Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 31.05.2018

Тажик жаштарын бейпайга салган бел күчү

Azattyk.org 

Тажикстанда эркектин бел кубатын көтөрүүчү дарылар доктурдун рецеби менен гана сатылат. Дарыгерлердин пикиринде, антпесе, жаштар андай дарыларды ашыкча колдонуп, ден соолугуна зыяны тийген учурлар да болууда.

Мамашова: Эркектердин жоопкерсиздиги жалпы элдик мүшкүлгө айланды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда эркектердин жоопкерчиликсиздиги жалпы элдик мүшкүлгө айланды. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова бүгүн ушундай пикирин билдирди. Парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал жардам сурап кайрылган кыз милициянын имаратында ажал тапканын кескин айыптап, "эркектер бул маселени парламенттен айтып чыгууну да зарыл көрүшкөн жок" деди. Ушул аптада Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Читать дальше...

Мамашова: Эркектердин жоопкерсиздиги жалпы улуттук мүшкүлгө айланды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда эркектердин жоопкерчиликсиздиги жалпы улуттук мүшкүлгө айланды. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова бүгүн ушундай пикирин билдирди. Парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал жардам сурап кайрылган кыз милициянын имаратында ажал тапканын кескин айыптап, "эркектер бул маселени парламенттен айтып чыгууну да зарыл көрүшкөн жок" деди. Ушул аптада Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды. Читать дальше...

Энергетика комитети кыргыз-кытай газ кууру боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитети Алайга курула турган кытай газ кууру жөнүндө массалык маалымат каражаттарында тарап жаткан кабар боюнча түшүндүрмө берди. Билдирүүдө айтылгандай, “Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашуу 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган. Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар жана ал толугу менен чет элдик инвесторлор тарабынан курулат. Читать дальше...

Сагынбаев: Кол тийбестиктен ажыратуу маселесин эл чечкени туура (видео)

Azattyk.org 

Экс-президенттерден кол тийбестик макамын алуу боюнча чечимди эл кабыл алышы керек. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. "Бул маселени дагы кошумча карап чыгуу зарыл. Демилгени жалпы эл талкуулаганы туура. Чечимди 120 депутат же президент эле чечип койбошу керек. Балким, референдумда чечилиши зарыл", - деди ал. 17-майда парламент Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу маселени талкуулап жатканда... Читать дальше...

Кызматтык кылмыш ишти мыйзамсыз токтотту деген үч тергөөчүгө иш козголду

Azattyk.org 

Кыргызстанда негизсиз токтотулган жана жабылган кызматтык, экономикалык кылмыш иштер кайра карала баштады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Сагынбаевдин айтымында, 8-февралда президент Коопсуздук кеңешинде койгон талаптардын негизинде атайын жумуш тобу түзүлгөн. Ал топ токтотулган 2211 жана жабылган 485 ишти кайра карап чыкты. Натыйжада токтотулган 410 жана жабылган 41 ишти кайра кароо чечими кабыл алынды. Жабылган 1 жана токтотулган 21 иш кайра сотко жөнөтүлдү. Читать дальше...

"Кызматтык кылмыш ишин мыйзамсыз токтотту" деген үч тергөөчүгө иш козголду

Azattyk.org 

Кыргызстанда негизсиз токтотулган жана жабылган кызматтык, экономикалык кылмыш иштери кайра карала баштады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Сагынбаевдин айтымында, 8-февралда президент Коопсуздук кеңешинде койгон талаптардын негизинде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ токтотулган 2211 жана жабылган 485 ишти кайра карап чыкты. Натыйжада токтотулган 410 жана жабылган 41 ишти кайра кароо тууралуу чечим кабыл алынды. Жабылган... Читать дальше...

БУУ кыз ала качууга каршы билдирүү таратты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмышка байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. “Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13,8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну өкмөт менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык негизги... Читать дальше...



БУУ кыз ала качууга каршы билдирүү жасады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымат каражаттарында чагылдырылган ала качууга дуушар болгон кызды өлтүрүү боюнча кылмышка байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. “Акыркы ачык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда турмушка чыгууда 24 жашка жете элек кыздардын 13.8 пайызы мажбурлоонун кайсы бир түрүнө дуушар болгон. Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюму бул мыйзамсыз иш-аракеттерди түп-тамыры менен жок кылууну өкмөт менен 2022-жылга чейин коюлган келишимдерге ылайык приоритет катары колдоого бекем турат”... Читать дальше...

Кыргыз жолоочулар Алматы аэропортуна нааразы

Azattyk.org 

Кыргызстандык жарандар Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аэропортто ар кандай жүйө менен текшерүү күч алып, паспортторунун көчүрмөсү, дареги, телефондогу жеке маалыматтар, IMEI коддоруна чейин жазылып алынганына нааразы болуп жатышат.

Исмаилова: Ысык-Көлдө санитардык-эпидемиологиялык абал суроо жаратууда

Azattyk.org 

“Быйылкы Көчмөндөр оюндарынын жана туристтик сезондун алдында Ысык-Көлдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук суроо жаратууда” деп эсептейт Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилова. Мындай кооптонуусун ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирип, жергиликтүү текшерүүчү органдар көзөмөлдү тиешелүү деңгээлде камсыздай албай жатканын айтты. - Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин Чолпон-Ата шаары боюнча бөлүмү алдына коюлган милдеттерди аткара албай... Читать дальше...

Ысык-Көлдө жеке үйдөн ири курал-жарак алынды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан эл аралык антитеррористтик “Канал-Кордон” операциясынын алкагында ири курал-жарак табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Түп районунун О.К. аттуу 32 жаштагы тургунунун үйүнөн “Сайга” үлгүсүндөгү бир мылтык, түнкүсүн атууга ыңгайлаштырылып жасалган (НСПУ) бир мылтык, 16 калибрдеги эки мылтык, ар кайсы калибрдеги 107 даана ок, дагы эки ок салуучу жабдуу (магазин) алынды. Куралдардын ээсинде эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес. Читать дальше...

Ысык-Көлдө менчик үйдөн көп курал-жарак табылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан эл аралык антитеррористтик “Канал-Кордон” операциясынын алкагында көп курал-жарак табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Түп районунун О.К. аттуу 32 жаштагы тургунунун үйүнөн “Сайга” үлгүсүндөгү бир мылтык, түнкүсүн атууга ыңгайлаштырылып жасалган (НСПУ) бир мылтык, 16 калибрдеги эки мылтык, ар кайсы калибрдеги 107 даана ок, дагы эки ок салуучу жабдуу (магазин) алынды. Куралдардын ээсинде эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес. Читать дальше...

Базар-Коргондо жол эрежесин бузуу үчүн айып катары түшкөн акча кымырылган

Azattyk.org 

Базар-Коргон райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖККК) бөлүмүнүн жана “Кыргызпочтасы” ишканасынын райондук филиалынын айрым кызматкерлери акча каражаттарын ыйгарып алган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Тергөөдө такталгандай, эки мекеменин кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча административдик чараларды жасалма каттап, айып катары түшкөн акчаны кымырып алып турушкан. Читать дальше...

Орус-кыргыз фондун текшерүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтты. Депутат аталган фонддон насыя алуу бюрократияга айланганын белгилеп, кимге, эмне максатта канча каражат бөлүнгөнүн карап чыгуу керек экенин айтты. “Жөнөкөй бизнесмендин фонддун кеңсесине кирүүсү проблема” деди ал. Фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн... Читать дальше...

"Барктабастын аялы кетип калды"

Azattyk.org 

Асанбек Стамовдун “Көпкөн жигит” аттуу аңгемеси 1976-жылы жазылып, алгач “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган. Аңгемеде турмуштун капыс соккусуна кабылган жигиттин арман-күйүтү, айтпай-дебей келип алган мүшкүлдөн кантип кутулганы көрсөтүлгөн.

Ибраимов: "ТНК Дастандагы" иш боюнча жооп берүүгө даярмын

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул тууралуу 30-майда "Апрель" телеканалына түз ободо маек куруп жатып билдирди. Ал "ТНК Дастан" ишканасы жабык ишкана экенин, ошондуктан телеканал аркылуу көп маалыматтарды айтууга мүмкүн эместигин билдирди. Ибраимов бул ишти саясий негизде козголгон деп да айта албастыгын белгиледи: - Мен бул иштин артында саясат турат деп айта албайм. Анткени, азыр бардык жерде, мекемелерде текшерүү жүрүп жатат. Мен аны кубаттайм. Ал эми "Дастандагы" иш боюнча чындыкты тергөө аныктайт, ал эми акыркы чекитти сот коет. Читать дальше...

