Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 05.01.2018

БШК: Бабановдон мандатын тапшыруу боюнча арыз келе элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата журт” фракциясынын мурдагы лидери, эл өкүлү Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыра элек. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди. “Республика-Ата журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов Жаңы жылдык майрам алдында билдирүү таратып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып, саясаттан кете турганын айткан. Ал партиялык ишмердиктен да кетип жатканын белгилеген. Читать дальше...

Бир жылда 238 кыргызстандык чет жерде каза болду

Azattyk.org 

2017-жыл ичинде чет мамлекеттерде иштеп жана жашап жүргөн 238 кыргызстандык каза болуп, сөөктөрү Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Билдирүүдө айтылгандай, мерт болгон мигранттардын 216сы же 91% Орусияга туура келет. 22си ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттерде көз жумгандар. Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми иш жүзүндө чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт. Читать дальше...

АКШ коопсуздук боюнча Пакистанга берилчү жардамын токтотот

Azattyk.org 

Исламабад оогандык талибдер жана «Хаккани түйүнү» аттуу исламчыл топторго каршы чечкиндүү аракет көрмөйүнчө Кошмо Штаттар Пакистанга коопсуздук боюнча берилчү жардамды токтотот.   Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт билдирди, бирок маселенин чоо-жайына токтолгон жок. Буга чейин Кошмо Штаттар Пакистанга курал-жабдык алыш үчүн бөлүнгөн 255 миллион долларды берүүнү дагы токтоткон.  АКШ менен Пакистандын мамилеси президент Трамп Исламабадды катуу сындаган соң курчуду. Трамп... Читать дальше...

Путин Орусия аркылуу ташылган украин товарларына чектөөнү узартты

Azattyk.org 

Президент Путин Орусиянын аймагы аркылуу Украинадан Кыргызстанга, Казакстанга товар ташууга тыюу салууну дагы жарым жылга узартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Крым редакциясы билдирди. 30-декабрда чыккан Путиндин буйругу Орусиянын укуктук маалымат сайтына жарыяланды. Ага ылайык, мындай чектөө ушул жылдын 30-июнуна чейин сакталат. Кремл Украинадан Орусия аркылуу товар ташууга 2016-жылдан тартып тыюу салган. Москва мындай чечимин Украина менен Орусиянын ортосунда эркин соода келишиминин токтотулушу менен түшүндүргөн. Читать дальше...

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы кырдаалды талкуулайт

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чукул чакырылган жума күнкү жыйынында Ирандагы кырдаал талкууланат. Жыйын АКШнын демилгеси менен чакырылган.  Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтондун сунушун «пайдасыз жана бүлүк салуучу» деп сыпаттап, Ирандагы окуялар ал өлкөнүн «ички иши» экенин билдирди. Буга чейин Ирандын бийлиги БУУнун баш катчысына жана Коопсуздук кеңешине "АКШ эл аралык укукту бузуп, башка өлкөнүн ишине кийлигишип жатканын" билдирип, Вашингтондун соңку аракетин айыптоону өтүнгөн. Читать дальше...

Новосибирскиде өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын тек-жайы аныкталды

Azattyk.org 

Орусиянын Искитим шаарында өрттөн каза болгон эки кыргызстандык жигиттин сөөгү экспертизадан кийин Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Новосибирктеги кыргыз диаспорасынын жетекчи орун басары Нуралы Акбаралы уулу “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, тилсиз жоодо каза болгон жигиттердин сөөгү соттук-медициналык кароодон өткөрүш үчүн Новосбирск шаарына жеткирилди. Баштапкы маалыматтарга караганда, алар өрттө ууланып калышкан. - Учурда тергөөчүлөр иш алып барууда. Орусияга жакында эле келип жаңыдан иштеп башташкан экен. Читать дальше...

"Идеал-Хаусту" иликтеген журналист Элнура Алканова суракка чакырылды

Azattyk.org 

"Фергана.ру" агенттигинин журналисти Элнура Алканова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка суракка чакырылды. Бул тууралуу Алканова өзү "Фейсбуктагы" барагына жазды. Ал ошондой эле бул мекеменин кызматкери берип кеткен чакыруунун да сүрөтүн жарыялап, сурак бүгүн, 5-январга белгиленгенин билдирди. Бирок Алканова учурда Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, суракка бара албай турганын билдирет. Былтыр күздө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына... Читать дальше...

