Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 31.05.2018

Бишкек шаардык соту Канат Исаевдин ишин карайт

Azattyk.org 

31-майдагы сот жараянында акыркы сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүүдө. Бул тууралуу Канат Исаевдин жубайы Жамиля Исаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, акыркы соттук отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Анда айыпталуучу Канатбек Исаев өзүнө тагылып жаткан айыпты четке кагып, базар курулган жер мэриянын менчигинде экенин, ал жерге муниципалдык базар курулмак болгонун айткан. Анын сөзүнө караганда бул базардан мэрия пайда гана көрмөк. "Анткени базар салыш үчүн инвесторго жер берип,... Читать дальше...

Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берилет

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев коомчулукка маалымат берет.  Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "адилеттүүлүктү камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган. Кеңештин чечимдеринин алкагында бир катар күч кызматтарынын жетекчилери, соттор алмашып... Читать дальше...

Ошто өзбек жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 19-майда Өзбекстандын 36 жаштагы жаранын кармады. Анын жанынан эки өлкөнүн паспорту табылган. Текшерүү учурунда кыргыз паспорту ага 2011-жылы февраль айында Алай райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси К.А. тарабынан жеке кызыкчылык максатында мыйзамсыз берилгени аныкталган. А.К. 2011-жылы 17-февралда жалган маалыматтарды киргизүү менен өзбек жаранынын аты-жөнүн жана улутун өзгөртүп, аны Алай районунун тургуну деген маалымат менен Кыргызстандын улуттук паспортун берген. Читать дальше...

Германияда поезддеги кол салуудан эки адам жараат алды

Azattyk.org 

Германиянын Фленсбург шаарында белгисиз адам поезддин жүргүнчүлөрүнө бычак менен кол салып, эки кишини жарадар кылды. Жаракат алгандардын биринин абалы оор. Ал эми кол салган кишини полиция атып өлтүрдү деп жазды жергиликтүү Bild гезити. Шаардын поезд келип токтогон бекети жабылып, кыймыл токтотулду.  Кол салуунун себеби азырынча так эмес, тергөө жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, поезддеги бир жүргүнчүгө полиция кызматкерлери жакындап келгенде ал бычагын алып, полициячыларга кол салган. Германиянын... Читать дальше...

ИМ тобу Льеж шаарындагы терактты өзүнө алды

Azattyk.org 

Бул тууралуу исламчыл экстремисттердин интернеттеги кыймылына байкоо салган SITE ресурсу жазып чыкты.  29-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10-30да Льеж шаарынын борборундагы кафелердин биринин жанынан белгисиз киши бычак менен ошол жерде турган эки полиция кызматкерине кол салган. Ал полициячы айымдардын биринин куралын тартып алып, ошол жерден экөөн тең атып өлтүргөн. Дагы эки полициячы жаракат алган. Андан соң өтүп бараткан автоунаанын жүргүнчүсүнө да ок чыгарган. Бельгиянын атайын кызматтары... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *