Узап бараткан жылда саясатта тамаша, мемге айланган учурлар көп эле болду. Салтка айлангандай эле эл эсинде калган күлкүлүү учурларды Нурболот Азамат баяндайт.
2023-жылы да “Азаттык” үй-бүлөлүк зомбулук, анын кесепеттери жана курмандыктары тууралуу кеңири баяндап турду. Алдыда үрөй учурган учурларды эске салабыз.
“Азаттык” жыл ичиндеги коомчулукка кызык болгон бардык окуяларды жеринде, ыкчам, ар тараптан талдап чагылдырып берди. Карапайым элдин үнүн угуп, таттаал турмушка тушуккандардын арманын жеткирип, кайнаган турмуштан тартып, Кыргызстандагы саясий окуяларына сереп салып, экономиканы майдалап баяндап, спорт, маданияттагы ийгиликтерди жар салды.
Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май, курулуш материалдары жана башка товарларга баалар акыркы эки-үч жылдан бери көтөрүлүп жатат. Айлык-акы көтөрүлгөн менен ал бааларды кубалап жетпей жатканына даттангандар көп. Жаңы жылдагы базарлардагы маанай кандай?
2023-жыл Кыргызстанда нааразылык акциялары, аптаптуу жайда суу тартыштыгы, камоолор жана Айсулуунун жеңиши менен коштолду. "Азаттык" 2023-жылдагы Кыргызстандагы орчундуу окуялардын сүрөттөрүн топтоду.