Германия Париждеги туристтерге кол салууну айыптады
Германия дем алышта Париждеги Эйфел мунарасынын жанында бычак жеп, каза тапкан немис туристинин өлүмүн айыптады. Өлкөнүн ички иштер министри Нэнси Фейзер: “Исламчылардын туристке кол салганы кабыл алынгыс кылмыш. Биз азыр курман болгон жарандын үй-бүлөсүнө, досторуна жана дагы жараат алгандарга көңүл буруп жатабыз”,- деп билдирди. 2-декабрдын кечинде Париждеги Эйфел мунарасынын жанында белгисиз адам туристтерге бычак шилтеп, бир киши каза болуп, экөө жараат алган. Полиция каза тапкан киши Германиянын жараны экенин маалымдаган. Читать дальше...