Сербияда оппозициянын митингдери уланууда
Сербиянын бир нече шаарында жекшемби күнү жалпысынан 15 миңдей адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Күндүн суугуна карабастан көчөгө чыккан демонстранттар президент Александр Вучичтен журналисттерге жана оппозициялык лидерлерге кол салууларды токтотууну талап кылышты. Алар колуна “Вучич ууру”, “Конституцияны жана элди корго” деген жазууларды кармап чыгышты. Өткөн айда оппозициялык лидерлердин бири Борко Стефановичке кол салуу болгон. Оппозиция бул үчүн президентти күнөөлөп, анын партиясын жемкорлукка айыптоодо. Читать дальше...