Камактагы үч саясатчы ачкачылыкка байланыштуу №47 абакка которулду
Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Дастан Сарыгуловдун соту болгон жок. Асанов, Карыбеков жана Кадыров ачкачылык кармагандыктан, ден соолугун көзөмөлдөш үчүн УКМКнын тергөө абагынан башкалаадагы №47 абакка которулду. Бул тууралуу камактагылардын адвокаты Нина Зотова "Азаттык" радиосуна билдирди. №47 абакта соттолгондордун ден соолугуна кам көргөн борборлоштурулган оорукана бар. Читать дальше...