Шаардык балдар тарткан "Айыл кэмп"

Azattyk.org 

Жаңы жылдын алгачкы аптасында Жеңишбек Майрамбек уулунун "Айыл кэмп" комедиясы жабык көрсөтүлдү. Кино күйөрмандары бул тасма күлкүлүү болгону үчүн гана эмес, улуттук баалуулуктарды өз маданиятын, эне тилин билбей өсүп жаткан бүгүнкү муундун эсине салганы менен өзгөчө экенин айтып жатышат. Кинокомедия негизинен шаардык таланттуу өспүрүм актерлердун катышуусунда тартылган.



Канатбек Исаев сот өкүмүнө каршы арызданат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин коррупция боюнча айыпталган депутаты Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Аны менен кошо дагы эки шериги он жылдан абакка кесилди. Сот аларды "Токмок шаарын жетектеп турушканда кызматынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барган" деп тапты. Бирок Исаев жана анын тарапкерлери бул өкүмдү “саясий буюртма” деп баалашууда.

Исаевдин адвокаты сот өкүмүнө каршы арызданат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин коррупция боюнча айыпталган депутаты Канатбек Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Аны менен кошо дагы эки шериги он жылдан абакка кесилди. Сот аларды "Токмок шаарын жетектеп турушканда кызматынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барган" деп тапты. Бирок Исаев жана анын тарапкерлери бул өкүмдү “саясий буюртма” деп баалашууда.

Нарындагы окуучулар эсин жоготкон мектеп текшерилди

Azattyk.org 

"Нарын районунун Туз айылында окуучулар башы ооруп, эсин жоготуп жыгылууда" деген маалыматка байланыштуу мектеп текшерилди. Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Алтын Ураимованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, мектептин санитардык абалы текшерилип, курулуш материалдары лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлдү. - Классттар полдун астынан жылытылат экен. Ошондуктан окутуу бөлмөлөрүндөгү линолеумду жана дубалдагы полиуретандан жасалган панелди лабораториялык изилдөөгө алып келишти. Читать дальше...

Тумандан улам "Ош" аэропортунда учуп-конуу токтотулду

Azattyk.org 

Калың тумандан улам бүгүн эртең менен саат тогуздан бери Ош эл аралык аэропорту учактарды учура албай жана кабыл ала албай жатат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирип, каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз экенин кабарлады. Маалыматка ылайык, уча албай турган жүргүнчүлөргө тийиштүү авиакомпаниялар эреже боюнча жардам көрсөтүп жатат. Кыйынчылыкка кабылган жүргүнчүлөр 03222 90 101 телефон номерине чалып аба каттамдары жөнүндө жана жагдай тууралуу сурап, билип турса болот. Читать дальше...

Президент жаңы жылга карата 70 балага планшет белек кылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймактарында жашаган 70 бала президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылга карата планшет белек алышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн билдиришти. Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандын бардык аймактарынан алты жаштан 14 жашка чейинки балдар мамлекет башчысына кат жазып, жаңы 2018-жылга карата белек суранышкан. Алардын арасында окуунун мыктылары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана турмушунда кыйналып жашаган кожолуктардын балдары болгон. Өлкө башчысы президенттин фондунан каражат бөлдүрүп... Читать дальше...

Бишкекте милиция кызматкерине кол салган жаран кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык милиция кызматкерине бычак сайган жаран камакка алынды. Бул тууралуу башкалаанын милиция бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.   Билдирүүдө айтылгандай, 4-январдан 5-январга караган түнү шаардагы кичирайондордун биринде белгисиз адамдар мас болуп алып, жашоочуларга тынчтык бербей жатканы тууралуу милицияга кабар келип түшкөн. Ал жерге барган участкалык милициянын майору көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө бир топ киши ичимдик ичип олтурганын көрүп, аларды тартипке чакырган. Читать дальше...

Раиса Атамбаевага профессор наамы ыйгарылды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 29-декабрда профессор наамын алды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Жогорку аттестациялык комиссиянын өкүлдөрү ырасташты. Маалыматка караганда, Атамбаева Орусиядагы Н.А. Семашко атындагы илим изилдөө институтунда “Өспүрүм кыздардын тукум улоочу саламаттыгын коргоо жана алардын калыптануусундагы медициналык-социалдык өңүттөр” деген темада доктордук диссертациясын жактаган. Бул иш Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жактырылган. Читать дальше...

Раиса Атамбаевага профессор окумуштуулук наамы ыйгарылды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева 29-декабрда профессор окумуштуулук наамын алды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Жогорку аттестациялык комиссиядан ырасташты. Маалыматка караганда, Атамбаева Орусиядагы Н.А. Семашко атындагы илим изилдөө институтунда “Өспүрүм кыздардын репродуктивдүү саламаттыгын коргоо жана алардын калыптануусундагы медико-социалдык аспектилери” деген темада доктордук диссертациясын жактаган. Бул Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан жактырылган. Читать дальше...

Ошто көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн кулап каза болгон жарандын өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.  Анын айтымында, аталган турак жайдын 11-кабатындагы балкондон 3-январь күнү эркек киши кулап түшүп, мерт болгон. Анын жашы 28де экени аныкталды. Ал өз өмүрүн кыюу максатында бийиктен секирген деп болжолдонуп жатат. Мас болуп кулап кетиши да мүмкүн деген божомолдор бар. 16 кабаттуу... Читать дальше...

Тажик имамдарын чарчаткан аттестация

Azattyk.org 

Тажикстанда ондогон имам-хатибдер мамлекеттик аттестациядан өтпөй калышты. Дин иштери боюнча комитет жүргүзгөн мындай сынактар аркылуу тажик бийлиги өлкөдөгү молдолордун ишмердүүлүгүн жана мечиттердин ишин көзөмөлдөп келет.

Сарпашев: Мага карата кылмыш иштеринин баары кыскарган

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринин баары кыскарганын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш иштери далилденбегенин айтууда. Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. 31-мартта Башкы прокуратура ага Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козгогон. Ал "2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо... Читать дальше...

Чоңдорго чапан жапканды токтотуу боюнча сунуш түштү

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилерге чапан жаап, калпак кийгизген адатты токтотууну сунуш кылды. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жумагулов бул тууралуу оюн Жаңы жыл алдында маданият мекемелеринин биринин жетекчилери куттуктап келип, кийит кийгизген учурда айткан. - Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Читать дальше...

Кажы-Сайда өрттөнгөн сыйынуу үйү

Azattyk.org 

Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасында 3-январда баптисттердин сыйынуучу жайы күйүп кетти. Жергиликтүү эл арасында өрттү "башка диний ишенимдерге жасалган сабырсыз мамиле" дегендер да, аны кокустук катары баалагандар да бар.

Соцтармактагы билдирүү кенемте төлөөгө себеп болобу?

Azattyk.org 

Кыргызстанда "жалган маалымат таратканы" үчүн моралдык кенемтенин баштапкы өлчөмү боюнча сунуш талкууга түштү. Жарандык кодекске сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү атуулдук коом өкүлдөрү сөз эркиндигин кысым катары баалап чыгышты. Моралдык кенемте талап кылуу мыйзамдарда буга чейин эле болгону менен анын баштапкы суммасы аныкталган эмес.

НАТО расмий гимндүү болду

Azattyk.org 

Түндүк атлантикалык альянстын сайтында кабарлангандай, жаңы жылдын 3-январында расмий гимн деген макам Люксембург аскер оркестринин дирижеру Андре Рейхлинг чыгарган обонго берилди. Чыгарма 1989-жылы, НАТОнун 40 жылдыгына арналып жазылган. Акыркы отуз жыл аралыгында бул музыка альянстын саммиттеринде жана башка жыйындарында ойнолуп келгени менен расмий гимн деген макамы жок болчу. НАТОнун гимнинин сөзү жок. Кыска обон жыйырма музыкалык аспапка ылайыкталып жазылган.

Түркмөнстанда бала бакчага барбаган балдар мектепке кабыл алынбайт

Azattyk.org 

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, кийинки жылдан тарта бала бакчага барбаган балдарды мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Билим берүү министрлигинин жаңы талабы жөнүндө түркмөн бийлиги менен мамлекеттик ЖМКлар маалымат бере элек. “Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, учурда баланы мектепке берүү үчүн жашаган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, медициналык маалымкат, сүрөт, ата-энесинин иштеген жеринен маалымкат жана ошондой эле үч муундагы туугандары тууралуу маалымат талап кылынат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *