Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 11.01.2019

World Press Photo 2018: Дүйнөнүн мыкты сүрөттөрү Бишкекте

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы Америка университетинде 10-январдан 24-январга чейин "World Press Photo" эл аралык фото көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган көргөзмө көп жылдардан бери фотожурналистиканын жана фотодокументалистиканын жогорку стандартта кармалып келишине көмөктөшөт.

Жээнбековдун штабынын “көмүскө кассасы” боюнча баштапкы тергөө аяктады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы “көмүскө касса” жөнүндө тергөөгө чейинки текшерүүсүн аяктады. Бул ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. “Текшерүү учурунда президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, облустук, райондук жана шаардык штаб башчыларынын жетекчилери, кызматкерлери суракка алынды. Талапкердин штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы Кыргызстандын сыртына өргүүгө чыгып кеткени үчүн кайтып келгенден кийин ИИМдин Тергөө кызматына чакырылат. Читать дальше...

Кыргызстанда кытайлыктардын ишканалары 400гө чукулдады

Azattyk.org 

Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагындагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берип жатып билдирди. - Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн,- деп билдирди Кубатбек Боронов. Анын айтымында, Кытай мындан сырткары... Читать дальше...

АКШ Венесуэла президентинин инаугурациясын тааныбайт

Azattyk.org 

АКШ Венесуэла президенти Николас Мадуронун президенттикке киришкенин тааныбайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Твиттердеги" баракчасына жазды. Мындан сырткары Вашингтон АКШ диктатор деп эсептеген президент Мадурого басымды күчөтөрү, оппозициялык депутаттар көпчүлүктү түзгөн Каракас парламентине колдоо көрсөтөрү белгиленген. 2018-жылдын декабрында Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро дагы алты жылга президент болуп шайланган. Жергиликтүү... Читать дальше...

Маршруттук транспорттун жол киреси жогорулашы мүмкүн

Azattyk.org 

Бишкектин тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаардык мэриянын басма сөз өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады.  - Биз азыркы учурда күйүүчү майдын жана транспорттун тетиктеринин баасы өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бирок маршруттук транспорттун жол акысын жогорлатуу жараянын толугу менен монополияга каршы комитеттин талаптарына ылайык, анализ жүргүзгөн соң гана көтөрө баштайбыз. Ал кеминде үч-төрт айга созулат, - деген Гуля Алмамбетова... Читать дальше...



Сот Зилалиевдин кылмыш ишин токтотуудан баш тартты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деп кабар таратканы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартты. Адвокат Чынара Жакупбекова Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясына ылайык, иштин мөөнөтү өткөнүн жана Зилалиевдин тамашасынан эч ким зыян тартпаганын белгилеп, биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, сот өндүрүшүн токтотууну суранган. Сот жактоочунун мындай жүйөсүн ынандырарлык эмес деп тапты. Читать дальше...

ШКУ саммитине даярдык тууралуу маалымат берилет

Azattyk.org 

Бүгүн 11-январда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Садыков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун ушул жылы жайында Бишкекте өтө турган кезектеги саммитине даярдык боюнча маалымат беришет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр Кытайда өткөн саммитте 2018-2019-жылдары Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. Циндао шаарында өткөн саммитте негизги болуп коопсуздук маселеси талкууланган. Читать дальше...

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар жана Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү куштардын түрү көбөйдү. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги "Нарын” мамлекеттик жаратылыш паркына жана “Чоң-Кемин” мамлекеттик коругуна коюлган фото капкандардын жыйынтыгына карап билдирди.  Учурда сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын көбөйүшүнө же азайышына байкоо салуу үчүн “Нарын” паркына дагы 16 фото капкан орнотулду. Парктын аянты 105 миң 519 гектарды түзөт. Анын 36 миң, 860,7 гектарын корук... Читать дальше...

Трамп “шатдаун” үчүн Давостогу форумга барбайт

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Давосто өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга баруудан баш тартты. Бул тууралуу Трамп Твиттердеги барагына жазды. Сапардан баш тартууга Конгресстеги демократиялык көпчүлүк менен Мексика чек арасында дубал тургузууга байланыштуу пикир келишпестиктер себеп болгон. "Чек ара коопсуздугу боюнча өтө маанилүү маселеде демократтар менен позициябыз дал келбей калгандыктан Давосто өтө турган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга барбайм” деп жазды Трамп. Ал форумду уюштуруучулардан кечирим сурады. Читать дальше...

Азия кубогу: Кыргызстан Түштүк Корея менен ойнойт

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея өлкөсү менен ойнойт. Оюн “С” тобунда, экинчи айлампанын алкагында жүрөт. Кыргызстан буга чейин биринчи айлампада Кытай командасына утулуп калгандыгына байланыштуу азырынча упайы жок. Ал эми Корея биринчи турда Филиппин командасын утуп, үч упайга ээ болгон. Андыктан тайпадан жетиштүү балл топтош үчүн кыргыз футболчулары күчтүү атаандаш экендигине карабай Кореяны утушу керек. Эгерде Кыргызстан бүгүн утулуп калса... Читать дальше...

Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

Azattyk.org 

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аны Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын "Инстаграмдагы" расмий аккаунту жүргүзүүдө. Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат ушул жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет. Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат, түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *