Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 05.01.2018

АКШ диний эркиндикти бузгандардын тизмесине он өлкөнү киргизди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар диний эркиндиктин чектелишине байланыштуу Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондуруу жараткан” он өлкөнүн катарына кошту. АКШ Мамлекеттик департаменти жарыялаган маалыматка ылайык, бул тизмеге Иран, Кытай, Түндүк Корея, Мьянма, Эритрея, Судан жана Сауд Арабия киргизилген. Былтыркы тизмеде да ушул эле өлкөлөр болгон. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “диний эркиндик олуттуу бузулганы” үчүн Пакистан Вашингтонду өзгөчө тынчсыздандырып жатканы айтылат. Акыркы... Читать дальше...

Миңден ашуун адамга кыргыз жарандыгы берилди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-декабрда кол койгон алты жарлыкка ылайык, 1210 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилди, алардын ичинен 154ү балдар. Жарандык алгандардын көпчүлүгү Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келген кыргыздар. Президенттин дагы башка эки жардыгы менен Кыргызстандын жарандыгынан 629 киши чыгарылды. Алардын ичинен 152си жаш балдар. Бул тууралуу 4-январда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.(ZKo)

Иран Трамптын билдирүүсү үчүн АКШны соттоону БУУдан талап кылды

Azattyk.org 

Ирандын бийлиги АКШны эл аралык укуктарды бузду жана ички иштерге кийлигишти деп айыптоодо. "АКШнын президенти жана вице-президенти өздөрүнүн көптөгөн твиттеринде Ирандын жарандарын башаламандык акцияларына тукурушту" деп айтылат Улуттар уюмуна жолдонгон катта. Кеп Иранда бир жумадан ашуун убактан бери созулуп жаткан массалык нааразылыктарга америка бийлигинин мамилеси жөнүндө болууда.  АКШ президенти Доналд Трамп "Твиттерде" нааразылыкка чыккандарды колдоорун билдирип, "мезгили келгенде АКШ аларга жардам берерин" жазган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *