Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 07.01.2019

Бишкекте 300дөй адам мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" митингди чагылдырып жүргөн кабарчысы билдирди.  Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен. Өткөн... Читать дальше...

Ош облустук милициясы чуулгандуу видео тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Буга чейин Интернетте милиция кызматкерлери өрт коркунучу бар жерде тамеки тарткан кишини кармаган видео тараган, бирок ал видео социалдык тармактарда "түкүргөндүгү үчүн кармалган аялдар" деген аталыш менен жайылып кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгы соцтармактарда тараган маалыматты төгүндөдү.  "Бул видеодогу жагдай Ош облусунун райондорунун биринин аймагында болгон. Анда соцтармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, видеодогу аялдын күйөөсү өрт коркунучу жаралуучу жерде тамеки чеккендиги үчүн эскертип... Читать дальше...

Иран аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелерин Атлантика океанына жиберүүнү пландап жатат

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын аскер-деңиз күчтөрүнүн командиринин орун басары Тураж Хасанаи Мугаддам өлкөнүн флоту ушул жылдын март айынан баштап Атлантика океанында миссиясын жүзөгө ашырууну пландап жатканын билдирди.

Интернетке бийлик имаратынын алдына келип түкүргөн жигиттин видеосу тарады

Azattyk.org 

Интернетке Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тарады. Видеодо 25-30 жаштагы белгисиз жигит Бишкектеги сөз болуп жаткан имараттын алдына келип, өзүнүн нааразылыгын айтып туруп, анын тосмосуна карай түкүргөнүн көрүүгө болот.  - Мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган мамлекет башында иштеп кеткендердин, колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына..., - деп туруп... Читать дальше...

Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жетти

Azattyk.org 

Орусиянын борбор калаасы Москванын мектептериндеги мигрант балдардын саны 60 миңге жетти. Класстын 16 пайызын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.  Мындай статистика Орусиянын Улуттук изилдөө университетинин Билим берүү институту жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Документти орусиялык "Комсомольская правда" басылмасы жарыялады. Орусиянын Билим берүү институтунун адиси Надежда Бысик көп учурда мигранттардын балдары начар мектептерди алдыга сүрөй турганын айтты: - Биз кырдаалды изилдей баштаганда... Читать дальше...

Умуралиева: Дарактар кыйылса митингге чыгабыз

Azattyk.org 

2019-жылга пландалган Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо ишинде дарактар кыйыла баштаса митингге чыгарын "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. - Жаз келгенде жолдорду реконструциялоонун экинчи фазасы башталат. Дагы 49 көчө оңдолот. Биз мэрияга кат жазып, биринчи фазадагы каталарды кетирбей, баарын эске алалы деп кайрылганбыз. Андан кийин тийиштүү адистер менен жолукканбызыда алар Жунусалиев көчөсүндөгү 310 дарак кыйыла турганын айткан. Эмне себептен кыйылат десе автоунаа токтотуучу жай жасайбыз дейт. Читать дальше...



Крестинин: Кытай күчтүү атаандаш, бирок утса болот

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кытайга каршы оюндун алдында акыркы даярдыктар тууралуу ой бөлүштү. Кыргызстандын футбол федерациясы маалымдагандай, Крестинин Кытайдын командасы күчтүү атаандаш экенин, ошол эле учурда Кыргызстандын да өз артыкчылыгы бар экенин белгилеген. Ал Кытай командасынын талаадагы тактикасы боюнча маалыматтар жетиштүү экенин кошумчалады. - Оюн эки командага тең оор болот. Бизде да, Кытай командасында да даярдыктар жакшы. Читать дальше...

Майкл Дуглас “Алтын глобусту” алды

Azattyk.org 

Майкл Дуглас 2019-жылдагы “Алтын глобус” сыйлыгына ээ болгон алгачкы актер болду. Ал “Телесериалда, комедияда жана мюзклдеги эң мыкты актер” номинациясын утуп алды. Дугласка бул сыйлык “Комински методу” (The Kominsky Method) сериалында баш каармандын ролун аткарганы үчүн берилди. Бул номинацияга Дугластан сырткары Жим Керри (“Тамашалайм” (Kidding) сериалындагы ролу үчүн), Саша Барон Коэн (“Америка ким?” (Who Is America?) сериалы) атаандаш болушкан. 74 жаштагы америкалык актер Майкл Дуглас ушуну... Читать дальше...