Өзбекстанда футбол калыстарына көрсөтүлгөн кысым иликтенүүдө

Azattyk.org 

Өзбекстандын футбол ассоциациясы жана Профессионалдык футбол лигасы 22-26-майда «Коканд-1912», «Бухара», «Кызылкум» командаларынын ортосундагы беттеш маалында болгон окуяларды иликтей баштады. Иликтөөгө “Азаттыктын” өзбек кызматынын “Мирзиёевдин кудасынын баласы футбол калыстарына кысым көрсөтүүгө айыпталууда” деген макаласы себеп болгон. Макалада президент Шавкат Мирзиёевдин кудасынын баласы Ойбек Умаров футбол боюнча өлкө Суперлигасынын акыркы эки турунда калыстар менен машыктыруучуларга кысым көрсөткөнү айтылган. Читать дальше...

Мамдепартамент: Тажикстанда диний абал өзгөчө тынчсыздандырууда

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти 29-майда дин тутуу эркиндигинин эл аралык абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Тажикстандагы абал "өзгөчө тынчсыздандырып" жатканы белгиленген. Кошмо Штаттар 2017-жылы тажик бийлиги 220дан ашуун кишини "Экстремизм" айыбы менен камаганын билдирди. Аларын көбү бул өлкөдө тыюу салынган “Салафия” жана “Ислам мамлекети” тобуна тиешеси бар деп табылган. ИМ көзөмөлдөгөн аймактардан мекенине өз эрки менен кайтып келген 13 киши мунапыс менен бошотулган. Баяндаманын... Читать дальше...

Мамдепартамент: Тажикстанда диний абал өзгөчө тынчсыздануу жаратууда

Azattyk.org 

АКШ Мамдепартаменти 29-майда дин тутуу эркиндигинин эл аралык абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Тажикстандагы абал "өзгөчө тынчсызданууну" жаратып жатканы белгиленген. Кошмо Штаттар 2017-жылы тажик бийлиги 220дан ашуун кишини экстремизм айыбы менен камаганын билдирди. Аларын көбү бул өлкөдө тыюу салынган “Салафия” жана “Ислам мамлекети” тобуна тиешеси бар деп табылган. ИМ көзөмөлдөгөн аймактардан мекенине өз эрки менен кайтып келген 13 киши мунапыс менен бошотулган. Баяндаманын авторлору Тажикстанда диний азчылык уюмдар... Читать дальше...

Кароосуз майып балдар үчүн майрам уюштурулат

Azattyk.org 

Балдарды коргоо күнүн утурлай Бишкектеги оюн-зоок борборлорунун биринде "Кубаныч тартуула!" аттуу майрамдык иш-чара болот. Аны "Хоуп Фоундейшн" коомдук бирикмеси уюштурууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аталган фонддун карамагында кароосуз калган элүү майып бала болгону менен, майрамдык иш-чарага он гана бала чакырылган. Муну уюштуруучулар каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрүшүүдө.  Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны отуз миңге чукул. Алардын ичинен оор абалда... Читать дальше...

Өкмөт башчы Бишкек ЖЭБиндеги оңдоо иштери менен таанышты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 30-майда Бишкек шаардык ЖЭБге барып, ишкананы кышкы жылуулук мезгилине даярдоо боюнча оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Абылгазиев ошондой эле ЖЭБдеги химиялык суу тазалоочу цехтин курулушу үчүн каралган тилке менен таанышты. Бул тилкедеги монтаждык иштер архитектуралык-пландаштыруу шарттарын алуу зарылдыгына байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чечими менен токтотулган эле. Ушундан улам өкмөт башчы химиялык... Читать дальше...

Парламент КТРКнын Байкоочу кеңешинин баяндамасын угат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, аткарылган иштер тууралуу депутаттарга маалымат берүү үчүн бүгүн КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков да келет. Буга чейин Байкоочу кеңеш Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде жылдык иши тууралуу маалымат берип, алардын колдоосун тапкан. Коомдук телеканалдын мазмундук контентине коомчулукта нааразылыктар арбын болуп келген. Мурдараак Байкоочу кеңештин бир мүчөсү Азамат Болгонбаев телеканалдын... Читать дальше...

Кочкор районунда соода-логистикалык борбор курулат

Azattyk.org 

Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча алты тараптуу кызматташуу меморандумуна 2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалыматка ылайык айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Казухико Кикучи... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *