Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 31.01.2018

Айыл башчынын талкуу жараткан сүрөттөрү

Azattyk.org 

Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы өз кабинетинде коомчулукта "Раим миллион" деген лакап ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен кошо арабча жазууларды илип алган сүрөтүн "Инстаграм" социалдык тармагына жарыялаган. Ал сүрөттөр коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Ал арада "Раим миллиондун" айылдашы жаштарды Раимбек Матраимовдой болууга үндөп чыкты.

Депутаттар ЖЭБ боюнча Исаковдон маалымат талап кылышты

Azattyk.org 

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал талкууланууда. Маселе сессиянын күн тартибине биринчи болуп киргизилди.  ЖЭБдеги кырдаал боюнча баяндама жасоо үчүн вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери келишти. Бирок бир катар депутаттар премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун келбегенине нааразы болушуп, аларды парламентке чакыртууну талап кылышты. Түзүлгөн кырдаалга орун басарлар эмес, түздөн-түз жетекчилер жооптуу экенин... Читать дальше...

Токтакунов: өлкөнүн бюджети ачык боло баштады

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте Эл аралык бюджеттик кызматташтык уюму Кыргызстандын бюджеттик ачык-айкындуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингдеги индексин жарыялайт. Уюмдун өнөктөшү, “Прецедент” уюмунун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, соңку учурда Кыргызстанда бул багытта абал оңолууда. Ал муну өлкөдө жарандык коомдун активдүү иштеп жатышы менен байланыштырды. - Биздин рейтинг аз-аздан өсүп жатат. Мисалы, бюджеттин ачыктыгы 100% болуш керек болсо, 2008-жылы 8% пайызды гана түзгөн. Анда республикалык бюджет тууралуу мыйзамы эки барак менен гана көрсөтүлүп жадыбал... Читать дальше...

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы АКШга барды

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин өзүнүн кесиптештери менен кеңешүү үчүн АКШга барды. Бул тууралуу 30-январда Орусиянын Вашингтондогу элчилиги "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал америкалык жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселеси талкууланганын элчи Анатолий Антонов орусиялык телеканалдардын биринде билдирген. Нарышкиндин АКШга сапары өткөн аптада болгон.

Иранда хижабга каршы чыккан аял камактан бошотулду

Azattyk.org 

Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган аял бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде "Фейсбукка" “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды. Тегерандын Энгелаб (Революция) көчөсүндө жоолуксуз турган аялдын (аты белгисиз) видеосу Интернетке тараган. Видеодо аял ак желегин булгалоо менен милдеттүү түрдө хиджаб кийүү талабына каршы чыккан. Насрин Сотуде прокуратурага барып, ал аял камактан чыкканын билди. 1979-жылдан тарта Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Читать дальше...

Иранда хижабга каршы чыккан кыз камактан бошотулду

Azattyk.org 

Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган кыз бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде "Фейсбукка" “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды. Тегерандын Энгелаб (Революция) көчөсүндө жоолуксуз турган кыздын (аты белгисиз) видеосу Интернетке тараган. Видеодо кыз ак желегин булгалоо менен милдеттүү түрдө хижаб кийүү талабына каршы чыккан. Насрин Сотуде прокуратурага барып, ал кыз камактан чыкканын билди. 1979-жылдан тартып Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Читать дальше...

Парламент Бишкек ЖЭБиндеги кырдаалды талкуулайт

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаал Парламенттин жалпы жыйынында талкууланат. Бул маселе күн тартибине биринчи болуп киргизилди. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, ЖЭБдеги кырдаал боюнча вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана аталган борбордо көчмө жыйын өткөргөн депутаттар маалымат беришет. -Бул жерде шалаакылык бар. Жаңы ЖЭБ кымбат болсо да салынып калганы жакшы болуптур. Читать дальше...

Камактагы оппозициячылардын соту болот

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров жана Дастан Сарыгуловдун ишин кароону улантат. Бул тууралуу “Саясий туткундарды коргоо” комитетинин мүчөсү, жарандык активист Зулфия Марат “Азаттык” радиосуна кабарлады. Бул күнү тараптардын жарыш сөзү уланат. 24-январда Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев айыптоочулардын адвокаттары сунуштаган күбөлөрдү суроодон баш тарткан жана УКМКнын... Читать дальше...

Майып балдар менен алардын ата-энелери окутулат

Azattyk.org 

Жарандык активисттер майып балдарга жана алардын ата-энелерине арналган долбоорду баштады. Мында балдар IT технологияны, компьютерде иштөөнү окуп үйрөнсө, энелер тигүү, ашпозчулукту окууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу долбоордун демилгечилеринин бири Айнагүл Абдрахманова “Азаттыкка” билдирди. - Майып балдар үйдө эле отурушат, мектепке деле толук барышпайт. Ата-энелер дагы балдарды карап отургандыктан иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан балдарга компьютерде иштегенди үйрөтүп, жакшы окугандарды IT академиясы менен сүйлөшүп... Читать дальше...

“Таза кандуулук” чакырыгы элди өргө тартпай, орго түртөт

Azattyk.org 

Кыргызстандагы айрым маалымат каражаттарында коомдогу өксүктөр үчүн сырткы душмандарды жана ички “арамза теги бузуктарды”, “калмактарды”, “сарттарды”, “жөөттөрдү” ж.б. айыптаган ойлор айтылып жүрөт. Мындай жосунсуз “эл бузар” ойлорду коомчулук кескин түрдө четке кагууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *