жакындары бул кылмышка "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун өкүлү деген Умар Маратовдун катышы бар экенин, бирок фактыга милиция көз жумуп жатканын айтып чыгышты. Оор кылмыштарга айыпталган Маратовдун бир ай мурда 1 миллион сом күрөө менен камактан бошоп чыкканы талкуу жараткан. Умар Маратов жана анын адвокаттары тараптан азырынча кандайдыр бир комментарий боло элек. Коопсуздугунан кооптонуп аты-жөнүн ачык чыгарууну каалабаган Кадамжай районунун тургуну... Читать дальше...

Нидерланд: миграция маселесинен улам башкаруучу коалиция ыдырады

Azattyk.org 

Нидерландда өкмөт миграциялык чектөө тууралуу макулдаша албагандан кийин тарады. Өлкөнүн премьер-министри Март Рютте отставкага кетерин жарыялады. Анын консервативдүү "Эркиндик жана демократия үчүн элдик партиясы" башпаанек берүү шарттарын катаалдаштырууга аракет кылып жаткан. "Христиан демократтар" партиясы мындан дагы катуу чараларды киргизүүнү сунуштаган. Башкаруучу коалициянын башка эки мүчөсү - "Демократтар 66" жана "Христиан биримдиги" болсо миграциялык саясатты катаалдаштырууга көнгөн эмес. Читать дальше...

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Айбек Артыбаевди Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кылып дайындады. Ал мындай жарлыкка 8-июлда кол койду. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан. Садыр Жапаров 9-11-июль күндөрү мамлекеттик сапар менен Монголияга барат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин билдиришинче, сапар монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусунун негизинде уюштурулуп жатат. Анын алкагында... Читать дальше...

Камчыбек Ташиев "матроним" жөнүндө жарандык пикирин билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "матроним" тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям",- деп жазды. Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын... Читать дальше...

Тажикстанда уурдалган банкир Исматуллоев киши колдуу болду

Azattyk.org 

Тажикстандын Башкы прокуратурасы банкир Шухрат Исматуллоевдин уурдалып өлтүрүлүшүнө байланыштуу беш адам кармалганын билдирди. Анда "Ориёнбанктын" жетекчисинин орун басары Исматуллоевди Дилшод Саидмуродов түзгөн кылмыштуу топ барымтага алганы айтылат. Тергөө материалдарына ылайык, 10 адамдан турган бул топ банкирди былтыр мартта эле уурдап кетүүнү пландаштырган. Кандайдыр бир себептер менен алардын максаты былтыр ишке ашкан эмес. Ал арада социалдык тармактарга "Рустам Ашуров Исматуллоевдин өлтүрүүгө... Читать дальше...

Өзбекстан Мирзиёевге чексиз бийлик бере турган шайлоо алдында

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-июлдагы президенттик шайлоодо үч талапкерди жеңүүгө камданып жатканда, жарышка катышууга иш жүзүндө укугу жок дагы бир саясий фигуранын окуясы өлкө режими реформага умтулганы чектелүү экенин көрсөтүп турат. Өзбекстанда 9-июлдагы президенттик шайлоодо ким жеңүүчү болоруна эч ким күмөн санабайт. Акыркы он жылдын ичинде президент Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы калкы жыш өлкөдө өзгөчөлөнүп, алгач реформа жүргүзөрүнө үмүт арттырган эле. Бирок көптөгөн талдоочулар айткандай... Читать дальше...

OPCW: дүйнөдө ачыкталган химиялык куралдын баары жок кылынды

Azattyk.org 

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюму (OPCW) дүйнөдөгү мындай куралдын ачык айтылган бардык запасы жок кылынганын билдирди. Ага ылайык, акыркы курал 7-июлда Кошмо Штаттарында зыянсыздандырылды. Уюмдун башкы директору Фернандо Ариас бул окуяны “химиялык куралды толугу менен жок кылуудагы негизги кадам” катары сыпаттады. Расмий маалыматка ылайык, 193 мамлекет кол койгон, 1997-жылы химиялык курал тууралуу конвенция күчүнө киргенден бери жалпысынан дүйнөдө 72 миң тонна химиялык курал жок кылынган. Читать дальше...

Чаткалда бир адам ок жеп ооруканага түштү, кылмышка шектүү кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, окуя 7-июлда 14.30дар чамасында болгон. Ага бир канча жолу ок чыгарган 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, жараат алган жана ок чыгарган адам дагы уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Бул маалыматты милиция азырынча ырастай элек. Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: келерки соттук отурум 20-июлга белгиленди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын келерки сот жараяны 20-июлга белгиленди. Буга ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болду. Бул тууралуу кармалгандардын адвокаттары кабарлады. Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылышкан. 7-июлда Адам укугу жана эркиндиги жаатында алектенген бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын ишин эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдардын... Читать дальше...

Арабаев университетинин бир корпусунун ордуна мектеп ачылат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-июлда Бишкектин 10-кичи районундагы Ишеналы Арабаев атындагы университеттин окуу корпустарын кыдырды. Анын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда максаттуу пайдаланылбай турган бир корпусунун ордуна мектеп ачууну тапшырды. “Садыр Жапаров имараттын абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат, анын бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбайт. Читать дальше...

Коопсуз миграция: алыста иштейм деп алданба

Azattyk.org 

Соңку мезгилде чет өлкөдө жумуш таап берем деген агенттиктердин, ага катар акчамды алдаттым деген жарандардын да саны өсүүдө. Миграцияга кетер алдында эмнелерге көңүл буруш керек? “Азаттык плюстан” көрүңүз.

"Матроним" маселесинин оош-кыйышы

Azattyk.org 

Кыргызстан жарандарга "матроним" алуу Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапкан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болду. "Эже-синдилер" программасынын бул чыгарылышында ушул темага кайрылабыз.

Садыр Жапаров циркти күтүүсүз текшерди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-июлда Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик циркти текшерди. Басма сөз кызматы анын бул жайга күтүүсүз барганын, имараттын абалы менен таанышып, жамаат менен жолукканын билдирди. Анда Жапаров цирк толугу менен оңдолорун айтты. “Буга чейин цирктин аянычтуу абалы тууралуу бир нече жолу маалымат тараган. Жапаров циркти оңдоо долбоору даярдалганын, акча бөлүнүп, жакында иш башталарын белгиледи. Мындан сырткары, мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон турат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *