Газада согуш уланууда. Ал-Магази качкындар лагеринде ондогон жайкын тургун набыт болгону кабарланды. Кыргызстанда сасык тумоо жайылып, вирус жуккандардын саны 16 миңге жетип, тогуз бейтаптан коронавирус табылды. Баткенде жашы жете электерге нике кыйган молдолорго милиция териштирүү баштады.
Баткендин чек арага жакын Ак-Татыр айылынын тургундары Бактыгүл менен Апиза эл аралык уюмдун колдоосу менен ишкерлик баштап, айылда популярдуу ашпозчуларга айланган. Алардын колунан чыккан даамдуу тамак-аш ар бир жакшылыктагы дасторкондун берекесин арттырат.