Пентагондун аппарат башчысы кызматтан кетти

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлигинин аппарат башчысы, контр-адмирал Кевин Суини Пентагондо эки жыл иштегенден кийин кызматтан кетти. Буга чейин АКШда коргоо министри Жим Мэттис иштен кете турганы белгилүү болгон. Өлкө президенти Дональд Трамптын жарыясына караганда, Мэттис Пентагондун башчылыгында февралдын аягына чейин гана турат. Ал эми Мэттис өзү Трампка жазган катында аны менен көз карашы шайкеш келбей калганын ачыкка чыгарган. АКШнын коргоо министринин кызматтан кетери президент Трамптын Сириядан... Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан Кытай менен ойнойт

Azattyk.org 

Азия кубогу-2019 футбол турниринде бүгүн 7-январда оюндар уланып, “С” тайпасында Кыргызстандын улуттук курама командасы алгачкы оюнун өткөрөт. “Ак шумкарлардын” атаандашы Кытай өлкөсүнүн футболчулары болмокчу. 1/8 финалдык бөлүккө чыгуу үчүн кыргыз футболчулары өз тайпасында көп упай топтошу зарыл. Ал үчүн жеңишке үч упай, тең ойносо бир упайга ээ болот. Ал эми жеңилген командага упай ыйгарылбайт. Кыргызстан – Кытай оюну Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат. Оюнду “КТРК-Спорт” каналы түз ободо көрсөтүүдө. Читать дальше...

Трамп “Ал-Каиданын” согушкери жок кылынганын ырастады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп 2000-жылы америкалык “Коул” кемесине кол салууга шектүүлөрдүн бири кармалганын ырастады. Ошондогу кол салуудан 17 америкалык суучул каза болгон. “Биздин эң мыкты аскерлерибиз “Коул” эсминецине кол салууда каза болгон жана жараат алган каармандардын атынын адилеттүүлүктү орнотту. Биз бул кол салууну уюштургандардын бири Жамал ал-Бадавини жок кылдык” деп жазды Трамп жекшемби күнү Твиттердеги баракчасына. Анда АКШнын “Ал-Каидага” каршы күрөшү улана турганы да белгиленген. Читать дальше...

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандыктын соту болот

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Швецияда теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан кыргызстандык Атабек Абдуллаев тууралуу маалыматтарды тактоону улантууда. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттык” радиосуна билдиришинче, шектүү Швецияга бир жыл мурда кеткен. Ага чейин Орусияда иштеп жүргөн. - Үй-бүлөсү менен байланыштык. Алар көп деле динге берилбегендер экен. Баласы жаштайынан достору менен мечитке барып, беш убак намаз окуган, катардагы мусулмандардай эле жүрчү экен. Читать дальше...

Адвокат: Текебаевдин абактан чыгуусун кечеңдетүү аракети көрүлүп жатат

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабайт. Бул тууралуу анын адвокаты Искен Афиджанов 6-январда Текебаев дарыланып жаткан ооруканада өзү менен жолугуп чыккандан кийин билдирди. Жактоочунун “Азаттыкка” айтымында, Текебаев өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ошол себептүү ал шейшемби күнү 8-январда ооруканадан кайра абакка кайра которулушу мүмкүн. - Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаева жана парламенттеги алты фракциянын лидерлери... Читать дальше...

Кыргызстандагы православдар Рождество майрамын белгилешүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандагы ортодокс христиандар (православдар) 7-январдагы Иса пайгамбардын туулган күнүндө Бишкектеги орус православ чиркөөсүнө келип, диний жөрөлгөлөрүн жасашат. Диний жөрөлгөлөр Ош, Каракол шаарларында да өтөт. Совет доорунан бери эле христианчылык Кыргызстанда исламдан кийинки орундагы негизги дин катары саналып келет. Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусия, Болгария, Сербиядагы жана дагы бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе,... Читать дальше...

Көчөдө түкүргөн кишини милиция кармаганы жөнүндө видео тарады

Azattyk.org 

Интернетте милиция кызматкерлери түкүргөн кишини кармаган видео тарады. Анда эки милиция кызматкери "түкүргөнү" айтылган кишини ары-бери сүйрөп жатканы тартылган. Жанындагы аялы айыптуу тоодо жүрүп жаңы эрежелер тууралуу билбей калганын айтып, кечирим сурап жатканын көрүүгө болот. Видео Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы белгисиз. Милиция азырынча маалымат бере элек. 1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодексте автоунааларды туура эмес токтоткондорго, тамекини тыюу салынган жерде тарткандарга... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *