Аба ырайы: тоолуу райондордо көчкү түшөт
![Аба ырайы: тоолуу райондордо көчкү түшөт](https://gdb.rferl.org/7F95BF69-D6BE-4E49-AA69-0E0DE061034D_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-24-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
23-апрелде жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° болот.