Йемендеги ачкачылык коркунучу
БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукоктун билдиргенине караганда, Йеменде 10 миллиондой адам ачарчылык коркунучу алдында турат.
БУУнун башкы катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукоктун билдиргенине караганда, Йеменде 10 миллиондой адам ачарчылык коркунучу алдында турат.
Майк Помпео Жакынкы Чыгыштагы тогуз өлкө боюнча сапарынын алкагында бүгүн Каирге барды. Батыш маалымат агенттиктери жазгандай, анын иш сапары араб дүйнөсүндөгү өнөктөштөрдү АКШ бул аймактан кетип жатпаганына дагы ынандыруу максатын көздөйт. Майк Помпео бүгүн Каирде Египеттин президенти Абдел Фатах ал-Сиси, тышкы иштер министри Самех Шукри менен коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулоодо. Ал ошондой эле Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы кеңири милдеттери боюнча сөз сүйлөйт. ... Читать дальше...
Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев билдирди. Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү. 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Читать дальше...
Жол кырсыгынан улам кайтыш болгон милиция кызматкери боюнча факт терең иликтөөгө алына баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. 2019-жылдын 10-январында болжол менен саат 01:00 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт айлампа жолунан он алтынчы чакырымынан автоунаа адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу барган кезде белгисиз айдоочу автоунаа менен батыштан чыгышты көздөй баратып... Читать дальше...
Дипломатиялык маалымат булактарынын бири Иран Европа өлкөлөрүнүн белгилүү террордук топторго болгон колдоолорун эске алуу менен, коопсуздук тармагындагы Европа менен болгон кызматташтыгын кайра карап чыгарын билдирди.
Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке талапкерлер Жогорку Кеңештин комитетинде каралат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев кабарлады. Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга азыркы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер... Читать дальше...
Конго Демократиялык Республикасынын шайлоолор комиссиясы оппозициянын талапкери президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялады.
Ким Чен Ын бул тууралуу Кытайдын президенти Си Цзинпин менен Бээжиндеги жолугушуусунда билдиргенин бүгүн Түндүк Кореянын жана Кытайдын мамлекеттик медиасы кабарлады. Мындай маалымат Түндүк Кореянын лидери Кытайдагы эки күндүк сапарын аяктап Бээжинден Пхеньянга брондолгон поездинде кайтып баргандан кийин таратылды. Ким Чен Ын Кытайга акыркы он ай ичинде төртүнчү ирет келип кетти. Түндүк Корея менен Кытайдын медиа каражаттарынын маалыматтарына караганда, ал кытай лидери Си Цзинпин менен акыркы... Читать дальше...
Эки жылдан бери абакта отурган белгилүү азери блогери дагы жети жылга кесилиши мүмкүн.
Кыргызстан-социал демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарынын мурдагы башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча билдирүү таратты. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-мэрлерди коррупцияга байланыштуу айыптаган билдирүүлөрү Кыргызстандын Баш мыйзамынын принциптерин бузуу катары бааланат. Анын ичинде атайын кызмат өзгөчө Конституциянын “күнөөсүздүк презумпциясы” принцибине каршы иштеп жатканы белгиленет. Партиянын басма сөз кызматы тараткан... Читать дальше...
Нигериядагы БУУнун гуманитардык маселелери боюнча координатору Бокко харам террордук тобунун чабуулдарынан улам өлкөнүн Түндүк-чыгышынан 30 миң адам качып чыгышканын жарыялады.
Нарын аймагында кыш ызгаары күчүндө. Бирок Нарын шаарындагы мындан жыйырма жыл мурда ачылган тоо лыжа спорту боюнча мектептин окуучулары кыш мезгилинде натыйжалуу машыгууга аракеттенишүүдө. Спортко ынтызар өспүрүмдөр өз күчү менен лыжа тебүүгө жол даярдап, бир топ убаракерчилик тартышат.
Демократиялык партиянын Конгресстеги лидерлери менен президент Дональд Трамптын 9-январдагы сүйлөшүүлөрү баштала электе эле үзгүлтүккө учурады. Президент менен сүйлөшүүлөргө Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жана демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер келген. Пелоси президенттин Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоо боюнча суроосуна терс жооп бергенден кийин Трамп жыйын залынан чыгып кеткен. Кийин ал "Твиттердеги" баракчасында демократтар менен жолугушуусун “текке кеткан убакыт” деп мүнөздөдү. Читать дальше...
Даниянын тышкы иштер министри Андрес Самуэльсен 8-январда Twitter баракчасына ЕС Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизе турганын жазган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн журналисттерге Астанадан Улуттук коопсуздук комитетинин департамент башчысы Бактыбек Рахимбердиев билдирди. Анын айтымында, Сириядан Казакстанга жакында кайтарылган ондогон адамдын ичинен алты эркекке жана бир аялга кылмыш иши ачылган. Алар “террордук ишмердикке катышкан” деп шек саналууда. Казак бийлиги жарыялагандай, 6-ноябрга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сирияга Казакстандан 47 киши, анын ичинде 30 бала, 11 аял, алты эркек кайтарылган. Читать дальше...
Ооган согушуна катышкандыгы тууралуу жалган маалыматтын негизинде өлкөдөн жөлөкпул алып жүргөн 49 "ардагерге" 24 324 сом каражат коротулган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова кабарлады. Анын айтымында, ооган согушунун ардагери болгондугун аскер адамдары Орусиядан алынган атайын документтер менен тастыктайт. Учурда андай тастыктаманы Орусиядан алуу мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу "жалган" ардагерлерди аныктоо кыйын болуп жатат. - Азыркы мекеме... Читать дальше...
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, эки провинциядагы чабуулдардан дагы 19 полиция өкүлү жарадар болгон. Түндүктөгү Тахар провинциясында “Талибандын” согушкерлери полиция бекетине өткөн түнү чабуул койгондо кеминде сегиз полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, он төртү жарадар болгон. Ал эми Баглан провинциясында талибдер полиция бекетине 10-январдын кечинде кол салганда жети полиция кызматкери мерт болуп, бешөө жараланган. “Талибан” кыймылы бул кол салуулар үчүн азырынча расмий жоопкерчилик ала элек. Читать дальше...
Сириянын демократиялык күчтөрү Дейр-эз-Заур провинциясындагы Хажин аймагынан ИШИМ террордук уюмунун кеминде сегиз мүчөсүн колго түшүрүштү.
Бишкек шаарынын прокуратурасы айыппул катары өндүрүлгөн 731 миң 500 сомду өздөрүнө ыйгарып алган Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Тергөө учурунда такталгандай, аныкталган коррупциялык схема паспорт-виза эрежелерин бузган чет элдик жарандардын жазанасын кымырып алууга багытталган. Тиешелүү кызматкерлер жеке менчик фирма менен сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде эсепти жаап жүрүшкөн. Читать дальше...
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы 500гө жакын адамдын жаза мөөнөттөрүн жаңы мыйзамдарга ылайыкташтыруу процессин баштады. Мурда мерчемделгендей эми алардын дээрлик баарынын жазасы жеңилдетилип, көпчүлүгү боштондукка чыгышы мүмкүн.
Чаткалдагы айдоочунун өлүмү боюнча топтолгон материалдар райондук ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен өндүрүшкө алынды (кылмыш иши козголду). Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция буга чейин кабарлангандай окуя 10-январда түнкү саат 03:00дө Чаткал районунун Терек-Сай айылында катталганын ырастады. Бишкек шаарынын тургуну, 31 жаштагы Улан Койчиев шеригинин жанында жүк ташуучу автоунаада аны коштоп бараткан... Читать дальше...
Казакстандын күч түзүмдөрү “Жусан” деген атайын операциянын алкагында 5-6 январь күндөрү Сириядан ондогон казак жарандарын алып келишти. Алардын көбү аялдар жана балдар.
Орусиянын ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу “Око” системасына кирген "Космос-2430" деген жандоочу атмосферада күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) маалыматына таянуу менен кабарлады. NORADдын маалыматына ылайык, жандооч орбитадан чыгып, жараксыз болуп калды. Анын күйүп кеткен бөлүктөрү Тынч океандын үстүнө түшүшү мүмкүн экендиги айтылды. Жекшембикүнү, 6-январда “Radio New Zealand” өзүнүн сайтында Жаңы Зеландиянын... Читать дальше...
Дүйнөлүк банк глобалдык экономиканын быйылкы жылдагы өсүү ыргагы боюнча божомолун төмөндөттү.
Ал бул кызматта алты жыл иштеген.