Ош: "Эмаком" үйдү түрттүрүү тууралуу шаардык соттун чечимине даттанды
Ош шаарында "Эмаком" компаниясы өзү курган 12 кабат үйдү мажбурлап буздуруу тууралуу шаардык соттун чечиминен улам Ош облустук сотуна кайрылды. Шаардык сот бул компаниянын Маматсакова көчөсүндө 226-номурда жайгашкан көп кабаттуу үйүн түртүрүү тууралуу 31-майда чечим чыгарган. Бул маалыматты Ош облустук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы бышыктады. Анын айтымында, сотко Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бул үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин айтып... Читать дальше...